ЧАКЫРЫП УРГАН ИТТЕЙ БОЛУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Эңсегениндей, самаганындай болбой, ою ордунан чыкпай, шагы сынып, шаабайы сууп шалдая түшүү, бозала болуу, ыза болуу. Эне-Бейит деп ээленгидей болсо, деги эле кой! Мына! Чакырып урган иттей болдуңарбы! (Айтматов). Чакырып урган иттей болуп бир топтон кийин Петруха келди (Айтматов).