Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Түрк тилдериндеги жаса этиши моңгол тилинде да заса түрүндө келип, бул тилдерге орток. Моңгол тилинде заса этишине зат атооч жасоочу -л мүчөсүн жалгоо менен жасалган засал сөзү кыргызча жасалга сөзүнүн маанисин берет. Мындай кубулуштар кыргыз тилинде да бар. Алсак, болжо – болжол, жырга – жыргал, куура – куурал деген учурларда этишке -л мүчөсү жалганып зат атооч сөз жасалат. Ал эми жасалга деген учурда -л мүчөсүнүн уланышы менен чектелбестен, андан кийин -га мүчөсүн дагы кошууга туура келген. Натыйжада жасалга сөзү жаса уңгусунан жана -лга мүчөсүнөн куралган өңдөнүп, ал кыргыз тилиндеги табылга, токулга деген учурда катышкан -лга мүчөсүнө окшош болуп калган. Чындыгында жасалга сөзү жаса+л+га деген бөлүктөрдөн турат. Мындагы -га мүчөсү этиштен зат атооч жасоочу өзүнчө мүчө болуп эсептелет. Аны тутка (<тут+ка) деген сөздөн даана байкоого болот. Ошондо жасалга сөзүндө этиштен зат атооч жасоочу -л жана -га мүчөлөрү катар кошулган деген тыянак келип чыгат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кооздоо, шаанилүү, иреттүү түргө келтирүү үчүн зарыл болгон буюмдар, ар кандай жабдуулар. Кайсы бирлери атайылап эле токтой калып, илинүү турган жасалгаларга бир сыйра көз жүгүртүп чыгышат (Абдукаримов). Колхоз бардык жасалгасы менен жасап алты арабаны жөнөттү (Сыдыкбеков). 2. Салтанаттуу, шаанилүү түргө, тартипке келтирилген абал, көркөм, кооз түргө келтирилген көрүнүш. Стол үстүндөгү жасалга абдан сонун (Жантөшев). Завод алды кенен аянт, жасалга: плакаттар, ураан, ардак такталар (Токомбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр. от жасалгала-;
квартирим радио, электир жана башка ушулар өңдүү керектөөлөр менен жасалгаланган в моей квартире имеются радио, электричество и другие удобства;
жасалгаланган окуу мастерскойлору оборудованные учебные мастерские.