КОРКОК БИЛИШ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Кандайдыр бир айыбын, кылмышын ачып коёбу, ал билинип калабы деп кимдир бирөөдөн чочулаган, батына албай тайсалдаган, ага көз каранды болгон абалга карата. Кейпи коркок-билиш болуп калган жери болууга тийиш («Ала-Тоо»). Кымыз ташыгандай менин сага кандай коркок билиш жайым бар эле? (Байтемиров). Бакир атама коркок билиш болуп жүрдү (Осмоналиев) .