Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Төө жөнүндө айтылган табышмакта Апан-тапан, жаман чапан, ийри комуз, жарык жылдыз делет. Мында апан-тапан дегени — буту, жаман чапаны — жүнү, чуудасы, ийри комузу — мойну менен өркөчү, жарык жылдызы — көзү. К. К. Юдахин апан-тапан сөзүн «неуклюжий» деп которсо (Юдахин, 60), «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүндө» аны кайталап, «эпсиз, эби жок, олжогой, кеби-сыны жок» деп түшүндүргөн (КТТС, 55). Биздин оюбузча, бул жерде сөз төөнүн эби-сыны жоктугунда эмес, анын таманы (тапаны жөнүндө болуп жатат. Ошондуктан апан-тапан дегенди кошмок сөз катары карабастан, анын составындагы тапан сөзүн таман сөзү деп билип, апан дегенин анын аныктоочу катары кароо зарыл. Казак тилинде апан деген сөз «оюк», «чуңкур» деген маани берет (КазТТС, 291). Бирок төөнүн таманында оюк, чуңкур жок, андыктан бул сөз апан-тапан дегенге туура келбейт. Жогорку апан сөзү апыйган<--алпыйган деген сөздүн тыбыштары кыскарып, тапан сөзүнө ылайыкташып кеткен түрү деп айтууга болот. Анткени төөнүн таманы алпыйып абдан чоң. Ушундай чоң таманын баса белгилөө аркылуу төөнүн өзгөчө белгисинин бирин табышмакка чагылдырган. Ал үчүн апыйган<-- алпыйган деген үч муундуу сөздүн бир муунун кыскартып, тапан деген сөзгө окшоштуруп айтуу табышмакты көркмөдөп, уккулуктуу кылуу талабына ылайыкталган.