жети жети аркар жети ата жети атаңдын боорун же жети баабедин жети каракчы жети нан жети өмүрү жерге кирүү жети тогоол жети түндө жети шумдуктуу жетилигин берүү жетинин айы (сентябрь) жетилбеген топурак
1. Өз атаңдан тартып жети эсебине чейинки (жетинчисин кошо алганда) аталардын ысмынын тизмеси – эсеби. к. Ата, чоң ата, баба, буба, куба, жото, жете. Жети атаңдын кимдер экенин аты-жөнү менен жаңылбай айтып берсең, алкыш менен ак батанын ээси болдум дей бер (Аман Көчөрбай уулу). 2. Түпкү теги, ата-бабасы. Жети атабыз башынан, Көргөн эмес мындайды (Токтогул). Менин жети атам тегирменчи болуп өткөн (Сыдыкбеков).
Эсине келгидей кылып жазалоо, сазайын колуна берүү. Мен азыр барып Сасыкбайдын жети атасын көзүнө көргөзөйүн, - деди Кебек карыя (Байтемиров). Арзыкулда эмнеси болсо да бул кемпирдин жети атасын көзүнө көргөзөйүн деген ой туулду (Байтемиров). Уятсыз макоо! Кемпир жети атамды көзүмө көрсөттү дегиң келбейт экен да! («Ала-Тоо»).
Эсине келгидей кылып жазалоо, сазайын колуна берүү. Мен азыр барып, Сасыкбайдын жети атасын көзүнө көргөзөйүн, – деди Кебек карыя (Байтемиров). Арзыкулда эмнеси болсо да бул кемпирдин жети атасын көзүнө көргөзөйүн деген ой туулду (Байтемиров). Уятсыз макоо! Кемпир жети атамды көзүмө көрсөттү дегиң келбейт экен да! («Ала-Тоо»).
Большая Медведица (другие названия этого созвездия: Жети Аркар и Жети Каракчы); Ошол Жети Каракчынын аты Жетиген аталып калыптыр фольк. (с тех пор) эти Семь Воров стали называться Жетиген; Жетиген жак или Жетиген тарап или Жетигендин тарабы северная сторона, север; Жетиген кыям см.кыям.
ЖЕТИГЕН — эки жылдыздар тобу: бири — Чоң Ж., экинчиси — Кичи Ж. Бул эки жылдыздар тобунун уюткусу кичи Ж-ге таандык болгон Алтын казык жылдызына байланышкан. Кыргыз элинин уламышында Алтын казыкка Ак боз ат, Көк боз ат байланып турат. Ал эки жылдыз Алтын казыкка аябай жакын жайгашкан. Аларды уурдап кетсек деп жети каракчы түн бою айланып жүрөт, бирок түн сайын чечип аларыңда таң атып кетип, Ак боз ат менен Көк боз атты уурдай албай калышат экен. Уламыштагы жети каракчы демейдеги Чоң Ж-ге туура келет. Ж. деген сөздүн өзү жети кан деген эки сөздүн биригишинен пайда болгон. Алтай элинин оозеки чыгармачылыгында кыргызча каракчыга байланыштуу айтылган легенда жети канга (канга) ыйгарылып алигиче айтылат. Болжолу ошондой кылымдарда түрктөр Ак боз ат менен Көк боз атты алганы жүргөн жети кишинин каганы (каан, кан, хан) деп түшүнгөн. Эпосто Ж. географиялык багыттарды туюндуруучу терминдердин бири. Түн. тарап деген маанини билдирет. Көкөтөйдүн керээзинде:
Какандын шаарын каралап,
Каз моюл журтун аралап,
Жетиген жакка барбасын.
Жетимурук журту бар,
Желмогуздай ушулар (Сагымбай Орозбаков, 3. 12).
Ж. багыт катары эпостун башка эпизоддорунда башкача айтканда эл көчкөндө, тигил же бул жердин ордун белгилөөдө арбын колдонулган:
«Эми көчүп бул жерден
Жетиген жакка кетеби» (Сагымбай Орозбаков, 3. 76).
