Киргизско-русский словарь Юдахина

өт I
1. жёлчь;
тирүүлөй төгөм өтүңдү - живым я пролью твою жёлчь (т.е. распорю тебе живот);
өтүңдү жарып алайын, өлүм кылып салайын фольк. - жёлчь твою я распорю, тебя умерщвлю;
2. (о человеке) ловкий, боевой;
ө(р)т жигит - боевой парень;
өтүн жара жалынат - он униженно упрашивает, слёзно умоляет;
өтүн жара жалынса да, кулак салбайт сөзүнө стих. - хотя он даже слёзно умоляет, (тот) не внемлет его словам.
өт- II
(см. өтө I)
1. проходить, миновать;
көпүрөөдөн өттү-  он прошёл через мост;
суудан өт - перейти, переправиться через воду;
суудан өткүчө энемди берейин поговорка>погов. - пока через воду перейти - (мол) мать свою отдам; тонул - топор сулил, вытащили - топорища жаль;
таяк эттен өтөт, сөз сөөктөн өтөт погов. - палка в тело проходит, слово в кость проходит; бритва скребёт, слово режет;
беш жыл өттү - прошло пять лет;
өткөн жылдар - прошлые годы;
өткөм жылы - в прошлом году, в минувшем году;
өткөн жолу - в прошлый раз;
өткөн айда - в прошлом месяце;
өткөн катта - в прошлом письме;
өткөндө - в прошлом;
айтып өт - коснуться в разговоре, в речи;
кыскартылган жумуш күнүнө өт - перейти на сокращённый рабочий день;
мен жетимиштен өттүм - мне за семьдесят; мне уже восьмой десяток пошёл;
жашы өтүп кеткен - переросток (напр. об ученике);
жолугушуу өз ара түшүнүүнүн кырдаалында өттү - встреча прошла в обстановке взаимопонимания;
өткөн чак грам. - прошедшее время;
2. перен. опережать, превосходить;
туугандан өтөм десең, кой бак; душмандан өтөм десең, аштык бак погов. - если хочешь опередить своего, разводи овец; если хочешь опередить врага, заводи посев;
өтөр киши жок - с предшеств. исх. п. никто его не может превзойти;
чоор тартуу жагынан, Каныбек үчүн, Атабектин койчусунан өтөр киши жоктой туюлчу - Каныбеку представлялось, что по части игры на свирели никто не может превзойти Атабекова пастуха овец;
андан өтөрү жок - его никто не превзойдёт;
бири биринен өткөн или биринен бири өткөн - один другого стоит, один другому не уступит;
3. умирать;
өттү или дүйнөдөн өттү или ааламдан өттү - он умер;
4. прощать;
тобо кылсам, кудайым жазыгымды өтөрбү? стих. - если я покаюсь, простит ли бог мой грех?
капалыктан өтүп кой - прости за (причинённое тебе) огорчение;
5. (о режущих, колющих предметах) - быть острым;
бычагың өтөбү? - твой нож режет?, твой нож острый?
бул бычак өтпөйт - этот нож не режет, этот нож тупой;
6. (о товаре) быть ходовым;
өтө турган мал или өтө турган товар - ходовой товар;
өтпөгөн товар - неходовой товар;
барыбыздын башыбыздан өткөн мы всё испытали, пережили;
акыбыз өткөн нашего перешло (нам недодали, нас обсчитали, с нас взяли больше, чем следует и т.п.);
ичи өтөт его слабит;
таманынан таш өтүп, маңдайынан күн өтүп жүргөн киши человек, живущий в непосильных трудах и лишениях;
сеники өттү или азабың өттү ты донял; ты причинил неприятность, ты измучил;
өттү го сенин кордугуң фольк. ведь твои издевательства измучили;
калайыктын баарына, жашы менен карыга, заарың өттү, Сарыбай фольк. твоя злоба, Сарыбай, измучила весь народ: и стариков и молодых;
тили өтүп кетти он своим (язвительным) языком донял;
менден көзү өтүп кетти он впился в меня взглядом;
менден көзү өтүп кетти, бирдеме айтар бекен деп он в меня впился взглядом, не скажет ли, мол, он чего-нибудь (в мою пользу, в мою защиту);
коондон көзү өтүп с жадностью глядя на дыню (как бы полакомиться);
астынан өт- или алдынан өт- поговорить с кем-л. добром, по-хорошему;
анын алдынан өтүп, кечирим сурай кой ты поговори с ним добром и попроси извинения;
алдынан бир өтпөйсүңбү? а не поговорить ли тебе с ним по-хорошему?
алдыман өтпөй эле кой передо мной брось извиняться;
мурунку рекордду басып өттү он побил прежний рекорд;
кол коюу болуп өттү состоялось подписание;
ал кул болуп өткөн он был (всю жизнь) рабом;
өттү-кетти было да прошло; было да сплыло;
өткөнү - өттү дейли (ну уж) скажем, что прошло (не будем вспоминать);
өткөн-кеткен
1) путники, прохожие-проезжие;
2) былое-прошлое;
өткөн менен кеткенди баян кылып таштады фольк. он рассказал о прошлом, о былом;
өткөн-кеткенди эске сал- напоминать былое-прошлое;
өтөр-кетер сөздөр или өткөн-кеткен сөздөр разговоры о том о сём;
күбө өт- см. күбө II.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Боор бөлүп чыгаруучу саргыч жашыл түстөгү ачуу суюктук. Бул кымыздын ичинде: үч тамчы ак кажырдын өтү бар (Жантөшев).
2. өт. Курч, өткүр, шамдагай. Өт жигит.
ӨТ II этиш. 1. Бир жерден экинчи бир жакка басуу, үстүнөн басып, экинчи тарабынан чыгуу. — Байбиче, келиңиз, көрсөткөн орунга өтүңүз (Сыдыкбеков). Көп жылкыны чубатып, Көсөр калмак өткүчө Артынан жөө барамын («Эр Табылды»).
2. Мурда болуп кетүү, ошол учурда убактысы, мезгили жагынак алганда бүтүп калган абалда болуу. Кезегимдин өткөнүн Сйлоно калдым бүгүн мен («Курманбек»). Арадан бир жыл өттү. Бир саат өттү.
3. Батып кетүү, катуу басып бата түшүү. Таманынан таш өтүп, Маңдайынан тер кетип («Манас»). Аркан өтүп сыздаган бели оор жүктү.. таштагандай жеңилди (Аалы).
4. Катуу таасир калтыруу, жапа чектирүү, жанга бата түшүү. Асыл булбул Токоңо Айдоонун даты көп өткөн (Токтогул). Жүрөгүм мокоп калыптыр, Кудайназар как баштын Кордугу өтүп ашынып («Эр Табылды»).
5. Кесип, тешип же көзөп кетүү. Кылычтаса, Төштүккө өтпөгүдөй кыларда («Эр Төштүк»). Жүрөгүн тешип өтсөм Аткан октой (Барпы).
6. Сиңүү, таралуу. Кадыры элге бөтөнчө Өткөн жигит жакшы экен (Барпы).
7. Озуу, ашып кетүү, артыкчылык абалда, ашкан абалда болуу. Туугандан өтөт десеңкой бак, душмандан өтөм десеңаштык бак (макал).
8. Өтүмдүү болуу, тез сатылып же тез алынып кетүү. Тез өткөн товарлар. Базарга саткан алмалары бат эле өтүп кетти.
9. өт. Ажалы жетүү, каза болуу, жок болуп кетүү. Өзүң жок, өрнөгүң бар, ишиң тирүү, Арадан ата Ленин өткөн менен (Үсөнбаев). Ажал жетсе амалсыз, Биз да бир күн өтөбүз (Токтогул).
Дүйнөдөн өтүү — каза болуу, жашоодон кетүү, өлүү. Бейли жумшак кебезден, Бул дагы өттү дүйнөдөн (Токтогул). Ичи өтүү — ичи бузулуу, чычкактоо. Каса нан жеп, ич өтүп, Далай адам өлүштү (Токтогул). Көзү өтүү к. көз. Алдынан өтүү — кечирим суроо, күнөөсүн мойнуна алуу , жөн-жайын айтып түшүндүрүү. Өтө чабуу — аша чабуу, ашкере кетүү. Чымчып өтүү — какшык, кычаштык сөз айтуу. Сөзү өтүү — бирөөнү сөзгө келтирүү, тил алдыруу. Тах өтүү к. так III.

