Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Эки четинен алганда борборго жакын турган тең аралык, орун, борбор чени, эки нерсенин арасы. Бир топ кыздардын ортосунда малдаш урунуп Тарас да олтурду (Сасыкбаев). Мектеп кыштактын ортосунда. Эки шаардын ортосу. 2. Мезгилдин башталышы менен аякталышынын ортолугундагы убакыт. Кыш ортосу. Түн ортосу. 3. Ар кандай белгилери, өзгөчөлүгү ж. б. жагынан абдан жогору да эмес, абдан төмөн да эмес, чоң да эмес, кичине да эмес, жакшы да эмес, жаман да эмес. 4. сүйл. Бардыгына таандык, жалпы; көпчүлүктүкү. Өгүз, атты кошмок болдум ортого, «Айткан эле чарба малдан берели» (Токомбаев). Ортонун малын коротпой, Орундалды ойдогум (Осмонкул).