Жетигендин тарабы
Жери Кенжут карады,
Күн чыгышы Ималай
Шолорду да жердеген
Шооруктун эли бир далай (Сагымбай Орозбаков, 2. 203).
1. Топ жылдыздын аты. Үркөр төбөдөн кыйшайып, жетиген жамбашта жүрсө, ай жаңы гана чыккан (Жантөшев). Жетиген жылдыз батканча, Жети айланып эмизген (Токтогул). 2. Кыргыздын бир уруусунун аты. Көк милтени чоктотуп, Жетигендин тарабын, Жеткизбестен токтотуп («Манас»).
Асмандын түндүк тарабында турган чөмүч сыяктанган формадагы жарык жылдыздардын тобунун атын билдирген сөз жети+хан деген эки сөздүн биригишинен келип чыккан (Щербак, 1961, 102). Алтай тилинде жылдыз болуп калган жети хан жөнүндөгү легенда алигиче айтылат. Алгачкы жети+кан сөздөрү бириккенде к тыбышы жумшарып, а тыбышы алдыңкы үндүүлөрдү ээрчип э тыбышына өзгөргөн: жети кан>жетиген.
1. достаточный; жай күнү жетик оттобой, такыр жалдан айрылган фольк. (конь) летом вдоволь не пасся, подгривного жира лишился (т.е. похудел); акылы жетик умственно созревший, умный; акылы жетик жан эле он был умным человеком; 2. (о человеке) обладающий всеми достоинствами (мудрый, красноречивый, храбрый и т.п.); жетик тууган уст. благородного происхождения.
сын.Акылман, даанышман, акылы абдан жеткен. Жетигиң Ленин куткарды, Жезиттин жаккан отунан (Токтогул). Акыл менен иш кылат, Адамдардын жетиги (Тоголок Молдо).
Кыраакы, акылман, кылдат, даанышман. Акыл менен иш кылат, Адамдардын жетиги (Тоголок Молдо). Жетигиң Ленин куткарды, Жезиттин жаккан отунан (Токтогул). || Бир нерсеге жөндөмдүү, шыктуу, тетик. Кадыр билген жар болсоң, Өзүң жетик билимдүү, Убадалуу жан болсоң (Тоголок Молдо). Ушунчалык эл сүйгөн, Өнөргө жетик устасы (Осмонкул). || Мыкты, чыгаан, кыйын. Жетик күлүк Тоо кызыл, Желиктирип чуркатып («Сейтек»). Арстан Бакай олуям, Айласы жетик шер ошол («Семетей»). Жети баш кемпир сыйкырчы, Жетик амал салыптыр («Манас»).
Сыйдан же жакшы тамак-аштан куру калмасы бар, көп нерседен куру калат деген мааниде колдонулат. Анын ошондой жети каңтары бар. Ушундай жети каңтары бар байкушсуң! Тигилер тарай электе келсең, жай-мааниңди толук айтып калат элең да, эми айлаң эмне болот? - деп, эжем кейий баштады («Ала-Тоо»).
Сыйдан же жакшы тамак-аштан куру калмасы бар, көп нерседен куру калат деген мааниде колдонулат. Анын ошондой жети каңтары бар. Ушундай жети каңтары бар байкушсуң! Тигилер тарай электе келсең, жай-мааниңди толук айтып калат элең да, эми айлаң эмне болот? – деп, эжем кейий баштады («Ала-Тоо»).
ЖЕТИ КАШКА. 16-кылымга таандык Сейф ад-дин Аксыкентинин «Мажму ат-таварих» деген кол жазмасындагы «Манас» эпосуна тиешелүү болгон материалдарда Манас баатырдын ата-теги жана анын жакын туугандары жөнүндө маалымат берилет. Анда Каркарадан Якуб, андан Манас менен Карнас туулат. Каркарага тууган Ак-Темир деген кыпчактын Дөөлөт-Йар, Худа-Йар, Берди-Йар, Али-Йар, Муса-Йар, Иса-Йар, Түлө-Йар деген жети уулу болот. Жетөө тең көк кашка ат минип жоого чогуу кирчү экен. Ошондуктан алар Ж. к. аталып калганы айтылат санжырада.
