ЖАСАЛГА
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Кооздоо, шаанилүү, иреттүү түргө келтирүү үчүн зарыл болгон буюмдар, ар кандай жабдуулар. Кайсы бирлери атайылап эле токтой калып, илинүү турган жасалгаларга бир сыйра көз жүгүртүп чыгышат (Абдукаримов). Колхоз бардык жасалгасы менен жасап алты арабаны жөнөттү (Сыдыкбеков). 2. Салтанаттуу, шаанилүү түргө, тартипке келтирилген абал, көркөм, кооз түргө келтирилген көрүнүш. Стол үстүндөгү жасалга абдан сонун (Жантөшев). Завод алды кенен аянт, жасалга: плакаттар, ураан, ардак такталар (Токомбаев).