Киргизско-русский словарь Юдахина
1. середина; средний (между чем-л.);
орто жол полпути;
түн ортосу полночь;
орто жолдо на полпути;
октябрь ортолорунда в средних числах октября;
орто жашаган (о человеке) среднего возраста;
эр ортосу - элүү средний возраст мужчины - пятьдесят (лет);
орто билим среднее образование;
атайын орто билим специальное среднее образование;
орто эсеп менен считая в среднем;
ортосундагы тот, кто или то, что находится между кем-чем-л.;
элдердин ортосундагы тынчтык үчүн күрөшүүчү борец за мир между народами;
ортого чыгып сүйлө- говорить, выйдя на средину, взойдя на трибуну и т.п. (не с места);
ортодон колун көтөрдү (на собрании) он с места поднял руку (напр. прося слова);
орто-ара или орто-аралык расстояние;
жүз саржандай орто-арага (или орто-аралыкка) келип подойдя на расстояние примерно ста саженей;
ортобузда в нашем общем пользовании; принадлежит всем нам;
ортодон ичип-же- питаться из общего котла;
ортого сал- или ортого кой- или ортого төк- сделать общим, находящимся в общем пользовании;
өз тажрыйбаларын ортого салат он делится своим опытом; он свой опыт отдаёт общему делу;
кубанычын, кайгы-капасын ортого салчу он обычно делился с людьми своими радостями и горестями;
үчөөңөр тең өнөрүңөрдү ортого салгыла, мен сынайын каждый из вас троих покажи своё умение, а я испытаю;
сан каранын баарысын ортого коюп таштады фольк. свой бесчисленный крупный скот он отдал на общую пользу;
аит-арбакты ортого коюп туруп с полной прямотой и серьёзностью (букв. выставив клятву и духа предков);
өткөн-кеткен айыпты, ортобузга төгөрбүз фольк. наши прошлые (взаимные) обиды забудем (букв. сделаем общими);
жакын орто места, расположенные на близком расстоянии друг от друга;
жакын ортону айылдын малы оттоп түгөткөн близлежащие места аульный скот, пасясь, вытравил;
2. (или орто дыйкан) середняк;
жоон орто выше среднего, больше чем наполовину; хороший, переходящий за...;
мектептердин алды болбосо да, жоон ортосу делип эсептелген (эта) школа хотя и не лучшая, но выше средней (лучше многих других);
элдин жоон ортосу несколько возвышающийся над людьми среднего уровня, несколько выше (людей) среднего уровня;
элүүнүн жоон ортосундамын мне уже далеко за пятьдесят (лет);
ортого ал- или ортого алыш- кружить;
алдыман төрт ит, абалап тосо чыкты, борбуйлап, ортого алды четыре пса с лаем выскочили мне навстречу, хватая за ляжки, окружили меня;
карыя колхозчулар сары тончон кишини ортого алышты старики-колхозники окружили человека в жёлтом тулупе;
алардын ортосунан жел өтпөй калган их водой не разольёшь; они закадычные друзья (букв. между ними ветер не стал проходить);
орто толсун! см. тол-;
кап орто см. капорто;
орто заар см. заар II.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Эки четинен алганда борборго жакын турган тең аралык, орун, борбор чени, эки нерсенин арасы. Бир топ кыздардын ортосунда малдаш урунуп Тарас да олтурду (Сасыкбаев). Мектеп кыштактын ортосунда. Эки шаардын ортосу.
2. Мезгилдин башталышы менен аякталышынын ортолугундагы убакыт. Кыш ортосу. Түн ортосу.
3. Ар кандай белгилери, өзгөчөлүгү ж.б. жагынан абдан жогору да эмес, абдан төмөн да эмес, чоң да эмес, кичине да эмес, жакшы да эмес, жаман да эмес ж.б.
4. сүйл. Бардыгына таандык, жалпы; көпчүлүк, колхоз. Өгүз, атты кошмок болдум ортого, «Айткан эле чарба малдан берели» (Аалы). Ортонун малын коротпой, Орундалды ойдогум (Осмонкул).
Ортого алуу — жалпы бардыгы кыстоого алуу, чогуу болушуп сөзгө алуу. Ортого салуу — 1) бар болгонун тең бөлүшүү, тең көрүү; 2) бардык болгон ишти ачык сүйлөшүү, жашырбай ачык айтуу, жалпы көпчүлүккө коюу. Орто заар к. заар III. Орто мектеп — он жылдык же он бир жылдык мектеп. Орто дыйкан к. дыйкан.

