жаса
Толковый словарь кыргызского языка (1969) этиш. 1. Бир нерсени иштөө, аткаруу, иштеп чыгаруу, даярдоо. [Андрей].. алды менен така жасады (Байтемиров). Тамак жасады. Доклад жасады. Баяндама жасады.
2. Кооздоо, иреттөө, жасалгалоо. Кана, жигиттер, жасагыла ырчыны (Бөкөнбаев). Болор жигит порумдап Жасап коёт үйлөрүн (Токтогул).
¨ Тамагын жасоо — жөтөлүп, сүйлөөгө же өзүнө көңүл бурдуртуу үчүн камынуу. Салыктын үйүнөн кимдир бирөө чыгып, тамагын жасап, бери көздөй басты (Каимов). [Зулай].. ыр чыныны колуна алып, тамагын жасай баштады (Байтемиров).