ӨТҮК
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаКыргызча өтүк түрүндө айтылган сөз казакча етик, чувашча ата болуп айтылат. Чувашча ата сөзү аяккы к тыбышын түшүргөн атак сөзү болуп эсептелет. Атак сөзү болсо азыркы аяк (айак) сөзүнүн байыркы кездеги формасы болгон. Азыркы кезде бут кийим деп айткан сыяктуу болуп байыркы кезде атак кийим болуп айтылып, кийин казак тилиндегидей етик болуп өзгөрүп, анын кыргыз тилиндегидей өтүк түрүнө келген окшойт.