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
өт (зат а.)
өт айдама дарылар
өт баштыгы
өт бөлүү, агуу (мед.)
өт жолдору (мед.)
өт кислотасы (мед.)
өт пайда болуу (мед.)
өт пигменттери
өт таштары (мед.)
өт түтүгү
өт түтүгү бүтөлгөндөгү
сарык (мед.)
өт түтүгүнүн фистуласы,
тешиги
өт ыйлаакчасынын венасы
өттүн таш оорусу
өттүн токтоп калышы

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Каардуу, катуу, каарданган, чамынган, бууракандаган. Бетти, колду каарыган долу бороон (Сыдыкбеков). Кечээ күнкү, күрпүлдөгөн долу Чүй, Эпке келип, бүгүн бизге багынды (Турусбеков). 4. өт. Оң каарман аялдарга сүймөнчүлүк менен ыкыбал кылып, туруктуу, кайраттуу деген мааниде кайрылуунун бир түрү. «Кокуй, долу бейбактын, Күнү эмине болот?» – деп («Манас» С. К.).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир жерден экинчи бир жакка басуу, экинчи тарабына чыгуу. – Байбиче, келиңиз, көрсөткөн орунга өтүңүз (Сыдыкбеков). Көп жылкыны чубатып, Көсөр калмак өткүчө, Артынан жөө барамын («Эр Табылды»). Сыноосунан өтсөң – дүйнө чалкыган, Азабын да дароо унутуп калуу жан (Турсунбеков). 2. Мурда болуп кетүү, ошол учурда убактысы, мезгили жагынан алганда бүтүп калган абалда болуу. Кезегимдин өткөнүн Ойлоно калдым бүгүн мен («Курманбек»). Арадан бир жыл өттү. Бир саат өттү. Өткөндү билбеген эл – атасын тааныбаган баладай (макал). 3. Батып кетүү, батып кеткендиктен денени оорутуу. Таманынан таш өтүп, Маңдайынан тер кетип («Манас»). Аркан өтүп сыздаган бели оор жүктү алып таштагандай жеңилдеди (Токомбаев). 4. Катуу таасир калтыруу, жапа чектирүү, жанга бата түшүү. Асыл булбул Токоңо Айдоонун даты көп өткөн (Токтогул). Жүрөгүм мокоп калыптыр, Кудайназар как баштын Кордугу өтүп ашынып («Эр Табылды»). 5. Кесип, тешип же көзөп кетүү. Кылычтаса, Төштүккө өтпөгүдөй кыларда («Эр Төштүк»). Жүрөгүн тешип өтсөм, Аткан октой (Барпы). 6. Сиңүү, таралуу. Кадыры элге бөтөнчө, Өткөн жигит жакшы экен (Барпы). 7. Озуу, ашып кетүү, артыкчылык абалда, ашкан абалда болуу. Туугандан өтөм десең – кой бак, душмандан өтөм десең – аштык бак (макал). 8. Өтүмдүү болуу, тез сатылып же тез алынып кетүү. Тез өткөн товарлар. Базарга саткан алмалары бат эле өтүп кетти. 9. өт. Ажалы жетүү, каза болуу, жок болуп кетүү. Ажал жетсе амалсыз, Биз да бир күн өтөбүз (Токтогул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
өткөр менен бирдей. 1. Бир нерсени экинчи бир кишиге санап берүү, өткөрүп берүү. Колхоздун малын так санап, так эсеп-чоттон өткөз (Байтемиров). 2. Бир жерден экинчи жерге өткөрүп, узатып коюу. Майып кишини көчөнүн аркы өйүзүнө өткөзүп койду («Кыргыз Туусу»). 3. Бир нерсени көзөнөктөп, көздөн өткөрүү. Ийненин көзү кичине болгондуктан, Динар жипти өткөзө албай убараланды (Сыдыкбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. проход (напр. сквозь чащу); брод, переправа (напр. через небольшую речку);
өткөөлү татаал майда калың чер труднопроходимая чаща мелколесья;
тар өткөөл узкий проход;
2. горн. проход, проходка;
өткөөлдү тез жасоочу мастер мастер скоростной проходки;
өткөөл доору переходный период.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Бир нерсени өткөрүү үчүн жасалган жол; өтө турган жер, кечүү, кечмелик. Ашмр тик өткөөл менен өтүп, Мустафалардын тобуна жетти (Сасыкбаев). [Суунун] чыгыш тарабы болсо өткөөлү татаал майда калың чер (Жантөшев).
2. Шахталарда, кендерде, туннелдерде ж.б. өтүп туруучу жер, жай.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир нерсени өткөрүү үчүн жасалган жол; өтө турган жер, кечүү, кечмелик. Ашыр тик өткөөл менен өтүп, Мустафалардын тобуна жетти (Сасыкбаев). Суунун чыгыш тарабы болсо өткөөлү татаал майда калың чер (Жантөшев). 2. Шахталарда, кендерде, туннелдерде ж. б. өтүп туруучу жер, жол.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от өт- II
проводить, заставлять проходить;
суудан өткөр- переправить или помочь переправиться через воду;
өткөрүп ал- принять что-л., произвести приёмку;
товар өткөрүп ал- принять товар;
өткөрүп алуучу приёмщик;
өткөрүп алуучу пункт приёмочный пункт;
өткөрүп бер- сдать, передать;
ишти өткөрүп бер- сдать дела;
юбилей өткөр- отмечать юбилей, праздновать юбилей;
күн өткөр- жить, существовать;
баштан өткөр- испытать, пережить;
жетимчилик күндөрүн башынан өткөргөн он испытал сиротскую долю (букв. жизнь);
ич өткөр- слабить, вызывать понос;
ич өткөрө турган дары мед. слабительное;
өткөрүп жибер-или өткөрүп ий- упустить (напр. удобный случай);
убактыны өткөрүп жибер- упустить время;
өткөрүп ийип атамды фольк. (я) лишившись своего отца.

