1. этн. жёны одного мужа по отношению друг к другу; үстүмө күнү албаска убада берип, мени алган стих. он женился на мне, обещав не брать вторую жену; 2. этн. вторая или не первая жена, одна из жён (при живой и не разведённой первой); күнү катындын балдары дети второй жены; 3. соперница.
зат. тар.1. Көп аялдуу кишинин аялдарынын өз ара мамилелерине карата бирин бири аташы; мамилеси жагынан көп аялдуу кишинин аялдары (бири-бирине карата). Күнү үстүндө кор болдуң, Күлгүн жашың тең жүрбөй (Тоголок Молдо). Абысын—аңдышкан жоо, күнү — күйүшкөн жоо (макал).
2. өт. Күнүлөшкөн, башка бирөөгө атаандашып, эрегишкен аял.
1. этн. Эки же андан көп аялдуу кишинин аялдарынын бири-бирине карата болгон абалы. Абысын – аңдышкан жоо, күнү – күйүшкөн жоо (макал). Токолго күнү байбичелердин чачтары түктүйө, беттери сустая калат (Сыдыкбеков). 2. этн. Биринчи аялынын үстүнө алган экинчи аялы же биринчи аялынын үстүнө андан кийинки алган аялдары. Күнү үстүндө кор болдуң, Күлгүн жашың тең жүрбөй (Тоголок Молдо). 3. Бири-бирине же башка бирөөгө карата ич тардык кылган, кызганчаактык мамиледе болгон аял.
Азыр да, ушул убакка чейин, эмдигиче. Күнү бүгүн да эсимде. В.: Күнү бүгүнкүгө чейин. Зулумдардын таягынын заары күнү бүгүнкүгө чейин сөөк-саагымды сыздатып жүрөт (Абдукаримов).
Ошол эле бойдон, эч өзгөрбөгөн, мурдагы калыбында. Уялаары күнү бүгүнкүдөй (Жантөшев). Бала кезде береги жылдыздарды күнү бүгүнкүдөй нечен жолу тиктедик (Жусупов).
Ошол эле бойдон, эч өзгөрбөгөн, мурдагы калыбында. Уялары күнү бүгүнкүдөй (Жантөшев). Бала кезде береги жылдыздарды күнү бүгүнкудөй нечен жолу тиктедик (Жусупов).
1. Өлө турган мезгили жетүү, өлүү. Ажал жетип күн бүтсө, Аруу жууп көөмп кой («Манас»). Кичинекей кызы күнү бүткөн тоокту там башынан ыргытып ийиптир (Жигитов). – Чык эшикке, айбан! Күнүң бүттү сенин! – деп май көчүккө керилип туруп тепти эле, Орозкул төрт аяктап томпоңдоп барып, анан теңселе туруп эшикке чыкты (Айтматов). 2. Бийлиги, мансабы колдон кетүү, мурдагыдай болбой калуу. Анын күнү бүттү, мурдагы келкели жок деди («Ала-Тоо»). В.: Күнү бүтүп, суусу ичилүү. Күнүң бүтүп, сууң ичилди го шордуум (Жоошбаев). Күнү бүтүп, суусу түгөнүү. Анын күнү бүтүп, суусу түгөнгөн экен. Күнү түгөнүү. Күнүң түгөнгөндө, айлаң кеткенде бул жайга келет экенсиң (Сыдыкова).
1. Өлө турган мезгили жетүү, өлүү. Ажал жетип күн бүтсө, Аруу жууп көөмп кой («Манас»). Кичинекей кызы күнү бүткөн тоокту там башынан ыргытып ийиптир (Жигитов). -Чык эшикке, айбан! Күнүң бүттү сенин! - деп май көчүккө керилип туруп тепти эле, Орозкул төрт аяктап тоңкоңдоп барып, анан теңселе туруп эшикке чыкты (Айтматов). 2. Бийлиги, мансабы колдон кетүү, мурдагыдай болбой калуу. Анын күнү бүттү, мурдагы кел-кели жок деди («Ала-Тоо»). - Чык эшикке, айбан! Күнүң бүттү... (Айтматов).
Кыйынчылыкка, оор абалга дуушар болуу, чоң кайгыга, бактысыздыкка, кырсыкка учуроо. Эгер бул агабыз болбогондо күнүбүз каран болот эле (Жантөшев). Ылайым күнү каран болуп, темселеп калсын (Абду кгимов). Жерге кирсин, күнү каран бир басынса ургаачы, Кайда батам балдар менен, Көөнүм чаппайт көчүүгө («Ала-Тоо»).
Кыйынчылыкка, оор абалга дуушар болуу, чоң кайгыга, бактысыздыкка, кырсыкка учуроо. Эгер бул агабыз болбогондо күнүбүз каран болот эле (Жантөшев). Ылайым күнү каран болуп, темселеп калсын (Абдукаимов). Жерге кирсин, күнү каран Бир басынса ургаачы, Кайда Батам балдар менен, Көөнүм чаппайт көчүүгө («Ала-Тоо»).
