Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Кишинин кыйкырганда үнү жетерлик аралык.
2. эс. Болжол менен бир километр чамасындагы аралык чени. Кыштактан берки жол эки чакырымдай [бар] (Сыдыкбеков). Мектеп менен айылдын, Арасы он беш чакырым, Китеп кабым асынып, Мен барамын акырын (Осмонов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кишинин кыйкырганда үнү жетерлик аралык өлчөмү. Айылга эки чакырым калганда гана жеңесине кайрылды (Абакиров). 2. эск. Болжол менен бир километр чамасындагы аралык чени. Кыштактан берки жол эки чакырымдай бар (Сыдыкбеков). Мектеп менен айылдын Арасы он беш чакырым, Китеп кабым асынып, Мен барамын акырын (Осмонов).