Киргизско-русский словарь Юдахина
преступление, уголовное преступление;
кылмышы бар преступник;
кылмыш кылган совершивший преступление;
кылмыш иши уголовное дело;
кылмыш "ичип койдон" башталат преступление начинается с "выпей";
"ичип койдумдун" кесепетинен оор кылмыш кылды из-за пакостного "я выпил" он совершил тяжёлое преступление;
кылмыш мыйзамы уст. уголовный закон;
кылмыш кодекси уголовный кодекс.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Законго каршы иштелген иш, терс иш, күнөө, айып. Каардуу душман кылмышына жараша катуу сокку жээрин [Фомичев].. айтты
(Сасыкбаев). Силерчесинен көз көрүнө качуу кылмыш болбойт экен го (Жантөшев).

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
кылмыш
кылмыш даладаты (ук.)
кылмыш жазасы
кылмыш кодекси
кылмыш курамы (ук.)
кылмыш курамынын жү йөсү (ук.)
кылмыш курамынын
максаты (ук.)
кылмыш курамынын
объективдүү жагы (ук.)
кылмыш курамынын
объектиси (ук.)
кылмыш курамынын
предмети (ук.)
кылмыш курамынын
субъективдүү жагы (ук.)
кылмыш курамынын
субъектиси (ук.)
кылмыш курамынын
түрлөрү (ук.)
кылмыш мыйзамы
кылмышка даярдануу (ук.)
кылмышка тиешелүү бо луу (ук.)
кылмышка шериктеш
болуу (ук.)

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ – КР кылмыш-жаза мыйзамдары боюнча кылмыш-жаза мыйзамында каралган коомдук коркунучтуу, күнөөлүү жана жазалануучу жосун (аракет же аракетсиздик). Мыйзамда каралган кандайдыр бир жосундун белгилери бар, бирок анчалык маанилүү болбогондугунан улам, б. а. инсанга, коомго же мамлекетке зыян келтирбеген жана коркунуч туудурбаган аракет же аракетсиздик К. болуп эсептелбейт. К. мүнөзүнө жана коомдогу коркунучтуулук даражасына жараша чоң коркунуч келтирбеген К., анча оор эмес К., оор жана өзгөчө оор К. болуп бөлүнөт. Кол салуу объектилерине жараша К-тар: инсанга каршы К., экономика чөйрөсүндөгү К., коомдук коопсуздукка жана коомдук тартипке каршы К., мамлекеттик бийликке каршы К., аскердик К. жана тынчтыкка жана адамзаттын коопсуздугуна каршы К. болуп бөлүнөт. Күнөөнүн түрүнө жараша – атайын жана байкоосуздан жасалган кылмыш болуп бөлүнөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ-ЖАЗА-АТКАРУУ УКУГУ – КРдеги укуктун өзалдынча тармагы, жазаны аткаруу жана өтөө тартиби менен шарттарын жөнгө салуучу юридикалык ченемдердин жыйындысы. Ошондой эле тийешелүү илим менен окуу сабагы да К-ж. а. у. катары түшүндүрүлөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ-ЖАЗА ЖООПКЕРЧИЛИГИ – юридикалык жоопкерчиликтин бир түрү; жасалган кылмыштын укуктук кесепети – жазалоо таризиндеги мамлекеттик мажбурлоо. К.-ж. ж-не тартуу кылмыш-жаза ишин козгоо, андан ары иликтөө, соттук териштирүү дегенди билдирет. Кылмышка даярдык көргөндүгү үчүн, кылмыш жасоого ниеттендиги үчүн, кылмышка катышкандыгы үчүн да К.-ж. ж. каралат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ-ЖАЗА ЖООПКЕРЧИЛИГИНЕН БОШОТУУ – кылмыш-жаза институту, эгер жагдайлардын өзгөрүлүп кеткенине байланыштуу, ал жасаган жосундун коомдук коркунучтуу мүнөзү жойулса, же ал адам коом үчүн коркунучтуу болбой калгандыгы таанылса, ага ылайык биринчи жолу анча чоң эмес оор же оор эмес кылмыш жасаган адам кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулушу мүмкүн. Андай адам жабырлануучу менен макулдашып элдешкен учурларда да кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат. К. ж. ж. б. төмөндөгүдөй мөөнөттөр өткөн учурларда да жүргүзүлөт: а) анча чоң эмес кылмыш жасагандан 2 жыл өткөндөн кийин; 2) анча оор эмес кылмыш жасагандан 5 жыл өткөндөн кийин; в) оор кылмыш жасагандан 10 жыл өткөндөн кийин; г) өзгөчө оор кылмыш жасагандан 15 жыл өткөндөн кийин. Башка катмардагы кылмыштарды жасаган адам КР кылмыш-жаза мыйзамдарында атайын каралган учурларда.