Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Азыркы кыргыз тилиндеги орто сөзү байыркы түрк тилинде орта, орту, отра түрүндө айтылган (ДТС, 371, 374). Байыркы түрк тилинде асра (<ас+ра) «астында, ташра (<таш + ра) «сыртта» сыяктуу учурларда -ра мүчөсү катышары белгилүү болгондуктан, орта//отра варианттарынын отра дегени алгачкы түрү болуп таанылат. Ал эми орта сөзү ошол отра сөзүнүн тр тыбыштары рт болуп метатезаланышынан келип чыккан кийинки варианты болуп эсептелет. Кыргызча орто сөзү мына ушундан келип чыккан. Алгачкы отра сөзүнүн уңгусу болгон от кандай маанидеги сөз экенин аныктоо кыйындап кеткен. Байыркы түрк тилинин сөздүгүндө гана эмес, азыркы түрк тилдеринде от сөзүнүн маанисин аныктай турган фактылар келтирилбейт. Ошондой болсо да азыркы кыргыз тилиндеги алакандын оту, беттин оту сыяктуу учурда айтылган от сөзү отра (< орто) сөзүнө өзөк болгон дешке негиз бар. Анткени беттин оту дегенибиз «беттин ортосу» дегенге барабар келет. Ушул сыяктуу эле алакандын оту да «алакандын ортосу» дегенге туура келет. Байыркы кезде мына ушундай маанидеги от сөзүнө -ра мүчөсү жалганып, отра сөзү келип чыгып, анын метатезаланышынан орто сөзү пайда болгон.