этиш.1. Бир нерсени иштөө, аткаруу, иштеп чыгаруу, даярдоо. [Андрей].. алды менен така жасады (Байтемиров). Тамак жасады. Доклад жасады. Баяндама жасады. 2. Кооздоо, иреттөө, жасалгалоо. Кана, жигиттер, жасагыла ырчыны(Бөкөнбаев). Болор жигит порумдап Жасап коёт үйлөрүн(Токтогул). ¨ Тамагынжасоо — жөтөлүп, сүйлөөгө же өзүнө көңүл бурдуртуу үчүн камынуу. Салыктын үйүнөн кимдир бирөө чыгып, тамагын жасап, бери көздөй басты (Каимов). [Зулай].. ыр чыныныколуна алып, тамагын жасай баштады (Байтемиров).
1. сделать, устроить; сотворить; сынбасты уста жасабайт погов. мастер не делает ничего не ломающегося; ничто не вечно; журналисттер менен жасаган аңгеме беседа с журналистами; эт жаса- распределять куски мяса по блюдам (делалось это руками); эт жасаган колун жалайт погов. кто мясо распределяет, тот и пальцы свои облизывает; 2. украшать; жасаган творец, создатель (эпитет бога); жашыңда өлүп, жай болдуң, жасаган бербей өмүрдү стих. ты умер в молодости, успокоился, создатель не дал тебе жизни; жасагандын салганы рел. божье повеление.
1. Кандайдыр бир жумушту иштөө, бүтүрүү, бир нерсени же бир буюмду иштеп чыгаруу, даярдоо. – Мага бер эми, калганын өзүм жасайын, – деди Жылдызкан (Байтемиров). Бир жагында бир тобу, Ылай жасап жатышат (Турусбеков). Турдукан сызмадан шырып басмайыл, куюшкан жасады (Бейшеналиев). 2. Бышыруу, ичүүгө же жегенге бир нерселерди даярдоо. Торсойгон кичинекей казанга Батыш жарма жасады (Байтемиров). Батыш күлчөтай жасап, жыгач табакка салып алып келет (Байтемиров). 3. Жаратуу, пайда кылуу. Таалайды элим жасадың, Тамчылап аккан каныңдан (Бөкөнбаев). Артта калган оюңду Токто, энеке, Кайта биздер жасарбыз (Турусбеков). Кайран өмүр жыйырма беш, Жашка барар болсочу, Кайран жанды кол менен, Жасап алар болсочу (Токтогул). 4. Жасалгалоо, кооздоп, иреттеп коюу. Болор жигит порумдап, Жасап коёт үйлөрүн (Токтогул). Айша үйдүн ичин жакшынакай кылып жасап койгон («Ала-Тоо»). 5. Кандайдыр бир иш процессинин, кыймыл-аракеттин ж. б. аткарылышын, жүзөгө ашырылышын, уюштурулушун билдирүүдө колдонулат. Тажрыйба жаса. Аракет жаса. Актылар боюнча сводка жасап, колуңузга кармата коюп отура берем (Убукеев). Кубанчыңа той жасап, Күлөр чагың, жеңеке (Нуркамал).
страд. отжаса-; жалганда жалгыз болгончо жасалбай калган жөн экен фольк. чем быть в этом мире одиноким, лучше не родиться; үйү жасалган болуп калды южн. его дом хорошо обставлен.
Түрк тилдериндеги жаса этиши моңгол тилинде да заса түрүндө келип, бул тилдерге орток. Моңгол тилинде заса этишине зат атооч жасоочу -л мүчөсүн жалгоо менен жасалган засал сөзү кыргызча жасалга сөзүнүн маанисин берет. Мындай кубулуштар кыргыз тилинде да бар. Алсак, болжо – болжол, жырга – жыргал, куура – куурал деген учурларда этишке -л мүчөсү жалганып зат атооч сөз жасалат. Ал эми жасалга деген учурда -л мүчөсүнүн уланышы менен чектелбестен, андан кийин -га мүчөсүн дагы кошууга туура келген. Натыйжада жасалга сөзү жаса уңгусунан жана -лга мүчөсүнөн куралган өңдөнүп, ал кыргыз тилиндеги табылга, токулга деген учурда катышкан -лга мүчөсүнө окшош болуп калган. Чындыгында жасалга сөзү жаса+л+га деген бөлүктөрдөн турат. Мындагы -га мүчөсү этиштен зат атооч жасоочу өзүнчө мүчө болуп эсептелет. Аны тутка (<тут+ка) деген сөздөн даана байкоого болот. Ошондо жасалга сөзүндө этиштен зат атооч жасоочу -л жана -га мүчөлөрү катар кошулган деген тыянак келип чыгат.
1. Кооздоо, шаанилүү, иреттүү түргө келтирүү үчүн зарыл болгон буюмдар, ар кандай жабдуулар. Кайсы бирлери атайылап эле токтой калып, илинүү турган жасалгаларга бир сыйра көз жүгүртүп чыгышат (Абдукаримов). Колхоз бардык жасалгасы менен жасап алты арабаны жөнөттү (Сыдыкбеков). 2. Салтанаттуу, шаанилүү түргө, тартипке келтирилген абал, көркөм, кооз түргө келтирилген көрүнүш. Стол үстүндөгү жасалга абдан сонун (Жантөшев). Завод алды кенен аянт, жасалга: плакаттар, ураан, ардак такталар (Токомбаев).