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ-ЖАЗА ЖООПКЕРЧИЛИГИНИН НЕГИЗДЕМЕСИ – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган кылмыш курамынын баардык белгилерин камтыган адам жасаган аракеттер (аракетсиздик).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ-ЖАЗА ИШИ – кылмыш белгилери табылган учурларда мыйзамда белгиленген тартипте козголгон иш. Тергөө органдарынын материалдары же К.-ж. и-нин материалдарын сотко чейин даярдоонун протоколдук таризи боюнча сот тарабынан каралат жана чечилет. К.-ж. и-н козгоо себеби: а) жарандын арызы менен каты; б) коомдук уюмдардын билдирүүсү; в) уюмдардын, кызмат адамдарынын билдирүүсү; г) басмасөздө жарыяланган макалалар, кабарлар, каттар; д) күнөөсүн моюндап келүү; е) кылмыш белгилеринин түздөнтүз алгачкы текшерүү органдары, тергөөчүлөр, прокурорлор же соттор тарабынан табылуусу. Кылмыш белгилерин көрсөтүүчү маалыматтар жетиштүү болгон учурда гана кылмыш иши козголушу мүмкүн.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ-ЖАЗА ИШИН КОЗГОО – кылмыш-жаза процессинин башталышы, анда прокурор же тергөөчү жасалган же даярдалып жаткан кылмыш тууралуу алынган маалыматтарды карап чыгып, ишти өндүрүшкө берүү боюнча негиз бар же жок экенин аныктайт. Бул аракеттер К. и. к. же андан баш тартуу, арызды (билдирүүнү) андан ары тийиштүүлүгүнө жараша өткөрүп берүү, же алынган материалдар боюнча административдик же дисциплинардык тартипте чечүүгө жөнөтүү менен аяктайт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ-ЖАЗА ИШТЕРИН БИРИКТИРҮҮ – бир же бирнече кылмыш жасоого кошо катышкандыгы үчүн бирнече адамды айыптоо боюнча иштер, ошондой эле ушул кылмыштарды күн мурдатан убада кылбастан жашырып-жапкандыгы үчүн айыптоо боюнча иштер бир өндүрүшкө бириктирилиши мүмкүн. К. ж. и. б.ушул иштердин бирин карап жаткан тергөөчүнүн, судьянын токтому, ошондой эле соттун аныктамасы менен жүзөгө ашырылат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ-ЖАЗА КОДЕКСИ (К-ЖК ) – тутумдаштырылган мыйзам актысы; коомчулукка коркунуч туудурган кандай жосундар кылмышка жатарын аныктайт, аларга карата жазаны, ошондой эле дагы башка жазык-укуктук чараларды белгилейт. Адатта, К-ЖК жалпы жана өзгөчө бөлүктөн турат. К-ЖКнын жалпы бөлүгүндө жетектөөчү принциптер менен жалпы жобо камтылат. өзгөчө бөлүгүндө – белгилүү бир кылмыш түрлөрү (жана анын жазалары) аныкталат. Аракеттеги КР К-ЖК 1997-жылдын 1-октябрынан тарта күчүнө кирген.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ-ЖАЗАЛЫК КАТТОО – кылмышкерлерди, ошондой эле дайынсыз жоголгон адамдарды, кылмыш-жаза иштерин тергөө учурунда мааниге ээ болуучу айрым объекттерди каттоого алуучу, аларды издөө, статистика жана алар тууралуу маалымат берүүчү кабарларды алуу максаттарындагы тутум.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ-ЖАЗА МЫЙЗАМЫ – тигил же бул жосун үчүн кылмыш жоопкерчилигин белгилөөчү мыйзам актысы. Жазык укугун толук бириктирп алган күндө да, «К.-ж. м.» деген түшүнүк «кылмыш-жаза кодекси» деген түшүнүккө караганда кенендик кылат, анткени ал КЖКга. киргизилген өзгөртүүлөр менен толуктоолорду да өзүнө камтып турат. К.-ж. м. К-ЖКда так ушул маанисинде колдонулат. Жосундун кылмыштуулугун жоюучу, жазаны жумшартуучу же дагы башка жолдор аркылуу кылмыш жасаган адамдын абалын жакшыртуучу К.