Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Баланын тууган энеси. Кол кабыш кылып, калың эл, Кор кылба карган апамы (Токтогул). Жүрөк туйлап алкымыма тыгылды, «Апаң оор» деген сөздү укканда (Байзаков). 2. Жалпы эле энесиндей болгон аялдарга кайрылганда айтылуучу сөз. Алпештеп сүйүп өстүргөн Апалар айтат саламды (Бөкөнбаев). Турсун апа, бай колхоздун сакчысы, Сан байлыктын ушунда алтын ачкычы (Осмонов).