апа I (в говорах) 1. (ср. эне I) родная мать; чоң апа южн.этн. старшая жена по отношению к детям мужа (старшая мама; ср. байбиче); кичи апа южн.этн. младшая жена по отношению к детям мужа (младшая мама; ср. токол 4); 2. (ср. эже I 1) старшая сестра; 3. (ср. тай эже, см.тай I) тётка (по женской линии); 4. форма обращения к старшей родственнице; 5. в соединении с айыл: айыл-апа население аула; айыл-апа чогулуп, алдынан чыкты жабылып фольк. собрались люди аула в вышли к нему все вместе; айыл-апабыз менен мы вместе с нашими одноаульцами; айыл-апаңарда в вашем ауле; айыл-апа болуңар живите между собой мирно, дружно; айыл-апа, ага-тууганың менен саламат турасыңбы? все вы - ты, твои одноаульцы и родственники - здоровы ли? апа II апа-супа кыл- как-нибудь уладить (примирить враждующих, удовлетворить претендующего и т.п.).
зат.1. Баланын энеси (көбүнчө баласы энесине карата колдонуучу сөз). Кол кабыш кылып, калың эл, Кор кылба карган апамы (Токтогул). Мен апамды тез сагынчумун (Аалы).
2. Жалпы эле улгайган аялдарга карата кичүү адамдар тарабынан кайрылуу иретинде айтылуучу сөз.
1. Баланын тууган энеси. Кол кабыш кылып, калың эл, Кор кылба карган апамы (Токтогул). Жүрөк туйлап алкымыма тыгылды, «Апаң оор» деген сөздү укканда (Байзаков). 2. Жалпы эле энесиндей болгон аялдарга кайрылганда айтылуучу сөз. Алпештеп сүйүп өстүргөн Апалар айтат саламды (Бөкөнбаев). Турсун апа, бай колхоздун сакчысы, Сан байлыктын ушунда алтын ачкычы (Осмонов).
апат менен бирдей. Ушундай апаат күндөрдө, Уяттан-уят эмеспи, Уулуңдун үйдө жатканы (Бөкөнбаев). Батыштагы апааттын басылганына үч гана жыл болду («Ала-Тоо»).
апай I интимно-почтительная форма обращения от апа (см.апа I); ачкычыңызды мага бериңизчи, апай дайте-ка мне ваш ключ, сестрица. апай II апай бет плоский склон горы.
Iзат. Өзүнөн улуу аялдарга карата эже, эжеке деген мааниде колдонулуучу сөз. — Машина да жолдон чыкчу беле, апай, — деди Акия озунуп (Сыдыкбеков).
АПАЙII: сын. Айдөш, айдөшүрөөк келген. Апай бетте чуркап Динар далайга гүл терди (Сыдыкбеков).
Апай сөзү кыргыз тилинде өзүнчө айтылбайт. Ал апай бет деген учурда гана тизмектелип келет. Ушул апай бет деген тизмек К. К. Юдахиндин «Кыргызча-орусча сөздүгүндө» «плоский склон горы» болуп которулган (Юдахин, 60). Ал эми «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүндө» «айдөш», «айдөшүрөөк келген» делип берилген (КТТС, 55). Биздин оюбузча, апай бет айдөшүнөн эмес, адыр-күдүрү жок, тегиздигинен улам аталат. Ошондуктан апай бет дегенди «тегиз бет», «сулуу бет», «жайдак бет» деп түшүндүрүү чындыккка жакын келет.
«Апа» деген мааниде өзүнөн улуу, апасы курактуу аялдарга кайрылуу формасы. Машина да жолдон чыкчу беле, апай! Муку башкарып бараткан шофер эмеспи, көрбөйсүзбү? – деди Акия (Сыдыкбеков).
сын.1. Аппак, таза. Апакай кичине тамдар («Советтик Кыргызстан»).
2. Татынакай, жакшынакай (көбүнчө кичинекей балдарга карата айтылат). Ушул Мыскал апакай, татынакай эле (Сыдыкбеков).