жөнөкөй өрүмдүн бир түрү. Чеберлер муну жети тал кайыш менен өрүшөт. «Жети кашка» өрүм менен «беш кашка өрүмдү» «жалпак өрүмдөр» дейбиз. Муну «жети өрүм» деп да аташат.
Жан-жаныбарлардын, табияттын ичинде болгон, болуп келген, боло берүүчү эч нерсеге моюн сунбаган көрүнүш. Алар: абалы, өрт, сел, жар, буудайык, кыргый, мышык.
ЖЕТИ КЫЛЫМ (арабча иклим — бөлүк). Ислам дининин түшүнүгүндө бүтүндөй жер чөлкөмүндөгү кургактык жети кылымга (бөлүккө) бөлүнгөн. Мусулман дүйнөсүндөгү касиеттүү аталган ошол Ж> к. төмөнкүдөй болуп бөлүнөт:
1- иклим, Мекке жана Мадина чөлкөмдөрү.
2- иклим, Кудус жана Шам (Дамаска) вилаеттери.
3- иклим, Багдад менен Фейруз дубандары.
4- иклим, Кырым менен Урум (Византия аймактары).
5- иклим, Чин, Мачын жана Кытай калкы.
6- иклим, Көк ордо жана Едил журту.
7- иклим, Самаркан, Бухара, Хорезм чөлкөмдөрү.
Кыргыз тилинде, ошондой эле эпосто: 1) доор, заман. 2) аалам, жер жүзү. 3) бүткүл, бардык маанилеринде кеңири жолугат. Мисалы, Көкөтөйдүн өлөрүндө Баймырзага айткан керээзинде: «Жети кылым эл жыйып, Жердин жүзүн чаң кылып» (Сагымбай Орозбаков, 3. 11),— деп бүткүл жер жүзүндөгү элди ашка чакырбоосун тапшырат.
Т. Ташмаматов
этиш.1. Белгилүү бир деңгээлге жете өсүү, өнүгүү, толуу, бышуу. Жетилген козу. Бала быйыл жетилип калган экен («Ала-Тоо»).Жыл сайын жетилесиң, көгөрөсүң, Бутактап, барча-барча көбөйөсүң (Нуркамал). Ак өрүк бышып, мөмөлөр жетиле баштады (Абдукаримов). 2. Өсүп-өнүгүү, өсүп жетүү, баралына келүү, толуу, толукталуу. Кыргыздар өсүп жетилдиң (Бөкөнбаев). Жетекчиң Компартия катарына, Жетилди өзүңөрдөн нечен-нечен (Нуркамал). Мына, жетилет деген ушу, Маскөөгө кызың баратса, оңой жөрөлгө бекен? (Байтемиров). Кетилгени жетилип, Кемтиги жок болуптур («Эр Табылды»).
1. возвр.-страд. от жет- быть достигнутым; элге жетилген тамак еда, которой хватит для (собравшегося) народа; 2. созреть, вызреть; дойти до определённого состояния; камыр жетилди тесто дошло.
1. Жетиштүү болуу, бир нерсеге колу жетүү, оңолуу. Акыр өлбөсөң, да бир күн жетилип кетесиң,– деди кемпир (Элебаев). Жетилсин деп жардыны, Санабадың беш, каман (Токтогул). 2. Белгилүү бир деңгээлге жете өсүү, өнүгүү, бышуу, толуп жетүү. Карганын балапаны деле канаты жетилип өзүнчө кетти. (Шүкүрбеков). Ак өрүк бышып, мөмөлөр жетиле баштады (Абдукаримов). Мен го анда кичине, Жетилбеген баламын (Шамшиев).
понуд. отжетил-; эл колу менен жетилдирген эл акыны народный акын, достигший совершенства благодаря заботам народа; жетим элең, чоң кылдым, жетилдирип, мол кылдым фольк. сиротой ты был, я тебя взрастил, обеспечил и богатым сделал.
