чакыр I чакыр таш южн. камень с острыми, режущими краями. чакыр II подражательное слово; чакыр-чукур трескотня, лязг; чакыр-чукур сайышып фольк. (многие) с лязгом сражаясь на пиках. чакыр- III звать, вызывать, приглашать, созывать; конокко чакыр- звать, приглашать в гости; чакыргандан калба, өзүң басып барба погов. куда зовут, не отказывайся, а сам (без зова) не ходи; чакырган конок званый гость; мелдешке чакыр- вызывать на соревнование; аскерге чакыр- призывать на военную службу; чакырып, урган иттей (о человеке) словно собака, которую (ласково) позвав, побили; алга карай чакырат зовёт вперёд; жаңы ийгиликтерге жетишүүгө чакырат зовёт к новым успехам.
этиш.1. Бир жерге келүүгө же барууга сунуш кылуу, сунуш кылып айтуу. Чакыргандан калба, өзүң басып барба (макал). Бар, кошунаны чакырып келчи (Байтемиров). Чакырат күндө бирөө, Касым барат, Ошентип сагынышкан чери тарап (Осмонов). Эсеби жок калың той Калк чакырып берди дейт («Эр Төштүк»).
Уюштуруу. Колхозчулардын чоң чогулушун чакырып туруп эле шайлап алабыз (Сыдыкбеков).
2. Үндөө. Уста.. баатыр уландарга дайыма акылын айтып, кеңешин берип, аларды эл таламын көздөөгө чакырат (Сыдыкбеков).
3. Үн катуу, үн салуу; кыйкыруу. Күкүгү таңшып чакырып, Көгөргөн дарак-бактарга (Тоголок Молдо). Маңдайдан элик бакырат, Тоосунан улар чакырат (Каралаев). Тоок бир чакырганда Абылкасым мектепте болду (Байтемиров).
Кыргыз тилинде чакыр жана кыйкыр сөздөрү короз чакырды, короз кыйкырды деген учурда бирдей мааниде колдонулуп, синонимдик мааниде болот. Чакыр сөзү кыйкыр сөзүнө мааниси боюнча туура келип калышы бекеринен эмес. Байыркы түрк тилиндеги кыкыр// кыйкыр сөзү кы+кыр морфемаларынан келип чыккан. Ал кезде кы сөзү кыйкырууда, чакырууда айтылчу сырдык сөз болгон, ага этиш жасоочу -кыр мүчөсү уланып, кыкыр//кыйкыр сөзү жаралган.
Кыкыр сөзүнүн ортосундагы к тыбышы ч тыбышына алмашуудан кыргыз тилинин айрым говорлорунда айтылуучу кычыр варианты келип чыккан. Процесс аны менен токтолбостон, кычыр сөзүнүн к жана ч тыбыштары метатезалануудан чыкыр варианты пайда болгон. Мына ушул чыкыр вариантынын биринчи муунундагы ы тыбышы а тыбышына өтүүдөн чакыр сөзү жаралган дешке болот.
1. Бир жерге келүүгө же барууга сунуш кылуу, сунуш кылып айтуу. Чакыргандан калба, өзүң басып барба (макал). Бар, кошунаны чакырып келчи (Байтемиров). Чакырып күндө бирөө, Касым барат, Ошентип сагынышкан чери тарап (Осмонов). Эсеби жок калың той, Калк чакырып берди дейт («Эр Төштүк»). Тырмышпай турчу ары! Кетип кала элегинде атасын чакырайын (Жакиев). 2. Уюштуруу. 3. Үндөө. Уста баатыр уландарга дайыма акылын айтып, кеңешин берип, аларды эл таламын көздөөгө чакырат (Сыдыкбеков). 4. Үн катуу, үн салуу, кыйкыруу. Күкүгү таңшып чакырып, Көгөргөн дарак-бактарга (Тоголок Молдо). Маңдайдан элик бакырат, Тоосунан улар чакырат (Каралаев). Тоок бир чакырганда, Абылкасым мектепте болду (Байтемиров).
