и. д. от агарт-
1. беление, побелка;
2. просвещение;
эл агартуу народное просвещение, народное образование.
зат. Билим берүү, окутуу иштери. Агартуу системасы. Эл агартуу бөлүмү.
1. Ак түскө айландыруу, актоо, ак кылуу. Аялдар үй агартуу, көрпө-төшөктөрүн какшытуу аракетине өтүштү (Убукеев). 2. Окутуу, билим берүү. Эл агартуу иштери.
агарт этишинин кыймыл атоочу.
1. Эл арасында мектеп ачып, балдарды окууга тартып, билим таратуучу адам, окутуучу, мугалим. Ишеналы Арабаев – кыргыздын алгачкы агартуучуларынын бири. 2. тар. Батыш Европанын 17–18-кылымдардагы прогрессивдүү идеологиясынын өкүлү. Француз агартуучулары. 18–19-кылымдардагы орустар менен славяндардын коомдук алдыңкы ойчулдарынын өкүлү. Орус агартуучулары.
агартуучулук, агартуучулукка
Батыш Европанын 17–18-кылымдардагы прогрессивдүү буржуазиясынын идеялык кыймылы. 18–19-кылымдардагы орустар менен, славяндардын коомдук алдыңкы ойчулдарынын идеялык кыймылы.