зат.1. Өлгөн кишиге багыштап куран окутуп, эл чакырып, жети күндөн кийин берилүүчү тамак. Эртең азыраак май, күрүч берейин, ошону менен жетилик өңдөнтүп куран окуттуруп кой (Жантөшев).
2. Ойноло турган картанын жети очколуу кагазы. Карганын жетилиги. Чырымдын жетилиги.
1. Өлгөн кишиге багыштап куран окутуп, эл чакырып, жети күн толгондугун белгилеп берилүүчү тамак. Эртең азыраак май, күрүч берейин, ошону менен жетилик өңдөңтүп куран окуттуруп кой (Жантөшев). 2. Ойноло турган картанын жети белгиси бар кагазы. Карганын жетилиги. Чырымдын жетилиги. Ачанын жетилиги.
понуд. отжетил- совершенствовать, доводить до совершенства, способствовать развитию зрелости; восполнять недостающее; жетилтемин кемчилигин тилимин стих. я восполню пробелы языка своего.
ар. 1. сирота; жетим өз киндигин өзү кесет погов. сирота сам себе пуповину обрезает; жерге түшкөн - жетимдики погов. что на пол упало, то сиротское; 2. перен. короткий; жетим кабырга самые короткие рёбра; жетим сүмбө короткий шомпол; жетим көпөлөк см.көпөлөк 2.
зат.Ата-энеси же алардын бири өлүп калган бала же жаш айбан. Сабыр атадан жаш калып жетим өскөн (Сыдыкбеков). Жетим калды улагы, Энеси ташка сулады (Шүкүрбеков). Жетим өз киндигин өзү кесет (макал).
Ата-энеси экөө тең же алардын бири өлүп калган бала же жаш мал. Сабыр атадай жаш калып жетим өскөн (Сыдыкбеков). Жетим калды улагы, Энеси ташка кулады (Шүкүрбеков).
1. Балдардын ата-энесинен калган мал-мүлккө болгон укугу, жетимдерге тиешелүү үлүш. Эл соту ал балдардын жетим акысын өндүрүп берер («Чалкан»). 2. тар. Аялы башка бирөөгө кетип калганда, ага короткон мүлкү, каражаты үчүн төлөнүүчү акы. Эң болбой калганда жетим акысын эки эсе өндүртүп мурунку куданы мүңкүрөтүп туруп, анан молдого талак катын чийдирет (Сыдыкбеков). Серкебайда кеткен катыны үчүн жетим акы доолаш оюнда жок (Сыдыкбеков).
1. Балдардын ата-энесинен калган мал-мүлккө болгон укугу, жетимдерге тиешелүү үлүш. Эл соту ал балдардын жетим акысын өндүрүп берер («Чалкан»). 2. тар. Аялы башка бирөөгө кетип калганда, ага короткон мүлкү, каражаты үчүн аялдын төркүнүнөн же барган жеринен төлөнүүчү акы. Ак ойлоп, төп чечип, кеткен жетим акымды толугу менен кайрып бергиле,–деди Асантай бийлерге (Сыдыкбеков). Эң болбой калганда жетим акысын эки эсе өндүртүп мурунку куданы мүңкүрөтүп туруп, анан молдого талак катын чийдирет (Сыдыкбеков). Серкебайда кеткен катыны үчүн жетим акы доолаш оюнда жок (Сыдыкбеков).
зат.Жетим калгандык. жетимдин абалы. Ата-энесиз баламын, Жетимдигим — жаманым («Кедейкан»).Ал кезде жетимдиктин жана жокчулуктун каарын тартып жүргөн кезим эле (Тоголок Молдо).
Жетим калгандык, жетимдин абалы. Ата-энесиз баламын. Жетимдигим – жаманым (Токтогул). Мүмкүн жетимдиктин запкысын көп тартып, турмуш Даниярды тез иштөөгө үйрөткөндүр (Айтматов).
Жетим арка менен төш сөөгүнүн баш жагына бириккен кичине кабырга. Сол жаккы жетим кабыргам сынып, төбөм айрылгандыгы докторлор тарабынан маалым болду (Жантөшев).
