Киргизско-русский словарь Юдахина
ортоктош I
соучастник, товарищ в деле, в каком-л. предприятии;
мына Баба Дыйкан чал менен ортоктош буудай айдадык фольк. мы вместе со стариком Баба Дыйканом (см. дыйкан) посеяли пшеницу.
ортоктош- II
совместно участвовать в чём-л., объединяться;
ортоктошуп, дан айдап совместно посеяв хлеб.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I сын. Шериктеш, үлүштөш; бирге бөлүшкөн, тең орток. — Болуптур. Жакшы тилегиңизге ортоктошмун (Бейшеналиев).
ОРТОКТОШ II этиш. Орток болуу, кандайдыр бир ишке орток болуп катышуу, шериктешүү, тең орток болуу. Ортоктошуп эгин айдоо.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ОРТОКТОШ ЖООПКЕРЧИЛИК – көп карызкор болгон милдеттенме боюнча жарандык жоопкерчиликтин бир түрү. М.: милдеттенменин предметин бөлүүгө мүмкүн болбогондо, биргелешип зыян келтиргенде келип чыгат. Келишимде бөлөкчө көрсөтүлбөгөн учурлар үчүн да каралган (айталы, кепилдик келишиминде, эгер анда башкача көрсөтүлбөсө карызкор менен кепил болуучу кредитордун алдында ортоктош карызкор катары жооп беришет.). Милдеттенме толук төлөнүп бүтмөйүнчө ортоктош карызкорлор милдеткер бойдон кала беришет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ОРТОКТОШ МИЛДЕТТЕНМЕЛЕР (ТАЛАПТАР) – милдеттүүлүктүн (жоопкерчиликтин) же тараптын ортоктоштугу келишимде көрсөтүлгөн же мыйзамда белгиленген учурларда, маселен милдеттенменин предметин бөлүүгө мүмкүн эмес жагдайда келип чыгат. Ишкердик ишке байланышкан милдеттенме боюнча бирнече карызкордун милдеттери жана ушундай милдеттенмедеги бир нече кредитордун талаптары, эгер мыйзамдарда же милдеттенменин шарттарында башкача көрсөтүлбөсө, ортоктош болуп саналат. Карызкорлордун О. м. болгондо, кредитор баардык карызкорлордон чогуу же алардын арбиринен өзүнчө, карызды толук же жарым-жартылай аткарууну талап кылууга укуктуу. Кредитор карызкордон алганына толук ыраазы болбогон учурда калганын башка ортоктош карызкорлордон талап кылууга акылуу. Карызкорлордун бири тарабынан О. м. толук бойдон аткарылышы калган карызкорлорду кредиторго карата О. м-ден бошотот. Бирок ортоктош милдетти аткарган карызкор өз үлүшүн алып салып тең үлүштөргө бөлүү менен калган карызкорлорго карата регресстик талап коюуга укуктуу.