Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир жерге келүүгө же барууга сунуш кылуу, сунуш кылып айтуу. Чакыргандан калба, өзүң басып барба (макал). Бар, кошунаны чакырып келчи (Байтемиров). Чакырып күндө бирөө, Касым барат, Ошентип сагынышкан чери тарап (Осмонов). Эсеби жок калың той, Калк чакырып берди дейт («Эр Төштүк»). Тырмышпай турчу ары! Кетип кала элегинде атасын чакырайын (Жакиев). 2. Уюштуруу. 3. Үндөө. Уста баатыр уландарга дайыма акылын айтып, кеңешин берип, аларды эл таламын көздөөгө чакырат (Сыдыкбеков). 4. Үн катуу, үн салуу, кыйкыруу. Күкүгү таңшып чакырып, Көгөргөн дарак-бактарга (Тоголок Молдо). Маңдайдан элик бакырат, Тоосунан улар чакырат (Каралаев). Тоок бир чакырганда, Абылкасым мектепте болду (Байтемиров).