АПАЙ
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаАпай сөзү кыргыз тилинде өзүнчө айтылбайт. Ал апай бет деген учурда гана тизмектелип келет. Ушул апай бет деген тизмек К. К. Юдахиндин «Кыргызча-орусча сөздүгүндө» «плоский склон горы» болуп которулган (Юдахин, 60). Ал эми «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүндө» «айдөш», «айдөшүрөөк келген» делип берилген (КТТС, 55). Биздин оюбузча, апай бет айдөшүнөн эмес, адыр-күдүрү жок, тегиздигинен улам аталат. Ошондуктан апай бет дегенди «тегиз бет», «сулуу бет», «жайдак бет» деп түшүндүрүү чындыккка жакын келет.