1. Таптаза, аппак; таптаза болуп үтүктөлгөн же жылмакай ак. Апакай колдорунун кичинекей манжаларын санап чыкты (Таштемиров). Халатынын жакаларын кымтылап, апакай төшүн дароо жаап алды (Акматов). Кир кол менен кармагыс апакай, назик үлбүрөк (Өмүрканов). 2. Татынакай, кооз, көзгө көрүнүктүү (көбүнчө балдардын речинде колдонулат). Апакай көйнөк. Колуна кармаганы апакай бүрдүү гүлкайыр (Айтматов).
Кайра-кайра «апаке» деп, апага жалынуу, кайрылуу, апалап эркелөө. Ажар апакелеп, боздоп ыйлады (Баялинов). Мени менен теңчамал, Кошунанын кызы бар, Апакелеп апамды Сүйлөгөнгө тили бар («Кыргызстан аялдары»).
Көк жээктеги күндүн кызылы. Нөкөн болуштун жигиттери таң апак-шапак болуп торгой чулдурай Берген кезде, Чүй суусун кечип өтүшүп, Чөмүчтүн көлүнө жете келишти (Үмөталиев).
~: апан-тапан неуклюжий; апан-тапан, жаман чапан, ийри комуз, Чолпон жылдыз загадка неуклюжий, плохое пальто, кривой комуз, звезда Венера (отгадка төө верблюд); апан-сапан болуп переполошившись взбудоражившись.
Төө жөнүндө айтылган табышмакта Апан-тапан, жаман чапан, ийри комуз, жарык жылдыз делет. Мында апан-тапан дегени — буту, жаман чапаны — жүнү, чуудасы, ийри комузу — мойну менен өркөчү, жарык жылдызы — көзү.
К. К. Юдахин апан-тапан сөзүн «неуклюжий» деп которсо (Юдахин, 60), «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүндө» аны кайталап, «эпсиз, эби жок, олжогой, кеби-сыны жок» деп түшүндүргөн (КТТС, 55). Биздин оюбузча, бул жерде сөз төөнүн эби-сыны жоктугунда эмес, анын таманы (тапаны жөнүндө болуп жатат. Ошондуктан апан-тапан дегенди кошмок сөз катары карабастан, анын составындагы тапан сөзүн таман сөзү деп билип, апан дегенин анын аныктоочу катары кароо зарыл. Казак тилинде апан деген сөз «оюк», «чуңкур» деген маани берет (КазТТС, 291). Бирок төөнүн таманында оюк, чуңкур жок, андыктан бул сөз апан-тапан дегенге туура келбейт.
Жогорку апан сөзү апыйган<--алпыйган деген сөздүн тыбыштары кыскарып, тапан сөзүнө ылайыкташып кеткен түрү деп айтууга болот. Анткени төөнүн таманы алпыйып абдан чоң. Ушундай чоң таманын баса белгилөө аркылуу төөнүн өзгөчө белгисинин бирин табышмакка чагылдырган. Ал үчүн апыйган<-- алпыйган деген үч муундуу сөздүн бир муунун кыскартып, тапан деген сөзгө окшоштуруп айтуу табышмакты көркмөдөп, уккулуктуу кылуу талабына ылайыкталган.
1. Эмдөө ырымы. Жаш наристе бир нерседен коркуп калганда колдонулат. – Кокуй, мунун жүрөгү түшүп калды го! Кемпир, апаптап кой, бол! (Айтматов). 2. диал. Дарылоо жөрөлгөсү. Киши ооруса, учуктап апап кылат.
Абдан ак, өтө аппак. Дарыянын эки өйүзүндө малчылардын апаппак чатырлары тигилген («Кыргызстан аялдары»). Апаппак болуп ааламга Акшумкар конуп кагандай (Өмүрканов).
сев.этн. лечить ребёнка от испуга (постукивая ладонью по тыльной части подбородка или трижды подтолкнув кверху нёбо указательным пальцем - знахарский способ); энеси да калдастап, коркуп кетип, кызын апаптаганча ашыгат мать её тоже растерянно и суетливо спешит полечить дочь свою; жүрөгү түшүп калды, апаптап койчу шутл. он до смерти перепугался, полечи-ка (успокой-ка) его.