Жарыкты же шамды айланып учуучу кичинекей боз көпөлөк. Бир жетим көпөлөк лампаны, чарк айланып, дырылдап учуп жатты (Баялинов). В.: Шайтан көпөлөк. Жайында болот шайтан көпөлөк, Ал күндүз кашаят да, түнкүсүн көрөт (Шүкүрбеков).
ЖЕТИМ-МОЙНОК — топоним. Эпос боюнча Букар шаарына жакын жерлердин бири, Семетей бала кезинде куш салып көңүл ачып жүрөт: «Жээк Акчийди басты эми, Жетим-
Мойнок төрт кыраң Муну бала ашты эле» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1.)
этиш.Өзүн жетимдей, жетим калгандай сезүү. Жал-жал карайт жетимсирейт, Үн жок, сөз жок балапан (Аалы). Марфадан тирүүлөй айрылган экенбиз го, — деди.. шахтёрлордун бири жетимсиреп (Сасыкбаев).
зат.Жетим бала(эркелетүү маанисинде). Обдулуп он үч жашар бир жетимче Сүйлөдү жаман тонун чечип салып (Бөкөнбаев). Жетимче Жолон чоңойгон, Таякенин колунда (Барпы).
возвр. отжет- удовлетвориться, достигнуть желаемого; тамакка, кийимге жетинип калдык едой и одеждой мы вполне обеспечены; жетине албай обрадовавшись, растрогавшись; биз барганда, жетине албай калды когда мы пришли, он очень обрадовался; улукка жетинген экенсиңер вам попался хороший начальник.
Жетиштүү болуу, кеңелип калуу, бир нерсеге колу жетүү. Жүдөөнүн жайын сураган, Эл жетинсе кубанган (Осмонов). Жетинбеген кембагал, Жерлүү болуп каласың (Барпы).
Кубануу, сүйүнүү, абдан ыраазы болуу. Өтө кадырман мейман уулуна назар салганына жетине албай маңдайы жарылды (Касымбеков). Бала жетине албай кубанды, бирок кандай алкыш айтаарын билбеди (Айтматов). Таякесинин тилегине жетине албай, Ашырбек күлүмсүрөп ичи элжирей карап турду (Ашымбаев).
Кубануу, сүйүнүү, абдан ыраазы болуу. Өтө кадырман мейман уулуна назар салганына жетине албай маңдайы жарылды (Касымбеков). Бала жетине албай кубанды, бирок кандай алкыш айтаарын билбеди (Айтматов). Таякесинин тилегине жетине албай, Ашырбек күлүмсүрөп ичи элжирей карап турду (Ашымбаев). Айымжан кызынын кебине жетине албай күлүп коёт (Сыдыкбеков).
1. быть до некоторой степени удовлетворённым, в известной мере достигнуть желаемого; 2. быть до некоторой степени достаточным; жетиңкиребей турат немного не хватает, немного недостаёт.
-Амалым түгөнүп, мүгдүрөп, эң айласыз абалда калсам да, айлам куруп турса да. Жети өлүп жерде калсам да, мындай итке бел бүкпөсмүн! - деп, Дөөш күүлөндү (Осмоналиев). Жети өлүп жерде калсам да, экинчи кайрылбасмын («Ала-Тоо»). - Мен сени жети өлүп жерде калсам да кор кылбайм. Андан көрө өзүң макул болчу? (Саатов).
Амалым түгөнүп, мүгдүрөп, эң айласыз абалда калсам да, айлам куруп турса да. Жети өлүп жерде калсам да, мындай итке бел бүкпөсмүн! – деп, Дөөт күүлөндү (Осмоналиев). Жети өлүп жерде калсам да, экинчи кайрылбасмын («Ала-Тоо»). – Мен сени жети өлүп жерде калсам да кор кылбайм. Андан көрө өзүң макул болчу? (Саатов).