КҮНҮ КАТЫН — эки же көп аялдуу кишинин аялдарынын бири-бирине карата болгон мамиле абалдары. Мисалы, эпосто Жакыптын аялдары Чыйырды менен Бакдөөлөт бири-бирине карата К. к. болуп эсептелет.
КҮНҮКЕЙ — эпизоддук кейипкер. Күнкандын кызы. Валиханов жазып алган эпизоддо Төштүк жер алдында жүргөндө К-ди да тартып алганын эскерет (Валиханов жазып алган эпизод, «Ала-Тоо», 1979, № 7, 85-б.).
1. Күнүлөш аялдар бири-бирине карата эрегишкен, атаандашкан, кылык жоругун, жүрүм-турумун жактырбаган мамиледе болуу, күндөштүк кылуу. 2. Башка бирөөнү көрө албоо, атаандашып, ич тардык кылуу, аны жактырбагандыгын, каршы экендигин көрсөтүү. Жан чыдап кантип жатасың, Душманың турса күнүлөп (Элебаев). Жаман тууган көрө албайт, Жакшылык консо күнүлөп (Осмонкул).
1. Бирине бири күнүлүк мамиле кылуу, бири-бирине карата кызганчаактыгын, ичи тардыгын көрсөткөн күнүлөштүк мамиледе болуу. 2. өт. Бири-бирине атаандашып эрегишкен, көрө албай ичи тардык кылган мамиле жасоо. Күнүлөшүп Канчоро, Кекенип калды таарынып («Семетей»).
1. Күнүлөш аялдардын бири-бирине карата болгон абалы жана ошондой абалдагы мамилеси. Күнүлүктө жүрүп күн көрүү. Күнүлөш аялдардын күнүлүгүнөн чыккан чыр-чатак. 2. Бири-бирине атаандашып эрегишүүчүлүк, бирин-бири көрө албаган ичи тардык. Билер-билбес экөөндө, Күнүлүгү бар экен («Эр Төштүк»).
(противоп. түбөлүк) 1. то, что назначено на один день; временный, непостоянный, преходящий; күнүмдүк оокат или күнүмдүк тамак хлеб насущный, дневное пропитание; ар кимдин кызматын кылып, күнүмдүк тамагын табат работая то у одного, то у другого, он (таким образом) добывает себе дневное пропитание; күнүмдүк эмес, түбөлүк не временный, а вечный; 2. обыденный, повседневный; күнүмдүк турмуш повседневная жизнь.
сын.1. Бир күңдүк, бир күндүн ичинде иштелген иштин өлчөмүндөгү, чениндеги. Күнүмдүк акым канча турат? 2. Күндөлүк, учурдагы, убактылуу, түбөлүк эмес. Күчүң барда иштеп көн, Күлүп-жайнап, эр жигит, Күнүмдүктү ойлобой, Кулак байлап жер жибит (Токтогул). Акылсыздар күнүмдүк, Дүнүйөгө сатылат (Осмонкул).
1. Бир күндүн ичинде иштелген иштин өлчөмүндөгү, чегиндеги, бир күндүк. Иштеген иштин күнүмдүк акысын актап алуу. 2. Түбөлүк эмес, күндөлүк, учурдагы, убактылуу. Күчүң барда иштеп көн, Күлүп жайнап, эр жигит, Күнүмдүктү ойлобой, Кулак байлап, жер жибит (Токтогул).
Daily Task List (proper noun)
The name of a pane at the bottom of the Calendar module where tasks are displayed. Tasks that are completed on a particular day "stick" to the day and are shown as a record of what work was performed on that day. Tasks not completed roll over to the next day and accumulate until completed.
Кандайдыр бир нерсенин (дүнүйөнүн, турмуштун балдарынын ж.б.) убай-урматын, жыргалын, пайдасын көрүү. Көкөтөйдүн көп дүйнө, Калмактар күнүн көрөт бейм («Манас»). Күмүштү тапкан сен болдуң, Күнүн көрдү алты арам («Манас»). Багыңды коргоп жоо сайган, Балдарыңдын күнүн көр (Үмөталиев).Бөйөн, Чаян өлгөндөн кийин Жакып Алтай тоосун таянып, өзүнчө күнүн көрүп турду («Манас»).