понуд. отапапта-; жүрөгү түшүп, абышкаларга апаптатып, кемпирлерге жүрөгүн көтөрттук он до смерти перепугался, и мы попросили стариков и старух полечить его от испуга (знахарским способом).
Кызыл менен сары түстөрдүн ортосундагы түс, апельсиндин өңүнө окшош. Апарман боёкту шырдак жасагандар, сайма сайган уздар арбын пайдаланаары жакшы белгилүү.
АПАРТЕИД (афр. apartheid – бөлөк жашоо, бөлүнүү, обочолонуу) – адамзатка каршы багытталган эларалык кылмыш, ТАР өкмөтү тарабынан африкалык жергиликтүү жана европалык эмес калктарга карата 1990-жылдардын башына чейин жүргүзүлүп келген расалык басмырлоо жана кодулоо саясаты. Апартеид кылмышына жол бербөө жөнүндөгү 1973-жылкы Конвенция боюнча (1-ст.) А. адамзатка каршы кылмыш катары жиктештирилет.
АПАРТЕИД (афр. apartheid – бөлөк жашоо, бөлүнүү, обочолонуу) – адамзатка каршы багытталган эларалык кылмыш, ТАР өкмөтү тарабынан африкалык жергиликтүү жана европалык эмес калктарга карата 1990-жылдардын башына чейин жүргүзүлүп келген расалык басмырлоо жана кодулоо саясаты. Апартеид кылмышына жол бербөө жөнүндөгү 1973-жылкы Конвенция боюнча (1-ст.) А. адамзатка каршы кылмыш катары жиктештирилет.
АПАРЫСЫЯП, Афрасиаб, Афарисиаб, Афарысыйаб, Апарысыяп — иран жана түрк элдеринин фольклорундагы кеңири белгилүү каарман Афарсиабдын ысымынын кыргыз тилинин фонетикалык өзгөчөлүгүнө ылайык өзгөртүлүп айтылышы. «Манас» эпосунда кездешип түрктөрдүн байыркы бабасы катары айтылат. Афрасиабдын образы алгач иран элдеринин мифологиясында пайда болуп, андан түрк элдеринин фольклоруна өткөн. Бул образ узак убак өсүп-өнүгүүнүн натыйжасында түрктөшүп кеткени жана ошондой кылымдарда өзүнүн уламыштык мифтик сапаттарын жоготуп, Караханийлер мамлекетинин башкаруучуларынын бабасы катары айтылып калганы маалым. «Апарысыяп» ысымынын «Манас» эпосуна кирип калышы, биринчиден, бул ысымдын ошондой кылымдан бери карай түрк элдеринин чыгармачылыгында кеңири белгилүү экендигине байланыштуу болсо, экинчиден, Сагымбай Орозбак уулунун Фирдоусинин «Шах-намэ» жана Хива каны Абулгазынын (1603—64) «Шаджара-и-түрки» аттуу чыгармалары менен тааныштыгы себепчи болгон. Анткени, Афрасиабдын образы бул чыгармаларда кеңири орун алган.
А. Боронов
ар. бедствие, стихийное бедствие; ушундай апат күндөрдө уяттан уят эмеспи уулуңдун үйдө жатканы? стих. разве не стыдно, что в такие тяжёлые дни сын твой пребывает дома? уйкудан апат болгонсуп, баардыгы жым-жырт мемиреп стих. все покоятся в безмолвии, будто повальным сном объяты; апат сал- причинить бедствие; учинить разгром; айлына апат салбасын фольк. как бы не разгромил их аул; апат айдагыр! проклятие по адресу крупного рогатого скота.
Табигый күчтөн же согуштан, талоончулуктан келип чыккан кырсык, бүлгүн. Арал деңизинин айланасындагы посёлоктордун үчтөн экиси апатка учурады («Эркин-Тoo»). Бул апатка эл алды болуп жалгыз ат, жалаң тондуулар туш болду («Ала-Тоо»).