Абдан катуу уят болуу, аябай уялуу, сынып калуу. Төлөмүштүн жан тери келип, жети өмүрү жерге кирип, телмирип көпкө турду (Бердикеев). Жети өмүрү жерге кирип, ыза муундурса да Бурма көзүнө жаш албаптыр, өгөй эненин миң токмогунун бири деген го кыязы (Кушубеков). Жардап карап турган кыздар дуу күлүп жибергенде, Абдыкалыктын ого бетер паразаты тепселип, жети өмүрү жерге кирди (Байтемиров). Жерге кирип жети өмүр, Уялгандан өлбөдү («Мендирман»). В.: Жети өмүрү жерге кирүү. Тамак аңдып келгенсип жети өмүрүбүз жерге кирип, сыртка чыкканча шаштык («Чалкан»). Ал ызаланып шагы сынганынан жети өмүрү жерге кирди (Бектенов). Жети омурткасы жерге кирүү. Аны уккан сайын жети омурткам жерге кирип, ушу күндү көргүчө өлгөнүм жакшы деп кетчүмүн(Абдукаимов). Жети өмүрү жерге житүү. Чоң кишилер айтканда жети өмүрүбүз жерге житип, салбырап калчубуз (Медетов).
Абдан катуу уят болуу, аябай уялуу, сынып калуу. Төлөмүштүн жан тери келип, жети өмүрү жерге кирип, телмирип көпкө турду (Бердикеев). Жети өмүрү жерге кирип, ыза муундурса да Бурма көзүнө жаш албаптыр, өгөй эненинмиң токмогунун бири деген го кыязы (Кушубеков). Жардап карап турган кыздар дуу күлүп жибергенде, Абдыкалыктын ого бетер паразаты тепселип, жети өмүрү жерге кирди (Байтемиров).
Тамак аңдып келгенсип жети өмүрүбүз жерге кирип, сыртка чыкканча шаштык («Чалкан»). Ал ызаланып шагы сынганынан жети өмүрү жерге кирди (Бектенов).
Бүт баары, бардыгы. Жергелүү калмак жети сан, Элиңди чаап аламын («Курманбек»). Жетиктен белин курчанган, Жети сан кара жоо чыкса, Жеке кирип кол салган («Сейтек»).
Бүт баары, бардыгы. Жергелүү калмак жети сан, Элиңди чаап аламын («Курманбек»). Жетиктен белин курчанган, Жети сан кара жоо чыкса, Жеке кирип кол салган («Сейтек»).
ЖЕТИ-СУУ (Жети-Өзөн) — топоним, кыргыздардын жана ага жамаатташ элдердин абалтан мекендеген жери катары эпосто көп эскерилет.
Жети-Суу жердин соорусу, Атынын жеми күрүчтөн, Намыс ойлоп мен турам Ага барбай жүрүштөн (Сагымбай Орозбаков, 2. 154),— деп Айдаркан уулу Көкчөнүн ал жерди эңсегени айтылат. Географиялык реалияда Ж.-С. Казакстандын түштүк-чыгышындагы агын сууларга бай аймак. 18-кылымдын аягында—19-кылымдын башында Ж.-С. деп Илепсинин (Лепси) орто бөлүгүндөгү жерлер гана аталган. Архивдик даректе ал жер Семейден 700 чакырым алыс турат деп белгиленген. Кийин 19-кылымда бул ысым Аягүздөн Илеге чейинки кеңири аймакка таралган. Орто кылымдардагы чыгармаларда Ж.-С. топоними кезикбейт.
ЖЕТИ-ТӨР — топоним. Эпосто Манастын бабасы Бөйөн кан мекендеген жердин аталышы:
Жети-Төрдүн башында
Жеткилең тууган Бөйөн кан,
Бөйөн кандын баласы
Кайраттуу тууган Кара кан (Радлов жазып алган вариант, 1).
Абдан кеч, караңгыда, түндүн бир убагында. Жети түндө кайда барам, андан көрө эртең үрөң-бараңда кетейин (Укаев). Жети түндө дүрбөлөң түшүп келген Шертайлар экен (Бердикеев). Мына кызык, жети түндө кыз бала ээн талаада жүрүппү? (Саатов). Жети түндө Суусамырда эмне бар (Байтемиров).
