ага I 1. старший брат; бир тууган агасы его (родной) старший брат; ага-ини 1) братья (старший и младший); 2) (в произношении агайын, агайин, агайны) друг, приятель; ага-инилүү бир туугандар южн. родные братья - старший и младший; агайындар (часто как обращение) друзья; люди, состоящие в близких отношениях; агайын-тууган родственники; 2. дядя (по мужской линии, если он старше племянника); 3. старший родственник (по мужской линии); журт агасы ист. старший (по положению) в племени, роде или более мелком коллективе. ага II см.ал II.
зат. Өзүнөн улуу эркек бир тууган; тууган-туушкан адамдардын жаш жагынан улуусу. Өз агасын агалай албаган, киши агасын сагалайт (макал). Татыбек агаңан кат барбы? (Бейтемиров).
♦ Төрагак.төр.Эшикагак.эшик.Кайынагак.кайнага.
ал деген жактама ат атоочтун барыш жөндөмөдөгү формасы. Менин ага эч кандай тиешем жок. Сен ага жолуктуңбу? – Ага айткан кайран сөзүм, – деп кобурады да, сын таккан түрү менен кала берди (Кыдырмышев).
зат.1. Өзүнөн улуу эркек бир тууганы, тууган-туушкандарынын жаш жагынан улуусу, ага. Бакас менин бир тууган агайым. Агайым армияда кызмат кылат. 2. Өзүнөн улуу эркекке кайрылганда урматтоо иретинде айтылуучу сөз. — Кечиресиз, агай [деди Гүлайым] (Бейшеналиев).
3. сүйл. Окуучулар тарабынан мугалимдерине карата колдонулуучу сөз. — Агай, мен айтайынбы? — деп үнү жоон кара бала.. колун көтөрдү (Сыдыкбеков).
1. ага I менен бирдей. Сабыр агай... ортоңку бөлмөгө чыгып барды (Сыдыкбеков). Асанбек – менин бир тууган агайым. Агайым армияда. 2. Өзүнөн улуу эркек кишиге урматтап кайрылуунун формасы. – Кечиресиз, агай, – деди Гүлайым (Бейшеналиев). – Агай! – деп калды Гүлнар (Сыдыкбеков). 3. сүйл. Окуучулар мугалимине кайрылганда колдонулат. – Агай! – деп колун көтөрдү бала, – мен айтайынбы? («Ала-Тоо»).
зат.1. Тууган-туушкан, туугандыгы жагынан жакын адам. Агайын жардам кылбаса, Алыскы Кетмен-Төбөгө Алым жок эле барууга (Токтогул).
2. Ага-инилер, туугандар деген мааниде колдонулуучу сөз. — Кадырлуу агайындар ! — профессор кыргыз тилинде таптак айтты (Сыдыкбеков).
1. Эркек бир туугандар, эки бир тууган. Баатыр Сыргак кайран эр, Адамдан артык чамасы, Манас экөө бир ата, Агайындын баласы («Манас»). Эки агайын балдары болобуз. 2. Туушкан, туугандык жакындыгы бар адам. Агайынды жамандап, Тууганды кайдан табасың? (Токтогул). 3. Жалпы эл-журт, көпчүлүк. Баланчанын уулу деп, Агайынга даңк болот (Осмонкул). – Митинге жабык, агайындар! – деди Шамбет көпчүлүккө (Сыдыкбеков).
Ага жана ини деген сөздөр биригип, бир сөзгө айланганда, ини сөзүнүн агындагы и тыбышы түшүп, алдына й тыбышы кошулган. Ошентип, ал бир сөзгө айланып, жалпылап көрсөткөн маани берип калган.
Туугандык, бири-бирин жакын көргөндүк, агайындарча мамиледе болгондук. Мен агайындыктан да, ынтымактан да эрте чыккан киши болчумун (Элебаев). Агайындык кылып, жакшылыгын аяган жок («Ала-Тоо»).
агала I см.ала 1. агала- II почтительно называть ага (см.ага I); оказывать почёт, уважение (мужчине); Семетей канчалык агаласа да, Шыгай элдикке келбеди фольк. сколько ни оказывал почёта Семетей, Шыгай не пошёл на примирение; өз агасын агалай албаган киши агасын сагалайт погов. кто не уважает своего старшего брата, тот умильно смотрит на чужого брата.
Өзүнөн улуу эркек бир тууганын же жакын тууганын ага катарында кадырлоо, сыйлоо, урмат көрсөтө билүү. Өз агасын агалай албаган бирөөнүн босогосун сагалайт (макал).
АГАЛДАЙ — эпизоддук кейипкер. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Үсөндүн (Көзкаман) балдарынын бири. Ички чыккынчы душман катары сүрөттөлөт. А. табиятынан коркок, бирок айла-амалдуу. Өзүнүн бир туугандары менен бирдикте аталаш агасы Манасты ууландырып өлтүрүп дүнүйөсүн бөлүп алып баюуну, анын аялдарынын бирин алууну көздөйт. Ички душман катарында элдик баатырларга карама-каршы коюлган А-дын образы эпосто ачык элестүү, терс тип катарында иштелип чыккан.
положение старшего брата, старшего родственника или свойственные им качества; агалыгың сыйлаган каргадай жетим иниңиз фольк. я твой братец-сирота, оказывающий почёт тебе, старшему брату; төр агалык см.төр 1.
зат. Улуулук; өзүнөн улуу агасына таандык касиет. Көсөл, сага бир агалык кеңешимди айтайын (Каимов). Агалык кылып жол баштап, Айттың азыр кебиңди («Эр Табылды»).
