Толковый словарь кыргызского языка. 2015
өткөр менен бирдей. 1. Бир нерсени экинчи бир кишиге санап берүү, өткөрүп берүү. Колхоздун малын так санап, так эсеп-чоттон өткөз (Байтемиров). 2. Бир жерден экинчи жерге өткөрүп, узатып коюу. Майып кишини көчөнүн аркы өйүзүнө өткөзүп койду («Кыргыз Туусу»). 3. Бир нерсени көзөнөктөп, көздөн өткөрүү. Ийненин көзү кичине болгондуктан, Динар жипти өткөзө албай убараланды (Сыдыкбеков).