Абдан кеч, караңгыда, түндүн бир убагында. Жети түндө кайда барам, андан көрө эртең үрөң-бараңда кетейин (Укаев). Жети түндө дүрбөлөң түшүп келген Шертайлар экен (Бердикеев). Мына кызык, жети түндө кыз бала ээн талаада журүппү? (Саатов).
этиш.1. Жеткиликтүү болуу, кемип калбоо, тиешелүү өлчөмдө, тиешелүү санда болуу.Ат жетишпейт. Мага азырынча кассирлик деле жетишет (Каимов). Бир үйдө он бала болсо, ону тең окуу дешип делпилдейт. Эркеги жетишпей жаткансып, кыздары кошо энтеңдейт (Сыдыкбеков). 2. Үлгүрүү, өздөштүрүү, бир нерсени иштөөгө, аткарууга чамасы жетүү. Өзү окуткан бала сабагынан жетишсе, мугалим кубанат (Сыдыкбеков). Колхоз бардыгынан жетишип жатат, бир кемчилиги ушул водопровод аркылуу кыштакка сууну жеткирбегенинде (Таштемиров).
взаимн. отжет- 1. совместно достигать желаемого; жыйырма беш миң сом үнөмдөөгө жетише алышты они смогли добиться экономии в двадцать пять тысяч рублей; жетишебиз баркына фольк. мы поймём его ценность, мы оценим его; 2. быть достаточным, иметься в достатке; ат жетишпейт лошадей не хватает; атам экөөбүзгө бир ат жетишет нам с отцом одной лошади хватит; жетишет! хватит!, довольно! жетишердик достаточный; жетишердик билими бар знаний у него достаточно.
1. Жетиштүү болуу, кемип калбоо, тиешелүү өлчөмдө, канааттандырарлык абалда болуу. Ат жетишпейт. Мага азырынча кассирлик деле жетишет (Каимов). 2. Үлгүрүү, өздөштүрө алуу. Өзү окуткан бала сабагынан жетишсе, мугалим кубанат (Сыдыкбеков). || Бир нерсени иштөөгө, аткарууга чамасы жетүү, мүмкүнчүлүгү болуу. Үлгүрүү. Колхоз иштин бардыгына жетишип жатат (Таштемиров).
ЖЕТИ-ШААР — топоним. Жакыпбектин убактылуу мамлекетине (Бак-Дөөлөт) (1864— 78) баш ийип турган Чыгыш Түркстандагы шаарлардын санына (Котон, Жаркен, Жаңы-Гисар, Кашкар, Ак-Суу, Куча, Кара-Шаар) карата 19-кылымдын 2-жарымында пайда болгон жалпы географиялык ат. «Манас» эпосунун варианттарында сейрек айтылып, Чыгыш Түркстандын (Алты-Шаар) бир аты катары жолугат. Мисалы, Көкөтөйдүн ашында Жолой байгеге сайган малды талап жатканда Манас «Жети-Шаарың бөлүшөм, Жеткире кууп өлүшөм» (Саякбай Каралаев, 2. 71),— деп айтат.
возвр.-страд. отжетиш-; келишүүгө жетишилген соглашение было достигнуто; жетишилген келишим достигнутое соглашение; жетишилген ийгиликтер достигнутые успехи.
Жетишилген ийгилик, ийгиликтүү натыйжа. Биздин максат так ушу жетишкендиктерге теңелүү (Байтемиров). Алдыңкы тажрыйбаларды жана илимдин жетишкендиктерин ар бир колхозго жана совхозго киргизүү («Советтик Кыргызстан»).
Жеткиликтүү, толук, жетерлик өлчөмдө. Кышка отун жетиштүү даярдалды. Айыл чарба адистери жетиштүү болбогондугуна байланыштуу эмгек өндүрүмдүүлүгү төмөн болуп жатат.
Достаточный контроль (The sufficient control) —Контроль, обеспечивающий достаточную уверенность в том, что цели и задачи организации будут достигаться рационально и экономично.