Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эңсегениндей, самаганындай болбой, ою ордунан чыкпай, шагы сынып, шаабайы сууп шалдая түшүү, бозала болуу, ыза болуу. Эне-Бейит деп ээленгидей болсо, деги эле кой! Мына! Чакырып урган иттей болдуңарбы! (Айтматов). Чакырып урган иттей болуп бир топтон кийин Петруха келди (Айтматов). В.: Чакырып урган иттей кылуу. – Тоголок Молдо, сенин окууң чала. Дүр аны менен дагы акыйлашып отургусу келбей, шарт өкүмүн маалымдады. Чакырып урган иттей кылды го дегенсип, Байымбет дал боло закымга тунжурады (Бейшеналиев).