таращиться; пялить глаза; ачуусу келип акыраңдап, аскерине чакыраңдап фольк. он разъярился, глаза его выпучились, на своё войско глаза его злобно вытаращены.
понуд. отчакыр- III; Андарбек Чокону чакыртып алып урдурган Айдарбек велел позвать и избить Чокона; чакырткан аялдары келип, тамашасы кызыды приглашённые женщины пришли, и веселье разгорелось; чакыртпай эле кирип барды он вошёл без зова; чакыртпай эле, конок боло берет он является как гость и без приглашения; чакыртпай эле, бара беребиз мы пойдём и без зова.
и. д. отчакыр- III вызывание, вызов; приглашение; конокко чакыруу приглашение в гости; мелдешке чакыруу вызов на соревнование; жекеме-жекке чакыруу вызов на поединок; аскерге чакыруу призыв на военную службу; чакыруу пункту призывной пункт (военный); чакыруу кагаз приглашение в письменной форме.
(чакырчу) вызывающий; приглашающий; глашатай; чакыруучу салды он объявил через глашатая; Чубак менен Ажыбай, чакырчуга барганы фольк. (о том, как) Чубак и Аджыбай отправились глашатаями.
1. вызов, созыв; призыв (лозунг); Октябрдин жылдыгына КПСС БКнин чакырыктары призывы ЦК КПСС к годовщине Октября; 2. повестка (с вызовом); 3. южн. певчий перепел в клетке.
страд. отчакыр- III вызываться, приглашаться; созываться; быть вызванным, приглашённым; быть созванным; армиянын катарына чакырылдым я призван в ряды армии; чакырылган коноктор приглашённые гости; чакырылган күбөөлөр вызванные свидетели.
зат.1. Кишинин кыйкырганда үнү жетерлик аралык.
2.эс. Болжол менен бир километр чамасындагы аралык чени. Кыштактанберки жол эки чакырымдай [бар](Сыдыкбеков). Мектеп менен айылдын, Арасы он беш чакырым, Китеп кабым асынып, Мен барамын акырын (Осмонов).
1. Кишинин кыйкырганда үнү жетерлик аралык өлчөмү. Айылга эки чакырым калганда гана жеңесине кайрылды (Абакиров). 2. эск. Болжол менен бир километр чамасындагы аралык чени. Кыштактан берки жол эки чакырымдай бар (Сыдыкбеков). Мектеп менен айылдын Арасы он беш чакырым, Китеп кабым асынып, Мен барамын акырын (Осмонов).
Эңсегениндей, самаганындай болбой, ою ордунан чыкпай, шагы сынып, шаабайы сууп шалдая түшүү, бозала болуу, ыза болуу. Эне-Бейит деп ээленгидей болсо, деги эле кой! Мына! Чакырып урган иттей болдуңарбы! (Айтматов). Чакырып урган иттей болуп бир топтон кийин Петруха келди (Айтматов). В.: Чакырып урган иттей кылуу. – Тоголок Молдо, сенин окууң чала. Дүр аны менен дагы акыйлашып отургусу келбей, шарт өкүмүн маалымдады. Чакырып урган иттей кылды го дегенсип, Байымбет дал боло закымга тунжурады (Бейшеналиев).
Эңсегениндей, самаганындай болбой, ою ордунан чыкпай, шагы сынып, шаабайы сууп шалдая түшүү, бозала болуу, ыза болуу. Эне-Бейит деп ээленгидей болсо, деги эле кой! Мына! Чакырып урган иттей болдуңарбы! (Айтматов). Чакырып урган иттей болуп бир топтон кийин Петруха келди (Айтматов).
к. ЧАКЫРЫП УРГАН ИТТЕЙ БОЛУУ
- Тоголок Молдо, сенин окууң чала. Дур аны менен дагы акыйлашып отургусу келбей, шарт өкүмүн маалымдады. Чакырып урган иттей кылды го дегенсип, Байымбет дал боло закымга тунжурады (Бейшеналиев).