Киргизско-русский словарь Юдахина
(өткөр-ө)
очень, в высшей степени;
өткөрө кыйын иш очень трудное дело;
өткөрө баатыр или өткөрө эр выдающийся богатырь, исключительный храбрец;
өткөрө чап- разрубить, рассечь;
өткөрө чаал өт алган - өткүр эле Күлчоро фольк. ловкий был (богатырь) Кюльчоро: рассекая (человека), он доставал жёлчный пузырь;
өткөрө башың барында өзөнгө бойлоп конбочу фольк. пока на плечах твоя головушка, не располагайся аулом по речке;
шилиден өткөрө кара- см. шили.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ӨТКӨРҮМ БАРАКЧАСЫ – 1) жүктү чет өлкө темиржолуна өткөрүү үчүн чегара бекетинде түзүлө турган документ. Ал өткөрүп берилүүчү вагондогу жүк тууралуу маалыматтарды камтыйт; 2) өткөрүп берилүүчү, анын ичинде ишкананын бир бөлүмүнөн экинчи бөлүмүнө (баары же жүк орун бирдигинде) өтүүчү мүлк менен баалуулуктардын курамы тууралуу маалыматтарды толук камтыган документ. Ал башка товар өткөрүп берүүчү документтерге коштолушу да мүмкүн.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ӨТКӨРҮП БЕРҮҮ АКТЫСЫ – төмөндөгү жагдайларга ылайык түзүлүүчү документ: а) юридикалык жактар кошулганда, алардын арбиринин укугу менен милдеттери жаңы пайда болгон юридикалык жакка өтөт; б) бир юридикалык жактын дагы бир жакка келип кошулуусунда анын укугу менен милдеттери ошол юридикалык жакка өтөт; в) юридикалык жак кайра түзүлгөндө, анын укугу менен милдеттери кайра түзүлгөн юридикалык жакка өтөт. Ө. б. а-нда кредитчилер менен карызкорлорго карата баардык милдеттенмелери боюнча, анын ичинде тараптар талашып жаткан милдеттенмелер боюнча да мураскорлук жөнүндөгү жоболор камтылууга тийиш.