(Adamidae) агамалар; кескелдириктин бир тукуму, буларга кыйла уруу жана түрлөр кирет: агама гималайская (Agama nimalayana) — Гималай агамасы; а. гиссарская — ызар агамасы; а. древесная (A. atricollis) — дарак агамасы, а. живородящая (Cophotis ceylanica) — тирүү туучу агама; а. индонезийская (Aphaniotis acutirostris) — Индонезия агамасы, ичке тумшук агама; а. кавказкая (Agama caucasica) — Казказ агамасы; а. каменная (A.planiceps) — таштак агамасы, корум агамасы; а. колонистов (A. agania) — Африка агамасы; а. Павловского (A. pawlowskii) — Павловский агамасы; а. рогатая (Ceratophara stoddartii) — мүйүздүү агама; а. руинная (A.ruderata) — журтчу агама; агама скрытоухая (Otocryptis wiegmanni) — жашыруун кулак агама; а. степная — к. а. ферганская; а. туркестанская (A. lehmanni) — Туркестан агамасы; а. ферганская (A. sanguinolenta) — Фергана агамасы; а. хорасанская (А. erythrogaster) — Хорасан агамасы, кызыл боор агама; а. цейлонская (Lyriocephalus scutatus) — Цейлон агамасы; а. шишконосная (Caratophora tennentii) — чор тумшук агама; а. собственно (Agama) — накта агамалар, чыныгы агамалар (уруу).
агар I агар алтын, ак күмүш или агар алтын ак дилде фольк. ценности (напр. золото, серебро). агар- II белеть; блестеть; агарып көгөр- процветать; благоденствовать; бала-чака менен агарып көгөр желаю благоденствия тебе и твоему семейству; таң агарып аткан жок рассвет ещё не забрезжил; таң агарып келатат наступает рассвет, светает.
этиш.1. Ак түскө айлануу, ак болуу, ак кирүү. Бир түп өрүк бүрсүз тегиз агарган (Калык). Сакал, чачы агарып кеткени болбосо, бою сындуу, бети нурдуу (Сыдыкбеков).
2. Жарык болуу. Таң агарып сөгүлдү («Эр Табылды»).
1. Ак болуу, ак түскө айлануу, бара-бара ак өңгө өтүү. Түн ичинде тумак күндүз да бул барактын ичинен агарган нерсени көрбөйсүң (Сасыкбаев). Буу баскан кичинекей айнек булаңгыр тартып, агарып турат (Касымбеков). 2. Жарык болуу, жарык түшүү. Таң агарып, жерге жарык түшүп калган эле (Абдукаримов). 3. Билимдүү, маданияттуу бол. Агарып-көгөрүп – окуп билим алып, киши болуп.
1. агар этишинин аркылуу мамилеси. Кара чачын агартты, Таптаган сенин күйүтүң (Токтогул). 2. Эл арасында илим-билим таратуу, билим берип окутуу. Калк агарткан чагыбыз (Токтогул).
1. Ак түскө айландыруу, актоо, ак кылуу. Аялдар үй агартуу, көрпө-төшөктөрүн какшытуу аракетине өтүштү (Убукеев). 2. Окутуу, билим берүү. Эл агартуу иштери.
1. Эл арасында мектеп ачып, балдарды окууга тартып, билим таратуучу адам, окутуучу, мугалим. Ишеналы Арабаев – кыргыздын алгачкы агартуучуларынын бири. 2. тар. Батыш Европанын 17–18-кылымдардагы прогрессивдүү идеологиясынын өкүлү. Француз агартуучулары. 18–19-кылымдардагы орустар менен славяндардын коомдук алдыңкы ойчулдарынын өкүлү. Орус агартуучулары.
Батыш Европанын 17–18-кылымдардагы прогрессивдүү буржуазиясынын идеялык кыймылы. 18–19-кылымдардагы орустар менен, славяндардын коомдук алдыңкы ойчулдарынын идеялык кыймылы.
взаимн. отагар- II простить друг другу и забыть неприятное прошлое; агарышып достошкондон кийин биротоло ажырашкыс бололу раз уж мы простили друг другу и подружились, будем же неразлучны.
Таарынычты жазышып, өткөн-кеткенди кечиришүү, оюна жаман алышпагандай болуп жарашуу. Көпкө чейин саламга келишпей жүргөн эки дос эми агарышып, өткөн-кеткенди кечиришип, мурдагыдай жакшы мамиледе бололу дешти («Ала-Тоо»).
Агасына же өзүнөн улуу эркек кишиге ызааттап кайрылуу формасы. «Агатай, сүйгөнүңүз барбы?» деген, Кат алган нечен жолу далай кыздан (Үмөталиев). Агатай, асыл киши элеңиз го.
Бири-бирине туугандык байланышы бар адамдар, тууган-туушкандар. Аман-эсен калыңар, Ага-тууган баарыңар (Тоголок Молдо). Ага-тууган кайрылса, Ал-абалы мол бекен (Токтогул).
(в эпосе) белолицая красавица (о молодухе); агача келин, сулуу кыз - баарысы катар мелтиреген фольк. белолицые молодки, красивые девицы - все под стать одна другой блещут красотой.
Байбиче, улгайган сөөлөттүү зайып. Агача, келин, сулуу кыз Зайыптан чыгат турбайбы (Эл ырлары). Агача, келин, сулуу кыз Баарысы катар мелтейген («Манас»).