АГАТАЙ Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Агасына же өзүнөн улуу эркек кишиге ызааттап кайрылуу формасы. «Агатай, сүйгөнүңүз барбы?» деген, Кат алган нечен жолу далай кыздан (Үмөталиев). Агатай, асыл киши элеңиз го.
АГАТАЙЛА Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Ызаат менен «агатай» деп кайрылып, илбериңки мамиле кылуу (агасына же өзүнөн улуу эркек кишиге карата).