Киргизско-русский словарь Юдахина
кратковрененный дождь;
өткүн бир аз себээлеп өтту прошёл небольщой мелкий дождь;
жашчылык өзү - чөп гүлү, жайдын жамгыр өткүнү фольк. молодость - цветок травы, летний проходящий дождь.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Белгилүү бир тилке менен тез жаап өткөн жаан, күн катуу, текши бүркөлбөгөн учурдагы кыска мөөнөттүү жаан. Кыйла күндөн бери өткүн да болгон жок (Байтемиров). Аткулактуу төрдү өткүн мөндүр сабап-сабап тургандай класс ичи дуу-дуу көтөрүлдү (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Белгилүү бир тилке менен тез жаап өткөн жаан, күн катуу, текши бүркөлбөгөн учурдагы кыска мөөнөттүү жаан. Кыйла күндөн бери өткүн да болгон жок (Байтемиров). Аткулактуу төрдү өткүн мөндүр сабап-сабап тургандай класс ичи дуу-дуу көтөрүлдү (Сыдыкбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. острый (режущий, колющий);
өткүр бычак острый нож;
көзү өткүр перен. у него пронизывающий взгляд;
2. перен. (о человеке) энергичный, боевой, смелый;
өткүр жигит боевой парень.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Курч. Ташка тийип кетилди, Далай болот өткүр миз (Токтогул). Канжардын өткүр мизи анын оң кулагын шылып түштү (Сыдыкбеков). Колундагы кайлоонун Курчтугу өткүр болоттой (Осмонкул).
2. өт. Тайманбас, тартынбаган, өтүмдүү. Кузьма Ашырдын.. өткүр мүнөзүн жактырар эле (Сасыкбаев). Өткүр жигит өйдө өтөт, Жүргөн жерин гүлдөтөт (Үмөталиев).
Көзү өткүр — теше тиктеген, көз карашы курч. Жүкөштүн көзү өткүр, кыймылы тез, сүйлөгөнү ыкчам (Сасыкбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Курч. Ташка тийип кетилди, Далай болот өткүр миз (Токтогул). Канжардын өткүр мизи анын оң кулагын шылып түштү (Сыдыкбеков). Колундагы кайлоонун Курчтугу өткүр болоттой (Осмонкул). 2. өт. Тайманбас, тартынбаган, өтүмдүү. Кузьма Ашырдын өткүр мүнөзүн жактырар эле (Сасыкбаев). Өткүр жигит өйдө өтөт, Жүргөн жерин гүлдөтөт (Үмөталиев).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Курчтук, бир нерсеге тийсе кесип кетүүчүлүк. Биздин чапкан алмаз болот кылычтын Өткүрлүгүн кылым бою эстесин (Осмонкул).
2. өт. Тартынбастык, тайманбастык, өтүмдүүлүк. Кырмусшаанын Мурадыл Өткүрлүгү арбын, өзү жаш («Манас»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Курчтук, бир нерсеге тийсе кесип кетүүчүлүк. Биздин чапкан алмаз болот кылычтын Өткүрлүгүн кылым бою эстейсиң (Осмонкул). 2. өт. Тартынбастык, тайманбастык, өтүмдүүлүк. Кырмусшаанын Мурадыл Өткүрлүгү арбын, өзү жаш («Манас»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
уподоб. от өткүр
изображать из себя храбреца, смельчака; храбриться, заноситься;
өкүмүңө саласың, азыр өткүрсүгөн баласың фольк. действуешь ты властно, ты пока ещё зазнавшийся паренёк.

Киргизско-русский словарь Юдахина
проходной, сквозной; переходящий;
өтмө бригада сквозная бригада;
өтмө Кызыл Туу переходящее Красное Знамя;
айланып өтмө жол
1) объездная дорога;
2) перен. обходный путь;
өтмө катар или өтмө катардан сплошь, насквозь;
өтмө катарыман суу өттү я промок до нитки;
мезгилдер өтө берет өтмө катар стих. время идёт чередой;
өтмө катар дос давний друг;
өтмө катар сөөк см. сөөк 2;
өтмө катар тууган см. түү- III 1.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. Улам бирөөгө өткөрүлүп бериле турган. Өтмө Кызыл туу. Өтмө желек.
Өтмө катар — абдан сиңген; абдан сиңишкен, бири-бирине абдан кадыры өткөн; аралашкан. Өтмө катар дос. Өтмө катар сөөк-тамыр.

Киргизско-русский словарь Юдахина
именное образование от өт- II (указывает на действие, совершаемое мимоходом; употребляется только в вспомогательной роли);
анын ар кимди муштап өтмөйү бар за ним это водится - стукнуть (прям. , перен.) каждого;
сенин кекетип өтмөйүң да жок эмес ты тоже не без того, чтобы мимоходом словом уколоть;
колдон өтмөй одна из свадебных игр.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бүт суу болуу, кургак эч нерсеси калбоо. Жамгыр эленип, көчүк басар, кургак орун калбай, өтмө катарынан өтүп, сууга түшкөн чычкандай шүмүрөйүшүп, ак жаандан соңку чыкыроонго көк тумшук болуп тоңушуп, бүк түшүп жыгыла башташты (Касымбеков).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ӨТМӨ КОНОСАМЕНТ – деңиз менен жүк ташууда жүк жеткирилүүчү портуна аралык портто которуп алмаштырып жүктөө менен же унаанын башка түрүнө которуу менен жеткен учурда жазылып берилүүчү келишим. Адатта контейнердик жүк ташууда колдонулат. Ө. к. жөнөтүүчүнү жана алуучуну жүктү ташып жеткирүү боюнча түйшүктөн куткарат, анткени, жүктү ташып жеткирүүчү аны башка ташуучуга өткөрүп берүүдө экспедитор катары аракеттенет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ӨТМӨ МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУЧУЛУК – биркатар өлкөлөрдө (Франция, Италия, Испания, Польшада) парламенттин тапшыруусу боюнча президент, өкмөт тарабынан иш жүзүндө мыйзам күчүнө ээ ченемдик укуктук актыларды чыгаруу. КР ЖК өзүнүн мыйзам чыгаруу ыйгарым укугун 1 жылдан ашык эмес мөөнөттө КР Президентине өткөрүп бере алат. Мындай учурда Ө. м. ч. мыйзам күчүнө ээ жарлыктарды кабыл алуу менен ишке ашырылат. КР Президенти менен КР Өкмөтү укук чыгаруучулук ыйгарым укуктарынын айрым бөлүгүн өзүнө таандык органдарга өткөрүп берүүгө акылуу.

