1. медь, латунь; жесть; жез най медная флейта; 2. (в эпосе) украшение, отделка на дорогой одежде; жакасы алтын, жеңи жез фольк. воротник золотой, на рукавах жез; жездей (о лице) пожелтевший, испитой; санааркап, бир жай жездей болуп, өңүнөн азып жүрдү горюя, он одно лето был пожелтевшим, спавшим с лица; жездей саргарып, өңүнөн азып пожелтев как медь и исхудав лицом; жез бура- см.бура- I 1; жез-кемпир то же, чтожез тумшук (см.тумшук); жез тырмак см.тырмак.
зат.1. Кызгылтым сары түстөгү металл. Төңөлүктөй жез шакек (Аалы). Жез кишен бутта шылдырап (Токтогул).
2. Ушундай металлдан жасалган ар кандай буюм-терим, нерселер.
жез (жес эмес) жез кемпир (миф.) жез кемпирдин желеси (миф.) жез куймалары жез кумган жез кычкылдары жез най жез оймок (курал) жез оймок (иштүү) жез таңдай жез тумшук (миф.) жез тырмак (миф.)
«жез 1. медь, латунь; жесть; жез най медная флейта; 2. (в эпосе) украшение, отделка на дорогой одежде; жакасы алтын, жеңи жез фольк. воротник золотой, на рукавах жез; өӊү жездей (о лице) пожелтевший, испитой; санааркап, бир жай жездей болуп, өңүнөн азып жүрдү горюя, он одно лето был пожелтевшим, спавшим с лица; жездей саргарып, өңүнөн азып пожелтев как медь и исхудав лицом» (Юдахин 1965:243). Монгол тилдеринен да кездешүүчү бул сөз орус тилине жесть «листовое железо, покрытое тонким слоем олова» болуп өткөн (Фасмер).
«Алтын, күмүш, жез, калай, түрдүү нефти кенге бай» (Калык). Бул — зергерчиликтин жердиги, сары түспөлүндөгү металл. (Сары жезди зергерлер даана «жез», кызгылт сарыны «мис» дешет. Жез дегенде сары жезди түшүнөбүз.) Ат жабдыктарынын бөлүктөрүн (жүгөн, көмөлдүрүк, басмайыл, куюшкан, үзөңгү, камчы), салттуу буюмдарга (ала бакан, жагдан, сандык), ашкана буюмдары (чыны кап, көөкөр, көнөчөк, көнөк) жана башкалардын беттерине чаап, шөкөттөөдө жез арбын колдонулат. Сары жез — таза жез. Күмүштөй чоюлуп, бирдемелерге пайдаланууга ийкемдүү келет. Үзөңгүнү туюк куюуга да жез бирден-бир жердик катары тандалат. Илгерки самоор, чылапчын, чайнек сары жезден болгон да, аны эритип, уютуп алып, күмүштөй чайкоого (темирди жабуу) жана жалатууга да өтө ийкемдүү келген. Жез бат эрийт, бат муздайт. Мисалы, бир тегерекче жасап туруп , сары жез чоюлуп сынбайт, коло сынып кетет. Чеберлердин үзөңгүнү такай сары жезден уютуп жатышы — таза жездин нарктуулугу. Муну эритүүнүн табын усталар билет. Алсак, «жез өзү эле эмне болуп баратканын шыбырап турат». Жез эрий баштаганда жашыл түтүн чыгат. Бул заттын чала эригенин баамдатат. Ал даана эриген кезде анын үстү ак күлгө (карагайдын күлүнө) окшошот. Мына ошол тапта «чий көбүгүн» (үстүндөгү ыпласын) алат. Ошондон кийин кайра ак күл чыгат. Мына ошол боюнча ысык калыпка куят. Эгер калып муздак болсо, эритинди бытыроондой чачырайт. Сары жез азыр шартка байланыштуу күмүштү алмаштырууда. Өтүмдүү жана иштетүүгө ийкемдүү аны салттуу, нарктуу, алгылыктуу жердик катары карайбыз жана баалайбыз. Жез күмүштөй жашыбайт, эрийт, чоюлат. Аздыр-көптүр анын касиетин сактайт. Бул «күмүштү кармоочулар жезди да так ошондой даражада кармоого болот» — деген ишенимди берет.
1. Кызгылтым сары түстөгү металл. Алтын, күмүш, жез, калай, Түрдүү нефти кенге бай (Калык). 2. Мылтыктын ок-дары салынбаган патрону, гильза. Мусабек мылтыгынын жезине дары салды (Сасыкбаев).
