агат Русско-кыргызский словарь Юдахина м. мин.агат (кат-ка т болгон катуу минерал - кварцтын бир түрү).
АГАТ I Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Катмарлары ар кандай түстө болгон, кооздук үчүн же майда буюмдарды жасоо үчүн колдонула турган катуу минералдык зат.
АГАТ II Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Пахта, тамеки ж.б. өсүмдүктөрдү тигүү үчүн тартылган арык, жөөк. Терилген пахтаны кырманга төгүп коюп, кайра агаттарга бет алды (Эшмамбетов).
АГАТАЙ Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Агасына же өзүнөн улуу эркек кишиге ызааттап кайрылуу формасы. «Агатай, сүйгөнүңүз барбы?» деген, Кат алган нечен жолу далай кыздан (Үмөталиев). Агатай, асыл киши элеңиз го.
АГАТАЙЛА Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Ызаат менен «агатай» деп кайрылып, илбериңки мамиле кылуу (агасына же өзүнөн улуу эркек кишиге карата).