Киргизско-русский словарь Юдахина
өтө I
(өт II-ө)
очень, крайне, весьма;
өтө зарыл крайне нужно;
өтө жаман очень плохой;
өтө арзан очень дешёвый;
өтө жооптуу милдет очень ответственная задача;
өтө кайрат баш жарат погов. излишняя храбрость голову дробит;
өтө кеткен чрезмерный;
өтө кеткен шаан-шөөкөт чрезмерная пышность;
өтө эле кеткен уж очень;
быйылкы жаз өтө эле кеткен өзгөчө жаз болду весна этого года была совершенно исключительной;
өтө кетип калды он хватил через край; он перегнул палку.
өтө II
сев.
то же, что өтөлгө;
жакшылыгыңдын өтөсүнө чыгармын я тебя за твоё добро (когда-нибудь) отблагодарю.
өтө- III
1. исполнять, выполнять;
сөзүн өтөгөндөр те, кто сдержал своё слово (выполнили обещание);
мойнумдагы милдетимди өтөдүм я выполнил своё обязательство;
беш убак намаз өтөбөгөн он не исполнял (не совершал) пятикратного намаза (мусульманской молитвы);
жаза өтө- юр. отбывать наказание;
2. отплатить добром, отблагодарить;
карызымды өтөдүм я свой долг выполнил;
мен зиеме карызымды өтөдүм я свой долг перед матерью выполнил; я достойно отблагодарил свою мать.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I бөл. Эң, абдан, аябаган, аябай, эң эле. Өсүмдүккө өтө керектүү: күн жана аба! (Сыдыкбеков). Өтө шайыр киши эле, Ыр жазуудан жадабас (Осмонкул). Мындай карышкырлар өтө сейрек (Жантөшев).
ӨТӨ II этиш. Бир нерсени аткаруу, иштөө, иш жүзүнө ашыруу, белгилүү мөөнөткө кызмат кылуу. Бул жакшылыгыңды өтөөрбүз («Ала-Тоо»). Ошентип, айрылышкан муңдуу энем, Канткенде мээнетиңди өтөп берем? (Аалы). Өтөбөй калайыктын бир кызматын Жүрбөймүн жер бетинде адамсынып (Бөкөнбаев).

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
өтө (бөл.)
өтө аз
өтө жогорку жыштык
(физ.)
өтө жогорку үн ылдамдыгы (физ.)
өтө жугуштуу тумоолор
өтө зээндүү балдар
өтө каныккан буу (физ.)
өтө каныккан эритмелер
өтө кычкылдар
өтө өткөргүчтөр (физ.)
өтө өткөрүмдүүлүк (физ.)
өтө сезгичтик
өтө чабуу

Киргизско-русский словарь Юдахина
сев. уст. иносказательно
медведь;
аюу десе, кыштын күнү күн жаадырат дечү эле илгеркилер, чоң аталар, ошондуктан, аюу дебей, өтөгөн дечү эле прежние (люди), деды (наши) говорили, что если сказать "аюу", то зимой (медведь) вызовет атмосферные осадки, а потому говорили не "аюу", а "өтөгөн";
өтөгөндүн териси, өзү жатып, ий болот погов. медвежья шкура сама по себе (букв. лёжа) выделывается (делается мягкой).

