Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Түрк тилдериндеги жаса этиши моңгол тилинде да заса түрүндө келип, бул тилдерге орток. Моңгол тилинде заса этишине зат атооч жасоочу -л мүчөсүн жалгоо менен жасалган засал сөзү кыргызча жасалга сөзүнүн маанисин берет. Мындай кубулуштар кыргыз тилинде да бар. Алсак, болжо – болжол, жырга – жыргал, куура – куурал деген учурларда этишке -л мүчөсү жалганып зат атооч сөз жасалат. Ал эми жасалга деген учурда -л мүчөсүнүн уланышы менен чектелбестен, андан кийин -га мүчөсүн дагы кошууга туура келген. Натыйжада жасалга сөзү жаса уңгусунан жана -лга мүчөсүнөн куралган өңдөнүп, ал кыргыз тилиндеги табылга, токулга деген учурда катышкан -лга мүчөсүнө окшош болуп калган. Чындыгында жасалга сөзү жаса+л+га деген бөлүктөрдөн турат. Мындагы -га мүчөсү этиштен зат атооч жасоочу өзүнчө мүчө болуп эсептелет. Аны тутка (<тут+ка) деген сөздөн даана байкоого болот. Ошондо жасалга сөзүндө этиштен зат атооч жасоочу -л жана -га мүчөлөрү катар кошулган деген тыянак келип чыгат.