-ж. м. кайтарым күчкө ээ, анткени ал мындай мыйзам күчүнө киргенге чейин ушундай жосун жасаган, анын ичинде жазасын өтөп жаткан же жазасын өтөп бүткөн, бирок соттолгондугу алына элек адамдарга карата таркатылат. Кылмыш жосунун аныктоочу, жазаны күчөтүүчү же дагы башка жолдор аркылуу адамдын абалын начарлатуучу К.-ж. м. кайтарым күчкө ээ болбойт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ-ЖАЗА ПРОЦЕССИ – мамлекеттик жана коомдук уюмдардын, кызмат адамдарынын, жарандардын катышуусу менен, мазмуну кылмыш ишин козгоо, иликтөө, соттук кароо жана чечүү, ошондой эле (жарым-жартылай) өкүмдү аткаруу болуп саналган алдынала текшерүү, алдынала тергөө, прокуратура, сот органдарынын мыйзам тарабынан регламенттелип, укуктук мамиле калыбына салынган иш-аракеттери. К.-ж. п-нин баскычтары: а) кылмыш-жаза ишин козгоо; б) алдынала иликтөө; в) сотко өткөрүү; г) соттук териштирүү; д) өкүмдү аткаруу. Айрым учурларда кылмыш-жаза иши кошумча баскычтарды да басып өтөт: соттук көзөмөлгө алуу тартибинде ишти кайра кароо; жаңы ачылган жагдайлар боюнча ишти кайрадан улантуу. «К.-ж. п.» деген түшүнүк «кылмыш-жазык сот өндүрүшү» деген түшүнүккө шайкеш келет. К.-ж. п-нин милдеттери: кылмышты ыкчам жана толук ачуу, күнөөкөрдүн бетин ачуу, мыйзамды туура колдонуу.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ-ЖАЗА-ПРОЦЕССТИК УКУК – КРдеги негизги укук тармактарынын бири; жазык жүрүм катышуучулар чөйрөсүнүн алдыдагы милдети менен принциптерин, алардын укугу менен милдеттерин, ошондой эле башка сот өндүрүшүнүн жоболорун, кылмыш ишин козгоо, алдынала иликтөө, соттук кароо, чечүү тартибин, ошондой эле (жарым-жартылай) сот өкүмүн аткарууну аныктай турган юридикалык ченемдердин жыйындысы. Ошондой эле тийешелүү илим менен окуу сабагы да К-ж-п. у. катары түшүндүрүлөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ-ЖАЗА ПСИХОЛОГИЯСЫ – психология тармагы; укук бузуучунун кертбашынын психикалык түзүмүн изилдейт, т. а., кылмышкердин кертбашы менен мүнөзүн, ошондой эле кылмышка карата анын психикалык мамилесин (жүйөсүн, аңдай билүүсүн, өкүнүүсүн) изилдейт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ-ЖАЗА САЯСАТЫ – коомчулук менен жеке адамдын кылмышка кириптер болуусунан коргоонун баардык мамлекеттик чараларынын жыйындысы. Коопсуздукту жана стратегияны камсыз кылуунун жалпы маселелери менен катар эле, К.-ж. с. кылмыш-жаза укугун реформалоону көздөйт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ-ЖАЗА СТАТИСТИКАСЫ (лат. status – абал) – кылмышты жана жалпы социалдык көрүнүш катарында аны менен күрөшүү натыйжасын изилдей турган кылмыштаануу тармагы, ошондой эле дал ошол маанидеги статистика тармагы.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ-ЖАЗА УКУГУ – кандай жосундар кылмышка жатып, ага кандай жаза, ошондой эле кылмыш жасаган жактарга кылмыш-жаза-укуктук жактан таасир этүүнүн башка чаралары колдонуларын белгилөөчү, кылмыш жоопкерчилигинин жана кылмыш-жаза жоопкерчилиги менен жазадан бошотуунун негиздерин аныктоочу укук ченемдерин бириктирүүчү укук тармагы. Ошодой эле, К.-ж. у. илими менен тийешелүү окуу сабагы да К.-ж. у. катары түшүндүрүлөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ ЖАСОО УЧУРУ – кылмышкер өз аракети аркылуу же аракетсиздигинин айынан кылмыштык жазага тартылчу жосун жасаган учур. Ошол маалга (учурга) чейинки аракеттер кылмыш катары каралбайт. Узакка созулган кылмыштарда баардык жүрүм-турум жорук-жосундары кылмыш-жаза-укуктук жактан К. ж. у-на кирет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ ЖҮЙӨСҮ – кылмыш жосунуна түрткөн нерсенин түздөнтүз ички себеби (м.: кызгануу, кекенүү, пайдакечтик). Кылмыштын жеке тарабы. КР кылмыш-жаза мыйзамдарынын айрым учурларында К. ж. кылмыш курамынын милдеттүү же жиктештирүүчү белгиси болуп саналат. Башка учурларда К. ж. жазалоонун күчөтүлүүчү же жумшартылуучу жагдайы катары да кызмат кылышы мүмкүн.