Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. Жүрөгү жок, кайратсыз, тартынчаак, коркунчаак. Жолдош болбо коркокко, Жүк артпагын торпокко, Иш кылдырба чоркокко (Токтогул). Көз коркок, кол баатыр (макал).
¨ Коркок билиш — кандайдыр бир айбымды чыгарып коёбу деп чочулаган абал. Кымыз ташыгандай менин сага кандай коркок билиш жайым бар (Байтемиров).