Киргизско-русский словарь Юдахина
агар I
агар алтын, ак күмүш или агар алтын ак дилде фольк. ценности (напр. золото, серебро).
агар- II
белеть; блестеть;
агарып көгөр- процветать; благоденствовать;
бала-чака менен агарып көгөр желаю благоденствия тебе и твоему семейству;
таң агарып аткан жок рассвет ещё не забрезжил;
таң агарып келатат наступает рассвет, светает.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Ак түскө айлануу, ак болуу, ак кирүү. Бир түп өрүк бүрсүз тегиз агарган (Калык). Сакал, чачы агарып кеткени болбосо, бою сындуу, бети нурдуу (Сыдыкбеков).
2. Жарык болуу. Таң агарып сөгүлдү («Эр Табылды»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ак болуу, ак түскө айлануу, бара-бара ак өңгө өтүү. Түн ичинде тумак күндүз да бул барактын ичинен агарган нерсени көрбөйсүң (Сасыкбаев). Буу баскан кичинекей айнек булаңгыр тартып, агарып турат (Касымбеков). 2. Жарык болуу, жарык түшүү. Таң агарып, жерге жарык түшүп калган эле (Абдукаримов). 3. Билимдүү, маданияттуу бол. Агарып-көгөрүп – окуп билим алып, киши болуп.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Эл арасында мектеп ачып, балдарды окууга тартып, билим таратуучу адам, окутуучу, мугалим. Ишеналы Арабаев – кыргыздын алгачкы агартуучуларынын бири. 2. тар. Батыш Европанын 17–18-кылымдардагы прогрессивдүү идеологиясынын өкүлү. Француз агартуучулары. 18–19-кылымдардагы орустар менен славяндардын коомдук алдыңкы ойчулдарынын өкүлү. Орус агартуучулары.

Киргизско-русский словарь Юдахина
взаимн. от агар- II
простить друг другу и забыть неприятное прошлое;
агарышып достошкондон кийин биротоло ажырашкыс бололу раз уж мы простили друг другу и подружились, будем же неразлучны.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Таарынычты жазышып, өткөн-кеткенди кечиришүү, оюна жаман алышпагандай болуп жарашуу. Көпкө чейин саламга келишпей жүргөн эки дос эми агарышып, өткөн-кеткенди кечиришип, мурдагыдай жакшы мамиледе бололу дешти («Ала-Тоо»).