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
Мурун «аюу» деген сөздүн ордуна колдонулуп келген: «аюу десе, кыштын күнү күн жаадырат дечү эле илгеркилер, чоӊ аталар, ошондуктан аюу дебей, өтөгөн дечү эле; өтөгөндүн териси өзү жатып ий болот погов. медвежья шкура сама по себе (букв. лёжа) выделывается (делается мягкой) (Юдахин 1965:602). Ушуга караганда, «аюу» сөзү байыркы мезгилде табу болгон деп божомолдоого болот. Жеӊем айтып калат: «Кайненем катуу чыгып, апама ыйлап келем. «Жашай албайт окшойм, апа, тигинтип атат, минтип атат»,- деп арызданам. Апам байкуш: «Кой, кызым, чыда, чыдап тур. «Өтөгөндүн териси өзү жатып ий болот», деп сооротот. Чын эле кийинчерээк кайнилерим үйлөнгөндөн кийин экөөбүз жакшы болуп кетсек болобу. Азыр экөөбүздөн жакын киши жок. Өтөгөндүн эмне экенин апам деле билбесе керек. Ойлонуп жүрүп кийин Юдахиндин сөздүгүнөн карасам, өтөгөн деген аюунун бир аты экен. Көрсө, аюунун териси өтө калыӊ болгондуктан, ийленбейт экен. Жерге салынып жүрүп, кийин өзүнөн өзү жумшарып ийге келет экен». Монгол тилдеринде аюу өтөгөн деп аталат экен. Макалга чейин кирип кеткенине караганда, бизде да илгери көп колдонулса керек.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ӨТӨ ЖАРДЫ ӨЛКӨЛӨР – 1971-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан кабыл алынган чен-өлчөмгө ылайык, улуттук дүң өнүмү жан башына эсептегенде 100 АКШ долларынан ашпаган, кайра иштетүү өнөржайынын улуттук дүң өнүмүндөгү үлүшү 10 пайыздан жогору болбогон жана 15 жашка чейинки калкынын сабаттуулугу 20 пайыздан ашпаган өлкөлөр.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ӨТӨ ЗАРЫЛДЫКТЫН ЧЕГИНЕН ЧЫГУУ – КР кылмыш-жаза мыйзамдары боюнча келтирилген коркунучтун жана коркунуч жоюлган шарттардын мүнөзүнө жана деңгээлине ачык туура келбеген, көрсөтүлгөн кызыкчылыктарга тете же болтурбай койгон залалдардан да арбын залалдарды келтирүү. Ө. з. ч. ч. атайылап залал келтирилген учурларда кылмыш-жаза жоопкерчилигине кириптер кылат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ӨТӨ ЗАРЫЛЧЫЛЫК (Аргасыздык) – кылмыш-жаза укугунда кылмыш жосунун жокко чыгара турган жагдайлардын бири. Ө. з-тан улам укук коргоо кызыкчылыгы үчүн залал келтирилген болсо, т. а. эгер ал ошол адамдын же дагы башка жактын кертбашына жана укугуна, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгына карата келтирилген коркунучту жоюу үчүн ошол жагдайда андан башка каражаттарды колдонуу мүмкүн болбосо жана келтирилген коркунучка караганда келтирилген залалдын зыяны азыраак болсо, ал аракет кылмыш болуп эсептелбейт. Ө. з. эрежеси администрациятивдик жоопкерчиликке карата да колдонулат. КР жарандык укугунда Ө. з. түшүнүгү кылмыш-жаза жана административдик укуктар менен иш жүзүндө дал келет. Бирок, жалпы тартип боюнча, Ө. з-тын болушу келтирилген зыяндын ордун толтуруу жоопкерчилигинен бошотпойт. Ошол эле учурда, сот мындай зыяндын келип чыгуу жагдайын эске алуу менен зыяндын ордун толтуруу жоопкерчилигин кызыкчылыгы үчүн зыян келтирилген үчүнчү жакка оодарышы мүмкүн, же болбосо, зыян келтирген жакты да, үчүнчү жакты да зыяндын ордун толтуруу жоопкерчилигинен толук же жарым-жартылай бошотушу мүмкүн.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсени аткаруу, иштөө, иш жүзүнө ашыруу, белгилүү мөөнөткө кызмат кылуу. Бул жакшылыгыңды өтөөрбүз («Ала-Тоо»). Ошентип, айрылышкан муңдуу энем, Канткенде мээнетиңди өтөп берем? (Токомбаев). Өтөбөй калайыктын бир кызматын Жүрбөймүн жер бетинде адамсынып (Бөкөнбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. горная впадина, ровное место в горах, на склоне горы (защищённое от ветра, а потому удобное для зимовки скота);
кой туудурчу өтөк место, удобное для окота овец;
муруту өтөккө чыккан чалкандай фольк. усы у него, будто крапива, выросшая в горной впадине (большие и кудрявые);
өндүр-өтөк, адыр-күдүрлөр ложбины и впадины, холмы и бугры (место неровное);
2. южн. зимовье (место, где зимуют со скотом);
3. место бывшей стоянки аула.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Тоо этегиндеги ойдуң, оюраак жер, тоо этеги. Мен өтөктөгү корумга чыктым (Жантөшев). [Жайыттын] ойдуң өтөк жерлери ыргалган кара кыяк (Убукеев). Өтөк жери көйкөлгөн, Өзөндө аккан суусу бар (Осмонов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Тоо этегиндеги ойдуң, оюраак жер, тоо этеги. Мен өтөктөгү корумга чыктым (Жантөшев). Жайыттын ойдуң өтөк жерлери ыргалган кара кыяк (Убукеев). Өтөк жери көйкөлгөн, Өзөндө аккан суусу бар (Осмонов). Өтөгү башы мандалак, Кырк өрүм чачың далдалап («Эл адабияты»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Тындыра орундатуу, аягына чыга аткаруу, бүтүрүү. Иштин өтөсүнө чыга албаса, кээ бир кызматчылар өзүнүн арызы менен бошонуп алары жакшы маалым. Адатта дос күтпөгөн адам болбойт, бирок анын өтөсүнө чыгуу баарынын эле колунан келе бербейт (Каимов). Керээли‑кечке иштеп тапкан эмгегинин өтөлгөсүнө арзыбаган тыйын алганына ичи ачышып калды («Ала‑Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Тындыра орундатуу, аягына чыга аткаруу, бүтүрүү. Иштин өтөсүнө чыга албаса, кээ бир кызматчылар өзүнүн арызы менен бошонуп аларын биз жакшы билебиз («Жаш ленинчи»). Адатта дос күтпөгөн адам болбойт, бирок анын өтөсүнө чыгуу баарынын эле колунан келе бербейт (Каимов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
өтүк I
сапог;
кийиз өтүк сев. валенки;
өтүгүң тар болсо, дүнүйөнүн кеңдигинен не пайда? погов. что пользы в том, что мир просторен, когда у тебя сапоги тесны?
базар өтүк простые (не на заказ шитые) сапоги;
өтүк чеч- снимать сапоги, разуваться;
эки бутун бир өтүккө тыкты он две ноги его в один сапог сунул; он ёго в бараний рог согнул;
өтүгүңдүн кончуна кирип кете жаздадың ты (так перетрусил, что) готов был влезть в голенище своего сапога;
өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип непомерно чванясь и возомнив о себе (букв. сам себя зная, сапоги свои на почётное место повесив; см. төр 1).
өтүк II
то же, что үтүк.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Кончу узун бут кийим. Өтүгүң тар болсо, үйүңдүн кеңдигинен не пайда (макал).
Эки буту бир өтүккө кийилүү к. бут I. Кийиз өтүк — басып жасалган кийиз чокой.
ӨТҮК II үтүк менен бирдей.