Кандайдыр бир нерсенин (дүнүйөнүн, турмуштун балдарынын ж. б.) убай-урматын, жыргалын, пайдасын көрүү. Көкөтөйдүн көп дүйнө, Калмактар күнүн көрөт бейм («Манас»). Күмүштү тапкан сен болдуң, Күнүн көрдү алты арам («Манас»). Багыңды коргоп жоо сайган Балдарыңдын күнүн көр (Үмөталиев). Бөкөн, Чаян өлгөндөн кийин Жакып Алтай тоосун таянып, өзүнчө күнүн көрүп турду («Манас»). Күнүңдү көрөр кезимде, Күйүттү мага салганың («Эр Табылды»).
~: күнүнкүсүн күнү или күнүнкүсүн күнүн или күнүнкүсүн күндө в тот же день; терилген пахталарды күнүнкүсүн күнү пунктка өткөрүү керек собранный за день хлопок нужно сдавать на пункт в тот же день; күнүнкүсүн күндө сарп кылып атам всё (добытое мною за день) я расходую в тот же день; я едва свожу концы с концами.
Бардыгы оюндагысындай, дегениндей, өзү каалагандай болуу, арааны жүрүп туруу. Эркектер дөбөдө кымыз ичишип, калжаң сөздүн күнү тууп... турган кезде, ачык туруп күн күркүрөдү (Осмоналиев). -Ай, Кудай менде! Күнүм тууса көрөрмүн. Унутпа ушунуңду, деди да, Элеман кете берди (Нурпеисов). Кошоматчылардын, байжармат жагынуучулардын күнү тууду («Советгик Кыргызстан»), Күнү тууп, сааты жеткен өңдүү күч алып, жүрөктөрү бийледи (Айтматов).
Бардыгы оюндагысындай, дегениңдей, өзү каалагандай болуу, арааны жүрүп туруу. Эркектер дөбөдө кымыз ичишип, калжаң сөздүн күнү тууп турган кезде, ачык туруп күн күркүрөдү (Осмоналиев). – Ай, Кудайменде! Күнүм тууса көрөрмүн. Унутпа ушунуңду, деди да, Элеман кете берди (Нурпеисов). Күнүм тууду, өкмөткө мен курман, Менде жоктун баарын берди өзүмө (Токомбаев). Малчылардын күнү тууп, эмгек акылары мол болгон кез («Ала-Тоо»). Кошоматчылардын, башкармага жагынуучулардын күнү тууду.
күндүр-түндүр менен бирдей. Күнү-түнү жол жүрүп, Жеттим кыргыз четине (Токтогул). Күн-түнү тынбай урушуп, Төштүк салды чоң жаңжал («Эр Төштүк»). Уулуке качан келет деп, Сени күнү-түнү күтүп жүрчү элем («Сейтек»).
Бирөөгө көз каранды болуу, бирөөнүн көзүн кароо. – Ушу силерге кайсы элдин, кайсы жердин күнү түшүп калды экен, өңкөй каракчы?! (Касымбеков). Тышка чыгып бирөөгө күндөрү түшүп көрбөгөн немелер, кайсы үйдү көздөй басаарын билишпейт (Осмоналиев). Акбүбү тышкы алгы-берги жумуштар боюнча кимдир бирөөгө күнү түшүп калса, анда бир-эки сөз менен гана пикир алышат (Өгөбаев).
Бирөөгө көз каранды болуу, бирөөнүн көзүн кароо. - Ушу силерге кайсы элдин, кайсы жердин күнү түшүп калды экен, өңкөй каракчы?! (Касымбеков). Тышка чыгып бирөөгө күндөрү түшүп көрбөгөн немелер, кайсы үйдү көздөй басаарын билишпейт (Осмоналиев). Акбүбү... тышкы алгы-берги жумуштар боюнча кимдир бирөөгө күнү түшүп калса, анда бир-эки сөз менен гана пикир алышат (Өгөбаев).
1. Күнүлөшүнө карата жаман мамиле кылган, ага күн көрсөтпөй куурата берген, башка аялдарга карата күнүлөштүк, ичи тардык мамиледе болгон. Күнүчүл аял. 2. Бирөөгө эрегишүүнү, атаандашып күнүлөгөндү жакшы көргөн, бирөөнүн ийгилигин, жакшы жактарын көрө албаган кызганчаак. Мухаббат койнун ачканда, Күнүчүл жүрөк туйлады (Токомбаев).
зат.1. Күнү аялдардын бири-бирине карата болгон күнүлүк мамилеси, күнүлөштүк мамиле.
2. Ичи тардык, көрө албастык, атаандашкандык. Кыздар менен ойногон кезиңде да, сенин ушундай эч кимге жол бербеген күнүчүлүк адатыңы көп байкай тургам (Абдукаримов).
1. Күнү аялдардын бири-бирине карата болгон күнүлүк мамилеси, күнүлөштүк. 2. Ичи тардык, бири-бирине эрегишкендик, кызганчаактык, атаандаштык. Ак бетке тамылжыган каны жүрүп, Жүрөккө келе калды күнүчүлүк (Токомбаев).