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШКА ДАЯРДЫК – түздөнтүз кылмыш жасоого ниетинде аргандай каражаттар менен куралдарды издөө же атайын ылайыкташтыруу, алдынала макулдашып алып же кылмыш жасоо үчүн атайылап шарт түзүү аркылуу жасалып, андай кылмыш аракеттери аларга байланыштуу болбогон жагдайларга жараша аягына чейин чыгарылбаса да, К. д. катары таанылат. Өтө оор жана өзгөчө оор кылмыштарга карата көрүлгөн даярдыктар гана кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШКА КАТЫШКАНДЫК – кылмыш менен байланыштуу, бирок ага көмөк болбогон иш-аракет. КР кылмыш-жаза мыйзамдарында алдынала макулдук бербестен, оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жашырып-жапкандыгы үчүн К. к. катары кароо менен кылмыш-жаза жоопкерчилиги бар.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШКА КОШО КАТЫШУУ – КР кылмыш-жаза мыйзамдары боюнча 2 же андан көп адамдардын карасанатайлык менен жасалган кылмышка атайылап биргелешип катышуусу. Аткаруучулар менен бир катарда кылмыштын уюштуруучулары, козутуучулары (шыкакчылары) жана көмөкчүлөрү кошо катышуучулар катары таанылат. К. к. к. кылмышка даярдыкта (кылмыш кылууга ниеттенүүдө) да болушу мүмкүн.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШКА КОШО КАТЫШУУЧУЛАР – КР кылмыш-жаза мыйзамдары боюнча кылмыштын аткаруучусу, кылмыштын уюштуруучусу, кылмыштын козутуучусу жана көмөкчүсү. К. к. к-дын жоопкерчилиги алардын арбиринин жасалган кылмышка иш жүзүндө катышуусунун мүнөзүнө жана даражасына жараша аныкталат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШКЕРДИ МАМЛЕКЕТИНЕ КАЙТАРУУ – бир мамлекеттин экинчисине кылмыш кылган адамды өткөрүп берүүсүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн жолжобосу. М.: кылмышкер аба кемесин айдатып кетүүсү ыктымал. Учурда аны ал катталган мамлекетке кайтарууну күч менен айдалып кеткен аба кемеси аймагына конгон мамлекет ишке ашырат (кара:Кылмышкерлерди өткөрүп берүү). К. м. к. бул ошондой өтүнүч менен кайрылган мамлекетке укуктук жардам көрсөтүүнүн өзгөчө акты.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШКЕР ИЗДӨӨ – жарандардын кертбашына, алардын жеке менчигине, коомдук тартипке, коопсуздукка каршы жасалган кылмыштардын алдыналуу, ага бөгөт коюу, бетин ачуу боюнча изин суутпай иликтөө ж. б. ага тийешелүү чараларды көрүүчү ички иштер органдарынын тутуму.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШКЕРЛЕРДИ ӨТКӨРҮП БЕРҮҮ (экстрадиция) – кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу же мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген өкүмдү аткаруу үчүн башка мамлекеттин талабы боюнча мамлекеттин өз аймагындагы кылмышкерди өткөрүп берүүсү. Кызыкдар мамлекеттердин ортосунда өзара атайын макулдашуулар болгондо гана К. ө. б. юридикалык милдеттенме болуп саналат. Мамлекет төмөндөгүлөрдү талап кыла алат: өз жараны болуп саналган кылмышкерди; өз аймагында жасалган кылмыш боюнча; жасалган кылмыштан улам залал тартса. Эреже катары: а) өз жарандарын; б) адамга өлүм жазасы коркунуч келтирген же кыйноолор колдонулуучу мамлекеттерге; в) саясий көзкарашы үчүн куугунтукталган же аракети (аракетсиздиги) талап кылынган тарап тарабынан кылмыш катары саналбаган адамдарды өткөрүп берүүгө