өтөгөн
Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюдыМурун «аюу» деген сөздүн ордуна колдонулуп келген: «аюу десе, кыштын күнү күн жаадырат дечү эле илгеркилер, чоӊ аталар, ошондуктан аюу дебей, өтөгөн дечү эле; өтөгөндүн териси өзү жатып ий болот погов. медвежья шкура сама по себе (букв. лёжа) выделывается (делается мягкой) (Юдахин 1965:602). Ушуга караганда, «аюу» сөзү байыркы мезгилде табу болгон деп божомолдоого болот.
Жеӊем айтып калат: «Кайненем катуу чыгып, апама ыйлап келем. «Жашай албайт окшойм, апа, тигинтип атат, минтип атат»,- деп арызданам. Апам байкуш: «Кой, кызым, чыда, чыдап тур. «Өтөгөндүн териси өзү жатып ий болот», деп сооротот.
Чын эле кийинчерээк кайнилерим үйлөнгөндөн кийин экөөбүз жакшы болуп кетсек болобу. Азыр экөөбүздөн жакын киши жок. Өтөгөндүн эмне экенин апам деле билбесе керек. Ойлонуп жүрүп кийин Юдахиндин сөздүгүнөн карасам, өтөгөн деген аюунун бир аты экен. Көрсө, аюунун териси өтө калыӊ болгондуктан, ийленбейт экен. Жерге салынып жүрүп, кийин өзүнөн өзү жумшарып ийге келет экен».
Монгол тилдеринде аюу өтөгөн деп аталат экен. Макалга чейин кирип кеткенине караганда, бизде да илгери көп колдонулса керек.