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
орто
орто билим
орто дыйкан
орто жаш
орто жол
орто заар
орто кылым
орто мектеп
орто толкун (тех.)
орто толкундар (физ.)
орто тоо тектер геогр.
орто эмгек акы (экон.)
орто эсеп
ортого алуу
ортого салуу
ортого турма (оюн)
ортодогу от өчүү
ортосуна от жагуу
ортосуна от ыргытуу
ортосунан жел өтпөө
ортосунан от чыгуу

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Азыркы кыргыз тилиндеги орто сөзү байыркы түрк тилинде орта, орту, отра түрүндө айтылган (ДТС, 371, 374). Байыркы түрк тилинде асра (<ас+ра) «астында, ташра (<таш + ра) «сыртта» сыяктуу учурларда -ра мүчөсү катышары белгилүү болгондуктан, орта//отра варианттарынын отра дегени алгачкы түрү болуп таанылат. Ал эми орта сөзү ошол отра сөзүнүн тр тыбыштары рт болуп метатезаланышынан келип чыккан кийинки варианты болуп эсептелет. Кыргызча орто сөзү мына ушундан келип чыккан. Алгачкы отра сөзүнүн уңгусу болгон от кандай маанидеги сөз экенин аныктоо кыйындап кеткен. Байыркы түрк тилинин сөздүгүндө гана эмес, азыркы түрк тилдеринде от сөзүнүн маанисин аныктай турган фактылар келтирилбейт. Ошондой болсо да азыркы кыргыз тилиндеги алакандын оту, беттин оту сыяктуу учурда айтылган от сөзү отра (< орто) сөзүнө өзөк болгон дешке негиз бар. Анткени беттин оту дегенибиз «беттин ортосу» дегенге барабар келет. Ушул сыяктуу эле алакандын оту да «алакандын ортосу» дегенге туура келет. Байыркы кезде мына ушундай маанидеги от сөзүнө -ра мүчөсү жалганып, отра сөзү келип чыгып, анын метатезаланышынан орто сөзү пайда болгон.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Эки четинен алганда борборго жакын турган тең аралык, орун, борбор чени, эки нерсенин арасы. Бир топ кыздардын ортосунда малдаш урунуп Тарас да олтурду (Сасыкбаев). Мектеп кыштактын ортосунда. Эки шаардын ортосу. 2. Мезгилдин башталышы менен аякталышынын ортолугундагы убакыт. Кыш ортосу. Түн ортосу. 3. Ар кандай белгилери, өзгөчөлүгү ж. б. жагынан абдан жогору да эмес, абдан төмөн да эмес, чоң да эмес, кичине да эмес, жакшы да эмес, жаман да эмес. 4. сүйл. Бардыгына таандык, жалпы; көпчүлүктүкү. Өгүз, атты кошмок болдум ортого, «Айткан эле чарба малдан берели» (Токомбаев). Ортонун малын коротпой, Орундалды ойдогум (Осмонкул).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Бар болгонун тең бөлүшүү, тең көрүү. Студент кезде болгонун ортого салып жашоочу элек, азыр андай кайда («Ленинчил жаш»).2. Бардык болгон ишти ачык сүйлөшүү, жашырбай ачык айтуу, көпчүлүккө коюу. Иштин жайын ортого салайын, силер да ойлонуп, оюңарды айткыла («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бар болгонун тең бөлүшүү, тең көрүү. Студент кезде болгонун ортого салып жашоочу элек, азыр андай кайда. 2. Бардык болгон ишти ачык сүйлөшүү, жашырбай ачык айтуу, көпчүлүккө коюу. Иштин жайын ортого салайын, силер да ойлонуп, оюңарды айткыла («Ала-Тоо»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. друг, товарищ;
күндүзкү аштын (или тамактын) ортогу көп погов. на дневную пищу друзей много (в старом быту соседние юрты или аулы обычно посещались днём);
өлүм орток задушевный друг, друг до гробовой доски;
2. общий, находящийся в общем пользовании;
чечендин тили орток, чебердин колу орток погов. язык витии - общий (т.е. он должен выражать не свои, а общие чаяния), руки умельца - общие;
3. ист. издольщик;
тең орток испольщик;
орток аштык салыштык мы совместно посеяли хлеб;
орток аштык айдайлык фольк. давай будем сеять хлеб на общих началах;
өгүз өлдү, орток айрылды погов. бык пал, компаньоны разошлись (напр. после смерти друга с его семьёй уже нет прежних отношений);
орток бөлүмгө келтирүү мат. приведение к общему знаменателю.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Шерик, жолдош, дос, үлүш. Күндүзгү аштын ортогу көп (макал).
2. Баарына тең, бирдей жалпыга тиешелүү. Кара кылды как жарып, Орток аштык айдайлык («Манас»). Чечендин сөзү орток, чебердин колу орток (макал).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Баарына тең, бирдей жалпыга тиешелүү. Кара кылды как жарып, Орток аштык айдайлык («Манас»). Чечендин сөзү орток, чебердин колу орток (макал). 2. Шерик, жолдош, дос. 3. Үлүш. Күндүзгү аштын ортогу көп (макал).