ЖЕЗБИЛЕК — эпизоддук кейипкер. Курама вариантыда Семетей Букардан Таласка көчүп келгенде Кожонун кызы Ж. Каныкей, Чыйырды менен кубанып, ыйлап көрүшкөнү, Семетейдин ордосун тигишкени айтылат (Курама варианты, «Семетей», 124—125).
зять (по отношению ко всем родственникам и родичам жены, если они младше; ср. күйөө); эжеңди бергин Дарбазга жезде кылып аласың фольк. отдай свою старшую сестру за Дарбаза и сделай его своим зятем; эсиң болсо, эстеп бил: энеңдин сиңдисинин жездеси ким? загадка если у тебя есть ум, подумай и узнай: кто будет у тебя зятем младшей сестры твоей матери? (отгадка атасы её отец).
ЖЕЗИТ (арабча язид) — ислам дининдеги төртүнчү халиф Алинин баласы имам Хусейинди Йрандын Кербала чөлүндө өлтүрткөн Шам (Дамаск) шаарынын акими. Ошондон улам өтмө мааниде, залим, канкор деген мааниде кеңири таралып бизге чейин жеткен. Эпостогу «Жете албай жүргөн жезит бар» деген сапта ушул мааниде айтылат. Бул термин турмушта жок жаныбарлардын катарында да саналат: «Алайман, жезит дагы бар, Тумшугу жез киши бар» (Сагымбай Орозбаков, 2. 170).
Арамза, жек көрүмчү, бузуку. Кээде турмушта жок, пери түрүндөгү өзүнчө эл маанисинде. Жексендеп жерге жапшырдык, Желмогуз душман жезитти (Бөкөнбаев). Жезит чалдын тукумун, Бир жолу үзүп койгун дейт («Семетей»).
Чыгаан күлүк, ашкан күлүк, шыйрагы узун, сындуу күлүк. Кара байыр казан ат, Калбыр өпкө жез канат, Ат күлүгүн алалы («Манас»). В.: Жез билек. Калбыр өпкө жез билек («Манас»).
1. Жомоктордо айтылуучу тырмактарынын, тумшугунун учу жез, сыйкырдуу, мыкаачы кемпир деген мааниде. Кээде жез кемпирлер укмуштуу сүрөттөлгөндө, абдан коркор элек (Шүкүрбеков). 2. өт. Колунан жакшылык келбеген, абдан катаал, ырайымсыз, митайым, шум (көбүнчө кемпирлерге, аялдарга карата). Ал жез кемпирден сен эмне жакшылык кутуп жүрөсүң? - деп, эжем мени жекирип, колдон алып жетелеп кетти («Ала-Тоо»).
1. Жомоктордо айтылуучу тырмактарынын, тумшугунун учу жез, сыйкырдуу, мыкаачы кемпир деген мааниде. Кээде жез кемпирлер укмуштуу сүрөттөлгөндө, абдан коркор элек (Шүкүрбеков). 2. өт. Колунан жакшылык келбеген, абдан катаал, ырайымсыз, митайым, шум (негизинен аялдарга карата). Ал жез кемпирден сен эмне жакшылык күтүп жүрөсүң? – деп, эжем мени жекирип, колдон алып жетелеп кетти («Ала-Тоо»).
Көбүнчө жаандан кийин асманда күн нурунун чагылышуусунан пайда болуп, ар түрдүү түстө ийилген жаа мисалдуу көрүнгөн нур тилкелери. Кичине күндүн көзү бүркөлгөндө, Көрүндү жез кемпирдин кош желеси (Шимеев).
м. 1. ист. жезл (бийликтин, атактуу абалдын белгиси болгон кооздолгон таяк); фельдмаршальский жезл фельдмаршалдык жезл; 2. ж.-д. жезл (поезддин жүрүшүн жөнгө салып туруучу автоматтуу прибордун металл өзөгү); 3. геол. жезл (жердин бетин так өлчөө үчүн кол донулуучу прибор).
Кийим тигүү, сайма саюу жагынан устат, чебер, колунан көөрү төгүлгөн уз, ишмер (аялдарга карата). Жез оймоктун ыктуусу, Ургаачынын мыктысы («Эр Төштүк»). Жез оймок аял өзү эле, Сарамжал менен үй кармап, Салтанат менен жыргашы (Тоголок Молдо). Ыбырай тек-жайын айтып отурса, өзүнчө узун сабак, энеси жез оймок, сөзмөр эле (Ашымбаев). Жез оймоктун ыктуусу, Ургаачынын мыктысы («Эр Төштүк»).
