Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Бир жерге келүүгө же барууга сунуш кылуу, сунуш кылып айтуу. Чакыргандан калба, өзүң басып барба (макал). Бар, кошунаны чакырып келчи (Байтемиров). Чакырат күндө бирөө, Касым барат, Ошентип сагынышкан чери тарап (Осмонов). Эсеби жок калың той Калк чакырып берди дейт («Эр Төштүк»).
Уюштуруу. Колхозчулардын чоң чогулушун чакырып туруп эле шайлап алабыз (Сыдыкбеков).
2. Үндөө. Уста.. баатыр уландарга дайыма акылын айтып, кеңешин берип, аларды эл таламын көздөөгө чакырат (Сыдыкбеков).
3. Үн катуу, үн салуу; кыйкыруу. Күкүгү таңшып чакырып, Көгөргөн дарак-бактарга (Тоголок Молдо). Маңдайдан элик бакырат, Тоосунан улар чакырат (Каралаев). Тоок бир чакырганда Абылкасым мектепте болду (Байтемиров).