Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Курч. Ташка тийип кетилди, Далай болот өткүр миз (Токтогул). Канжардын өткүр мизи анын оң кулагын шылып түштү (Сыдыкбеков). Колундагы кайлоонун Курчтугу өткүр болоттой (Осмонкул). 2. өт. Тайманбас, тартынбаган, өтүмдүү. Кузьма Ашырдын өткүр мүнөзүн жактырар эле (Сасыкбаев). Өткүр жигит өйдө өтөт, Жүргөн жерин гүлдөтөт (Үмөталиев).