апай I
интимно-почтительная форма обращения от апа (см. апа I);
ачкычыңызды мага бериңизчи, апай дайте-ка мне ваш ключ, сестрица.
апай II
апай бет плоский склон горы.
I зат. Өзүнөн улуу аялдарга карата эже, эжеке деген мааниде колдонулуучу сөз. — Машина да жолдон чыкчу беле, апай, — деди Акия озунуп (Сыдыкбеков).
АПАЙ II: сын. Айдөш, айдөшүрөөк келген. Апай бетте чуркап Динар далайга гүл терди (Сыдыкбеков).
Апай сөзү кыргыз тилинде өзүнчө айтылбайт. Ал апай бет деген учурда гана тизмектелип келет. Ушул апай бет деген тизмек К. К. Юдахиндин «Кыргызча-орусча сөздүгүндө» «плоский склон горы» болуп которулган (Юдахин, 60). Ал эми «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүндө» «айдөш», «айдөшүрөөк келген» делип берилген (КТТС, 55). Биздин оюбузча, апай бет айдөшүнөн эмес, адыр-күдүрү жок, тегиздигинен улам аталат. Ошондуктан апай бет дегенди «тегиз бет», «сулуу бет», «жайдак бет» деп түшүндүрүү чындыккка жакын келет.
Айдөөш, жантайыш, жантайма. Төштөгү апай беттин баары кайрак (Таштемиров). Апай бетте чуркап, Динар далайга гүл терди (Сыдыкбеков).
«Апа» деген мааниде өзүнөн улуу, апасы курактуу аялдарга кайрылуу формасы. Машина да жолдон чыкчу беле, апай! Муку башкарып бараткан шофер эмеспи, көрбөйсүзбү? – деди Акия (Сыдыкбеков).