Кийим тигүү, сайма саюу ж.б. иштерди аткарууну мыкты билген уз, абдан устат, иштүү. Ыбырай тек-жайын айтып отурса, өзунчө узун сабак, энеси жез оймок, сөзмөр эле (Ашымбаев). Жез оймок аял өзү эле Сарамжал менен үй кармап Салтанат менен жыргашы (Тоголок Молдо). Жез оймоктун ыктуусу, Ургачынын мыктысы («Эр Төштүк»).
Сөзгө чебер, чечен, акындыгы жетик. Алтын жаак, жез таңдай Ырчы болгон экенсиң (Токтогул). - Кана, жез таңдай! Баккоргонду мактоочу кезиң келди го, эми? (Осмоналиев). Музооке аке, «кылды тырмап мал тапкан, сөзү менен жан баккан» өнөрлүү жез таңдай эле (Бейшеналиев).
Сөзгө чебер, жеткен чечен, мыкты акын. Апаңды тартсаң, жез таңдай атыгасың (Токомбаев). Алтын жаак, жез таңдай, Ырчы болгон экенсиң (Токтогул). – Кана, жез таңдай! Баккоргонду мактоочу кезиң келди го, эми? (Осмоналиев). Музооке аке, «кылды тырмап мал тапкан, сөзү менен жан баккан» өнөрлүү жез таңдай эле (Бейшеналиев).
1. Жомоктордо тумшугу, тырмактары жез, көбүнчө сулуу аял кебетесинде кубулуп көрүнгөн, кулак тундурган ачуу чаңырыгы бар деп айтылуучу укмуштуу жан. Мергенчи мылтыгын алып, карагайдын башында аңдып отурса, жез тумшук келип, чаңырып дөңгөчтү басып калат (Сыдыкбеков). 2. өт. Ырайымсыз, канкор, мыкаачы. Фашист деген - кан тырмактуу жез тумшук, Кара журөк, Эч кылмыштан кайтпаган (Маликов).
1. миф. Тумшугу, тырмактары жез, көбүнчө аял кебетесинде кубулуп көрүнүүчү, кулак тундурган ачуу кыйкырыгы бар укмуштуу жан, жез тырмак. Же жез тумшук кыйкырдыбы? (Токомбаев). Мергенчи мылтыгын алып, карагайдын башында аңдып отурса, жез тумшук келип, чаңырып дөңгөчтү басып калат (Сыдыкбеков). 2. Ырайымсыз, канкор, мыкаачы. Фашист деген – Кан тырмактуу, жез тумшук, Кара жүрөк, эч кылмыштан кайтпаган (Маликов).
ЖЕЗТУМШУК (жез тырмак, жез кемпир) — кыргыз элинин кереметтүү жөө жомокторундагы салттуу терс каармандардын бири. Ж. кадимки адам түспөлүндө болуп, адамча сүйлөйт, өзү каалагандай кубулат, тумшугу, тырмагы курч (болоттон, жезден). Ж. адам жүрбөгөн алыскы жайлардан жолугат. Адамдар амалкөйлүк менен Ж-ту өлтүрүп, тумшугун, тырмактарын керектөө үчүн кесип алат. «Манас» эпосунда Ж. тууралуу толугу менен маалымат берилбесе да, алыскы жайларда жолуга турган тумушугу жез жапайы адам катары айтылып кетет: «Тумшугу жез киши бар — убара чаркоо дегени» (Сагымбай Орозбаков, 2. 170).
1. Колунан эч нерсе чыкпаган, өтө зыкым, абдан сараң. Бир жез тырмак келини бар, менин күнүм ушунун колунда (Элебаев). Мамирмазиндин бул кызы кессең кан чыкпай турган бир жез тырмак эле (Элебаев). 2. к. ЖЕЗ ТУМШУК 1.
1. Колунан эч нерсе чыкпаган, өтө зыкым, абдан сараң. Бир жез тырмак келини бар, менин күнүм ушунун колунда (Элебаев). Мамирмазиндин бул кызы кессең кан чыкпай турган бир жез тырмак эле (Элебаев). 2. к. жез тумшук 1.