зат. 1. Тууган-туушкан, туугандыгы жагынан жакын адам. Агайын жардам кылбаса, Алыскы Кетмен-Төбөгө Алым жок эле барууга (Токтогул).
2. Ага-инилер, туугандар деген мааниде колдонулуучу сөз. — Кадырлуу агайындар ! — профессор кыргыз тилинде таптак айтты (Сыдыкбеков).
агайын (агайин эмес)
агайын-тууган
1. Эркек бир туугандар, эки бир тууган. Баатыр Сыргак кайран эр, Адамдан артык чамасы, Манас экөө бир ата, Агайындын баласы («Манас»). Эки агайын балдары болобуз. 2. Туушкан, туугандык жакындыгы бар адам. Агайынды жамандап, Тууганды кайдан табасың? (Токтогул). 3. Жалпы эл-журт, көпчүлүк. Баланчанын уулу деп, Агайынга даңк болот (Осмонкул). – Митинге жабык, агайындар! – деди Шамбет көпчүлүккө (Сыдыкбеков).
Ага жана ини деген сөздөр биригип, бир сөзгө айланганда, ини сөзүнүн агындагы и тыбышы түшүп, алдына й тыбышы кошулган. Ошентип, ал бир сөзгө айланып, жалпылап көрсөткөн маани берип калган.
имеющий друзей, приятелей.
сын. Тууган-туушкандуу, тууган-туушканы көп.
Туугандуу, тууган-туушкандары, агайындары көп.
агайындуулук, агайындуулукка
приятельские отношения; дружеские чувства;
агайындык кыл- поступить по-приятельски, поступить по-дружески.
зат. Туугандык, жакындык. Агайындык кыл.
агайындык, агайындыгы, агайындыкка
Туугандык, бири-бирин жакын көргөндүк, агайындарча мамиледе болгондук. Мен агайындыктан да, ынтымактан да эрте чыккан киши болчумун (Элебаев). Агайындык кылып, жакшылыгын аяган жок («Ала-Тоо»).
любящий общество приятелей, друзей.
сын. Тууганчыл, агайын-тууганга көп тартуучу.
Тууганчыл, жакынчыл. Биздин коңшу агайынчыл адам.
зат. Тууганчылык, жакындык.
агайынчылык (агайынчылдык эмес), ага¬йынчылыгы, ага¬йынчылыкка
Тууганчылык, бири-бирин жакын көрүүчүлүк, агайындарча мамиледе болуучулук. Агайынчылык үчүн мен аянганым жок.