жасак Киргизско-русский словарь Юдахина 1. ист. дружина крупного военного предводителя (члены её назывались чоро, см.);2. южн. парное к жабдык;жасак-жабдык военное снаряжение.
жасак Толковый словарь кыргызского языка (1969) зат. Кол, аскер. «Чуу куйрук» деген сөз үчүн бир уруу экинчи уруу менен жасакка да чыгышты (Аалы).
ЖАСАК Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Кол, аскер. «Чуу куйрук» деген сөз үчүн бир уруу экинчи уруу менен жасакка да чыгышты. (Токомбаев).
жасакер Толковый словарь кыргызского языка (1969) сын. Айыбын жууштун аракетинде болгон, жагынгысы, жакшы көрүнгүсү келген. Жасакер катын жаткыча таяк жейт (макал).
ЖАСАКЕР Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Айыбын жууштун аракетинде болгон, жагынгысы, жакшы көрүнгүсү келген. Жасакер күлүп, жайгарып жанаша келип отурду (макал).
жасакерден- Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев) жасакерден-, жасакерлен-; жасакерденбе-, жасакерденген, жасакерленбе-, жасакерленген
жасакерлен Толковый словарь кыргызского языка (1969) этиш. Жагынуу, жакшы көрүнүү, айыбын жуушка аракет кылуу.
ЖАСАКЕРЛЕН Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Жагынуу, жакшы көрүнүүгө аракеттенүү, айыбын жуушка аракет кылуу. Шарип тамашалап жасакерленип жатып, Андрееваны зорго жумшартты (Бейшеналиев).
жасакерлик Толковый словарь кыргызского языка (1969) зат. Жагынгандык, жакшы көрүнүүчүлүк, айыбын жуушка аракет кылгандык.
ЖАСАКЕРЛИК Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Жагынгандык, жакшы көрүнүүгө аракеттенген мамиле, айыбын жуушка аракет кылгандык.
ЖАСАКӨЙЛӨН Толковый словарь кыргызского языка. 2015 жасакерленүү менен бирдей. Жутаке жасакөйлөнө баштады (Жантөшев).
жасактуу Киргизско-русский словарь Юдахина вооружённый;жасактуу калың кол келди фольк. пришло большое вооружённое войско.