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
(кете, мөкү, көк жеке) — сыйда бут кийим. Кош оймолуу, көк жалдуу, булгаары өтүк, миз таман.
      «Өкчөсү карыш «көк жеке»
      Оймо така ичинде,
      Алтындан кылган жылаажын.
      Кош коңгуроо жеке сан.
      Козголсо үнү шыңгырап»,
      («Манас»).
      («Манас» жана «Семетей» эпосторунда көк жеке, жекесаң, упуке, накери, кырмызы маасы деген бут кийимдердин аттары көп кездешет. Ошондой эле алардын кандай шарттарда жана максатта кийилгендиги кеңири айтылат. Булардын ичинен эң баалуу жана аземдүүсү Көк жеке өтүгү. Ал эркектердин кымбат баалуу бут кийими. Аны бир гана эл башкаруучулар кийген. Кээде бийик такасы көңдөй жасалып, жылаажын салынып коюлган.
      Жасалгалуу өтүктөрдү, дегеле кийимдерди алтын, күмүш чөгөрүп, кооздоо ыкмасы II—VI кылымдарда Борбордук жана Орто Азия, Жакынкы Чыгыш аймактарында жашаган көчмөн элдерде айрыкча таралганы тарыхтан маалым.
      Көчмөңдүү турмушта ат жалында күн өткөргөн элибиздин тынымсыз көчтөрүндө жекесаң коңгуроо тагылган төө жетектеп, күмүш жабдыктуу ат минип, ала тамак шөкүлө, чачпактардын шаңгыраган үнүнө үн коштуруп жыбылжыган жылаажындуу «көк жеке» өтүк, намеркан маасы кийишкен кыз-келиндер өздөрү жашаган айылдын көркү болушкан.
      Өтүк кара малдын терисинен иштетилген булгаарыдан жасалат. Бүтүндөй кайыш менен тигилет. Атка минип, түшкөн ыңгайлуу болуш үчүн тумшугу учтуураак келип, жогору карай азыраак кайкалап турган. Таманын жана апкытын кабатталган кайыш менен калыңдатып, өкчөсүн бийик жасап, алдыңкы бетиндеги атайын жасалган оюкка же кончуна коңгуроо тагылган. Ошондой эле узун келип, тизени жаап турган. Ал эми кончтун арткы жагы кыйгач кесилип, ат үстүндө жүрүүгө, отуруп турууга ылайыкташтырылган. Муну ултарууда адегенде анын кончун, башын жана апкытын бычат да, үчөөнү бириктире илме шибеге менен кайыйт. Эми кеп жыгачты салуу үчүн ич таманды жаткызып алат да, өтүктүн башы жана апкыттын жээктерин ич тамандын үстүнө керип, узундугу 1,5 смдей жыгач мыкты урат.
      Өтүкчүлөр кайыңды араалап, тапка кургатып, жука тилип, бир башын эки кыр учтап, жыгач мыкты өзүлөрү жасап алышат. Андан кийин сырт таман коюлуп, урулган мыкты өтүктүн ич таманы кармайт да, өтүк така урулат. Кайың мык сууга тийсе, ого бетер көөп, бекиткен жерин катуу кармайт. Ал эми темир мыкты дат басат да, бат эле чирип калат. «Келинге кете кийгизип, кызматын журтка тийгизип» (кете — куш тумшуктанган бут кийим) — деп, элдик эпостордо айтылат.
      Ултаруу көбүнчө эркектерге таандык өнөр болгон.
      Өтүк узун кончтуу, такалуу болгондуктан кончуна чийме сынпос (булгаарыга түшкөн кооздук) берилген. Ал башка көп буюмдарына түшкөн оюм-чийимдерден анча айырмаланбайт. Кыз-келиндердин өтүгүнүн өкчөсүнө өтүкчүлөр жылаажын коюшкан. Ал басып турганда кулакка угулаар-угулбас жагымдуу үндү берген.
      Өтүктүн накери, мөкү жана башка түрлөрү болгон. «Алтындан наалы, жез өкчө, Айдаркан уулу эр Көкчө» — деп «Манаста» сүрөттөлөт. Бир кездердеги элдин кол өнөрүнөн, чексиз талантынан жаралган ажайып кооздуктагы байыркы элдик кийимдерди өткөндүн ыйык белеги, сулуулуктун сүйкүмдүү көркү катары кийинки муундарга мурас кылып калтыруу биздин милдетибиз гана эмес, күндөлүк жашоо-турмушубуздун бир бүтүндүгү болууга тийиш. Ошондуктан, мындай баалуу эстеликтерди изилдеп, окуп, үйрөнүү менен бирге, аларды өз калыбына келтирип, эл керектөөсүнө кайрып берүү учурубуздагы зарыл талаптарынын бири. Ошол эл ичинен чыккан колунан көөрү төгүлгөн чеберлердин таланты менен бирдикте «Мурас», «Кыял» бирикмелери жогоруда сөз кылынган эпикалык «накери» өтүктөрдү чыгарууга назар таштоолору зарыл.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кыргызча өтүк түрүндө айтылган сөз казакча етик, чувашча ата болуп айтылат. Чувашча ата сөзү аяккы к тыбышын түшүргөн атак сөзү болуп эсептелет. Атак сөзү болсо азыркы аяк (айак) сөзүнүн байыркы кездеги формасы болгон. Азыркы кезде бут кийим деп айткан сыяктуу болуп байыркы кезде атак кийим болуп айтылып, кийин казак тилиндегидей етик болуп өзгөрүп, анын кыргыз тилиндегидей өтүк түрүнө келген окшойт.

Киргизско-русский словарь Юдахина
имеющий сапоги, в сапогах;
соору өтүктүү
1) тот, кто обут в сапоги из грубой кожи (см. соору);
2) перен. бедняк;
жеке өтүктүү
1) тот, кто носит франтовские сапоги (см. жеке II);
2) перен. богатый, власть имущий.