возвр. отжасалгала-; квартирим радио, электир жана башка ушулар өңдүү керектөөлөр менен жасалгаланган в моей квартире имеются радио, электричество и другие удобства; жасалгаланган окуу мастерскойлору оборудованные учебные мастерские.
design template (noun)
A file that contains the styles in a presentation, including the type and size of bullets and fonts; placeholder sizes and positions; background design and fill; color schemes; and a slide master and optional title master.
Жасалгасы мыкты, кооздолгон, жабдылган, жасалгаланган. Сонун жасалгалуу боз үй (Жантөшев). Бугимовдор терезелери көчөнү караган жасалгалуу ээн бөлмөгө киришти (Сасыкбаев).
1. искусственный, деланный; жасалма бермет искусственный жемчуг; жасалма жол менен искусственным путём; жасалма жол менен куудуруу искусственное осеменение (животных); 2. поддельный, фальшивый; жасалма билет поддельный билет; жасалуу устроенный, оборудованный, снаряжённый; жасалуу кол снаряжённое войско; көрүнөө бардың жасалуу колго, чалынып калдың жайылуу торго стих. ты открыто пошёл на снаряжённое войско и попал в расставленные сети.
жасалма жасалма (эгилме) жайыт жасалма була жасалма булгаары жасалма жандоочу жасалма жибек жасалма жол менен тамактандыруу жасалма жүн жасалма кын жасалма монополия (экон.) жасалма муз жасалма спутниктер жасалма сүт жасалма тандоо жасалма тери жасалма тилдер жасалма чечекей
Табигый эмес, тубаса эмес, чыныгы эмес, адам колунан жаралган, атайын жасалган. Мындай жасалма көлмөлөрдү жергиликтүү калк хауз деп атайт (Абдукаримов). Балдардын колунан тургузулган жасалма дөбөчө (Каимов). Күч менен чыккан жасалма күлкү, кошомат күлкүсү (Сыдыкбеков).
жасалма жаңылыктар – финансылык же саясый пайда табуу максатында социалдык медиалар же салттуу медиалар аркылуу жүргүзүлгөн пропаганда, маалыматтык мистификация же дезинформация. Окурмандарды көбөйтүү үчүн жасалма жаңылык жаратуучулар чуулгандуу темаларды колдонушат же окуяларды толугу менен ойдон чыгарышат. Пайдажарнамадан түшөт. Жеңил табылган жарнама кирешеси, коомдун саясый уюлдашуусу жана социалдык медиалардын жеткиликтүүлүгү жасалма жаңылыктардын массалык тарашына шарт түздү. Сайттардын анонимдүү хостиңианонимдүү жана псевдонимдүү авторлорду жарыялары үчүн мыйзам чегинде жоопко тартууну татаалдаштырат.
Жасалма интелекттүү (ЖИ) виртуалдык жардамчылар (ВЖ) адатта интернеттеги булут серверлеринде жайгашкан програмдар. ВЖ интернетке туташкан түзмөктөр жана колдонмолор аркылуу иштейт. Кененирээк мындан окуңуз!
ЖАСАЛМАЛАНГАН ВЕКСЕЛЬ – кандайдыр бир кишинин атынан антүүгө ыйгарым укугу жок туруп түзүлгөн, вексель берүүчүнүн жана/же акцептанттын, ал эми айрым учурларда анын башка катышуучуларынын колдору да жасалып коюлган вексель.
Машиналык үйрөнүүдө, жасалма нейрон желеси (artificial neural network, искусственная нейронная сеть) – жаныбарлардын мээсиндеги биологиялык нейрондордун туташуу жолдоруна окшоштуруп түзүлгөн модел. Кененирээк мындан окуңуз!
этиш. Көрктөнүү, өзүн кийим-кече жана башка жасалгалар аркылуу, көрктүү, кооз көрүнүшкө келтирүү.Өмүрү болбойт тазалык, Жүрбөйсүң элдей жасанып (Шүкүрбеков). Кийинишкен, жасанган, Кыздары көп карасам (Үмөталиев).
Кооздонуу, өзүн кийим-кече жана башка жасалгалар аркылуу көрктүү, кооз көрүнүшкө келтирүү. Кийинишкен, жасанган, Кыздарды көп карасам (Үмөталиев). Соня жасанып, Сергейди шынаарлап калыптыр (Сасыкбаев).
1. Дене, келбет, бүткөн бой. Чачың тал-тал жибектей, Жасатың тарткан сүрөттөй (Тоголок Молдо). Жасатын жерден алган – деп Кериде калып жасатым, Кузгун чукуп көзүмдү («Манас»С. О.). 2. Сөөк, өлүк. Жасатын көрдүм Лениндин, Жаркыган сарай өзүндө (Тоголок Молдо). Ошого катарлаш коюла баштаган алардын жасаты (Даникеев).
понуд. отжасат- II; ага атайлап комуз жасаттырып берет для него специально заказывают (сделать) комуз; бир жаңы көрпө таап, тебетей жасаттырып берейин я найду новую курпейку и закажу (тебе, ему) шапку; тезирээк бирдеме жасаттырып жиберчи вели-ка поскорее что-нибудь приготовить (поесть); документ жасаттыр- велеть (или каким-нибудь способом устроить), чтобы изготовили документ.