ЧАКЫР
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаКыргыз тилинде чакыр жана кыйкыр сөздөрү короз чакырды, короз кыйкырды деген учурда бирдей мааниде колдонулуп, синонимдик мааниде болот. Чакыр сөзү кыйкыр сөзүнө мааниси боюнча туура келип калышы бекеринен эмес. Байыркы түрк тилиндеги кыкыр// кыйкыр сөзү кы+кыр морфемаларынан келип чыккан. Ал кезде кы сөзү кыйкырууда, чакырууда айтылчу сырдык сөз болгон, ага этиш жасоочу -кыр мүчөсү уланып, кыкыр//кыйкыр сөзү жаралган.
Кыкыр сөзүнүн ортосундагы к тыбышы ч тыбышына алмашуудан кыргыз тилинин айрым говорлорунда айтылуучу кычыр варианты келип чыккан. Процесс аны менен токтолбостон, кычыр сөзүнүн к жана ч тыбыштары метатезалануудан чыкыр варианты пайда болгон. Мына ушул чыкыр вариантынын биринчи муунундагы ы тыбышы а тыбышына өтүүдөн чакыр сөзү жаралган дешке болот.