Киргизско-русский словарь Юдахина
ортоктош I
соучастник, товарищ в деле, в каком-л. предприятии;
мына Баба Дыйкан чал менен ортоктош буудай айдадык фольк. мы вместе со стариком Баба Дыйканом (см. дыйкан) посеяли пшеницу.
ортоктош- II
совместно участвовать в чём-л., объединяться;
ортоктошуп, дан айдап совместно посеяв хлеб.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I сын. Шериктеш, үлүштөш; бирге бөлүшкөн, тең орток. — Болуптур. Жакшы тилегиңизге ортоктошмун (Бейшеналиев).
ОРТОКТОШ II этиш. Орток болуу, кандайдыр бир ишке орток болуп катышуу, шериктешүү, тең орток болуу. Ортоктошуп эгин айдоо.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ОРТОКТОШ ЖООПКЕРЧИЛИК – көп карызкор болгон милдеттенме боюнча жарандык жоопкерчиликтин бир түрү. М.: милдеттенменин предметин бөлүүгө мүмкүн болбогондо, биргелешип зыян келтиргенде келип чыгат. Келишимде бөлөкчө көрсөтүлбөгөн учурлар үчүн да каралган (айталы, кепилдик келишиминде, эгер анда башкача көрсөтүлбөсө карызкор менен кепил болуучу кредитордун алдында ортоктош карызкор катары жооп беришет.). Милдеттенме толук төлөнүп бүтмөйүнчө ортоктош карызкорлор милдеткер бойдон кала беришет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ОРТОКТОШ МИЛДЕТТЕНМЕЛЕР (ТАЛАПТАР) – милдеттүүлүктүн (жоопкерчиликтин) же тараптын ортоктоштугу келишимде көрсөтүлгөн же мыйзамда белгиленген учурларда, маселен милдеттенменин предметин бөлүүгө мүмкүн эмес жагдайда келип чыгат. Ишкердик ишке байланышкан милдеттенме боюнча бирнече карызкордун милдеттери жана ушундай милдеттенмедеги бир нече кредитордун талаптары, эгер мыйзамдарда же милдеттенменин шарттарында башкача көрсөтүлбөсө, ортоктош болуп саналат. Карызкорлордун О. м. болгондо, кредитор баардык карызкорлордон чогуу же алардын арбиринен өзүнчө, карызды толук же жарым-жартылай аткарууну талап кылууга укуктуу. Кредитор карызкордон алганына толук ыраазы болбогон учурда калганын башка ортоктош карызкорлордон талап кылууга акылуу. Карызкорлордун бири тарабынан О. м. толук бойдон аткарылышы калган карызкорлорду кредиторго карата О. м-ден бошотот. Бирок ортоктош милдетти аткарган карызкор өз үлүшүн алып салып тең үлүштөргө бөлүү менен калган карызкорлорго карата регресстик талап коюуга укуктуу.

Киргизско-русский словарь Юдахина
~: ортолоп или ортолой ближе к середине, к половине, между;
бозо ичкен үйдө, жоро ичкен үйдө эки ортолоп бастырып жүрүшкөн они ездили по домам (посещая их), где пьют бузу, справляют жоро (см. жоро I);
ал ортолоп үй тикти он поставил юрту среди других (не в стороне, не на отшибе);
ортолоп курулган мектеп үйү школьное здание, выстроенное ближе к середине (к центру населённого пункта);
жол ортолоп барганда когда проехали примерно половину пути;
менин кабым ортолой элек мой мешок не наполнился ещё и до половины;
отузду жаңы ортологон (о человеке) в возрасте 34-35 лет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ОРТОМЧУЛУК – мамлекеттер аралык талаштарды, чыр-чатактарды, аскердик кагылышууларды дипломаттык каражаттардын жардамы менен жөнгө салуу, жайгаруу тариздеринин бири. О. кылуу талаштын катышуучулары үчүн милдеттүү болуп саналбайт жана ортомчу болгон мамлекет үчүн эч кандай милдеттенме жаратпайт; анын ортодогу талашка кийлигишүүсү катары каралууга мүмкүн эмес. Талаштагы тараптардын бири же ортомчу өзү О-тун натыйжасыздыгына көзү жеткенде, анын милдеттери токтотулду деп эсептелет.

Киргизско-русский словарь Юдахина
~: эр ортону (о мужчине) среднего возраста;
эр ортону - элүү средний возраст мужчины - пятьдесят (лет);
ортон кол средний палец;
ортон колдой "на большой палец", отлично;
алар так ортон колдой болуп багылып жатат они воспитываются (или содержатся) отлично.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Сөөмөй менен аты жоктун арасындагы манча. Абылбек оң колунун ортону менен столду акырын гана тырсылдата ургулап койду (Жантөшев).
Ортон колдой — мыкты, эң сонун, ирдүү. Эр ортону к. эр.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бири-бири менен өтө ынтымактуу, таттуу болуу, абдан тыгыз байланышта болуу. Алардын ортосунан жел өптөйт. В.: Ортосунан кыл өтпөө. Бу ортосунан кыл өтпөй калган өмүр менен өлүм кармашына биле туруп өзү жөнөтүп койгонун айкын сезип, не кайгырбай, не кубанбай нестейип кала берди (Касымбеков).