Киргизско-русский словарь Юдахина
страд. от өт- II;
өтүлгөн темалар пройденные темы;
орус тили такыр өтүлбөгөн русский язык совсем не проходили;
айтылып өтүлгөн было сказано; было названо;
жетимдин айткан бир сөзү сөөгүмдөн өтүлдү фольк. слово, сказанное сиротой, сильно подействовало на меня.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
: зат. 1. Өткүрлүк, тайманбастык, тартынбастык. Өтүмү жок жигит.
2. Тез өтүп кетүүчүлүк, тез сатылып кетүүчүлүк. Же болбосо өтүмү жок бирдемелерди бердирип, өзүн соодага ыңтайсыз жерлерге алмаштырып жиберет («Советтик Кыргызстан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Өткүрлүк, тайманбастык, тартынбастык. Өтүмү жок жигит. 2. Тез өтүп кетүүчүлүк, тез сатылып кетүүчүлүк. Же болбосо өтүмү жок бирдемелерди бердирип, өзүн соодага ыңгайсыз жерлерге алмаштырып жиберет.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. (о человеке) имеющий способность оказывать действие; энергичный, активный;
сөзү өтүмдүү его слова убедительны, авторитетны;
Өмүрбекке караганда Гүлай, кандайдыр, өтүмдүү сыяктуу эле Гюлай по сравнению с Омюрбеком была как будто энергичнее;
2. (о товаре) ходовой, ходкий;
өтүмдүү товарлар или өтүмдүү мал ходовые товары.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ӨТҮМДҮҮ АКТИВДЕР – накалай акчалар, алтын, эсептеги талап кылынганга чейинки каражаттардын калдыгы, бир календардык айга чейинки мөөнөттөгү депозиттер, жеке менчик жана мамлекеттик баалуу кагаздар, коммерциялык векселдер жана банктын жеңил сатылып кетүүчү каражаттары.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ӨТҮМДҮҮ АКЦИЯЛАР – белгилүү мөөнөттө катталган баа боюнча артыкчылыктуу, жөнөкөй акцияларга жана башка баалуу кагаздарга айырбаштап алууга болуучу акциялар. Өтүмдүү шарттары жана алардын жарактуу мөөнөттөрү эмиссиялардын проспектинде толук көрсөтүлөт. Көпчүлүк Ө. а. кайра кайтма. Эгер өтүмдүүлүк мөөнөтү бүтүп калса, андай акциялар анык болуп калышат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ӨТҮМДҮҮ ВАЛЮТА – баардык чет өлкөлүк валюталарга эркин алмаштырыла берүүчү валюта (м.: өнүккөн капиталисттик мамлекеттердин көпчүлүгүнүн валютасы). Жүгүртүүсү чектелген, т. а. баардык валюталык аткарымдарга, баардык ээлик кылуучулар үчүн жарабаган валюталар жарым-жартылай өтүмдүү деп аталат.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Сурануу, сураныч менен бирөөгө кайрылуу. [Капсалаң] Ызакулга атайылап назарын салып өтүндү (Бейшеналиев). Ошого [Мөмө тоюна] катышып анан кетүүңүздү коллектив, Кузьмич ага, сизден өтүнөт (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сурануу, сураныч менен бирөөгө кайрылуу. Капсалаң Ызакулга атайылап назарын салып өтүндү (Бейшеналиев). Ошого мөмө тоюна катышып анан кетүүңүздү коллектив, Кузьмич ага, сизден өтүнөт (Сыдыкбеков).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ӨТҮНМӨ (СУНУШТАМА) – жогорку баскычта турган мамлекеттик органга (коомдук уюмга) даректелген ырасмий өтүнүч же сунуштама; 1) Ө. жарандардын кайрылууларынын (арыз, петициялары менен бир катардагы) бир түрү катары каралашы мүмкүн. КР жарандыгына кабыл алуу же жарандыгынан чыгуу жөнүндөгү өтүнүчтөр, референдум өткөрүү боюнча демилгелүү топту каттоо жөнүндөгү, кишилерди качкындар же аргасыз ооп келгендер катары таануу өтүнүчтөрү Ө. мисалдары болуп саналат; 2) сот өндүрүшүндө иштин катышуучусунун алгачкы тергөө органдарына, тергөөчүгө, прокурорго, судьяга, сотко процессуалдык аракеттерди ишке ашыруу же чечимдерди кабыл алуу жөнүндөгү ырасмий өтүнүчтөрү Ө. деп түшүнүлөт; 3) соттолгондор кечирим берүү өтүнүчтөрү менен кайрылууга укуктуу. Ө. түзөтүү мекемелеринин жетекчилиги тарабынан жүрүм-туруму жакшы мүнөздөлгөн соттолгондорго берилүүсү ыктымал; 4) Ө. суроо-талам жана арыз менен бир катарда КР Конституциялык сотуна кайрылуунун дагы бир таризи; 5) Ө. түрүндө райондор аралык сот өндүрүшүндө кудуретсиздик жөнүндөгү иштер козголот.

Киргизско-русский словарь Юдахина
просьба (с оттенком извинения);
сизден бир өтүнүчүм бар - ушуну ректорго түшүндүрүп койсоңуз у меня к вам просьба: как-то объясните это вот ректору;
жогору жакка өтүнүч жаза турган жазыгым да жок да у меня и вины-то нет, чтобы я должен был обратиться в высшие инстанции с просьбой.
өтүнүчтүк извинение;өтүнүчтүк сурабай не извиняясь, не прося извинения.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Өлүү, жан таслим болуу, көзү өтүү. Көй-Кашкага сайылган жебени сууруп алса өтүп кетерин түшүнгөн Кумтан-Кара-Жаак ошол бойдон алып жөнөмөкчү болду (Көчкөнов). 2. Абдан тажатып жиберүү, ашынып кетүү. – Алып кел! Деги сеники өтүп кетти, ушу жыгылсам дагы!... – деп кыжындым, каным кайнап (Медетов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Өлүү, жан таслим болуу, көзү өтүү. Көй-Кашкага сайылган жебени сууруп алса өтүп кетерин түшүнгөн Кумтан-Кара-Жаак ошол бойдон алып жөнөмөкчүболду (Көчкөнов). 2. Абдан тажатып жиберүү, ашынып кетүү. - Алып кел! Деги сеники өтүп кетти, ушу жыгылсам дагы!... -деп кыжындым, каным кайнап (Медетов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
ложь, враньё;
өтүрүк эмес, чын не враньё, а правда;
күндүз кандай түн кандай, өтүрүк кандай, чын кандай? стих. что есть день и что есть ночь, что есть ложь и что есть правда?
өтүрүк сүйлөр жакшысын Канчоро чогултуп алган турбайбы? разве не собрал Канчоро свою лжеречивую знать?

Киргизско-русский словарь Юдахина
өтүш I
и. д. от өт- II
прохождение; переход;
сандын сапатка өтүшү филос. переход количества в качество;
эң мурун директордун астынан өтүш керек нужно прежде всего обратиться к директору (поговорить с директором).
өтүш- II
взаимн. от өт- II;
анан "сен акмак, мен акмак" ка өтүштү потом они перешли к взаимным оскорблениям (букв. потом перешли к "ты дурак, я дурак");
кадырыбыз өтүшкөн мы очень уважаем друг друга;
жолдошчулугу өтүшкөн жигит спаянные (крепкой) дружбой парни;
эрегишип эки бай, турушканын айтайын, бир мал үчүн өтүшпөй, урушканын айтайын стих. расскажу о том, как два бая препирались; расскажу о том, как они, не уступая друг другу, из-за одной скотинки подрались.