жол берилбейт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ КУРАМЫ – кылмыш-жаза мыйзамдарында белгиленген белгилүү бир коомдук коркунучтуу жосунду кылмыш катары мүнөздөгөн объективдүү жана субъективдүү белгилердин жыйындысы. К. к-нын объективдүү белгилерине – кылмыштын субъектиси жана кылмыштын объективдүү тарабы кирет. К. к-нын субъективдүү белгилерине: кылмыштын субъекти жана кылмыштын субъективүү тарабы кирет. Ушул белгилердин мазмуну боюнча кылмыштын бир түрү башка түрүнөн айырмаланат (м.: уурдоо талап-тоноодон кылмыштын объективдүү жана субъективдүү тараптары боюнча айырмаланат.). Кылмыштуу колсалуулардан кылмыш-жаза мыйзамы менен корголуучу коомдук мамилелер кылмыштын объектиси болуп саналат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ КЫЛУУГА НИЕТТЕНҮҮ – атайын түздөнтүз ойлонуу менен жасалган, кылмыш жасоого тикелей багытталган, бирок адамга байланышпаган жагдайлардан улам кылмыш иши аягына жеткирилбей калган шарттардагы аракет же аракетсиздик. Тийиштүү кылмыш катары, кылмыштуу ниеттин ишке ашуу деңгээли жана кылмыштын аягына чейин чыгарылбай калганынын себептери эсепке алынуу менен жазаланат. К. к. н. – алдынала кылмыш аракетинин экинчи баскычы болуп саналат. Биринчи баскычынан – кылмышка даярдануудан (мында аны жасоо үчүн шарттар гана түзүлөт) айырмаланып, К. к. н-дө күнөөлүүнүн аракети кылмыш-жаза мыйзамдары менен корголгон объектке карата тикелей багытталат, же болбосо объектиге ойлонуштурулганга караганда азыраак зыян келтирилет (м.: күнөөлүү киши өлтүрүүгө ниеттенсе да жабырлануучуну жарадар кылат). Бүткөн жана бүтпөгөн К. к. н. деп айырмаланат. Бүткөнүндө күнөөлүү кылмышты аягына чейин жеткирүү үчүн зарыл болгон аракеттердин баарын жасайт; бүтпөгөнүндө – ага байланышпаган жагдайлардан улам баардык аракеттерди аягына чыгара албай калат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ КЫЛУУДАН ЫКТЫЯРДУУ БАШТАРТУУ – КР мыйзамдары боюнча адамдын кылмыш ишин акыр аягына чейин жеткирүүгө көзү жетип же мүмкүнчүлүгү болуп туруп кылмыш кылууга түздөнтүз багытталып даярдалган аракеттерди (аракетсиздиктерди) токтотуп коюусу. К. к. ы. б. кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылбайт. Кылмыш ишин акыр аягына жеткирүүдөн баштарткан адам анын аракеттеринде башка кылмыштардын курамы болгондо гана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат. Кылмыш ишин уюштуруучунун, шыкакчынын же себепчинин ыктыярдуу баш тартуусу, эгер ал адамдар кылмыш аракеттерин убагында токтотууга баардык чараларды көрүшсө жана андан коомдук коркунучтуу жыйынтыктар боло элек болсо, кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулушат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ КЫЛУУ ЖОРОМОЛУ – кылмыш жазасына жаткан жорукту ашкерелөөдө (мурдагы иликтөөлөрдүн жыйынтыктары кылмышты толук ашкерелөөгө кепил боло албаганда) пайдаланылуучу ойлонуунун криминалисттик усулу; кылынган кылмыштын белгилүү ыкмада жасалганы жагдайындагы ойжоруу. К. к. б. – бул ишенимдүү, бирок жетишсиз эксперименттик маалыматтар менен али далилденүүсү тийиш болгон ойжорууларды бириктирүү.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ КЫЛЫНГАН ЖЕР – криминалдык жана кылмыш-жаза-укуктук жактан мааниси бар жосун болгон жер. К. к. ж. тар маанисинде, б. а. түздөнтүз жосун болгон жер жана ал окуяга байланыштуу өзгөрүүлөр болуусу мүмкүндүгү болжонгон жер (кармашуунун изи, кылмышкерге жана курмандыкка тийүү, жугуу, кандын же жашыруун нерселердин изи, колдун манжаларынын тагы, буттун изи, түрүлгөн килем-килчелер, бүлүнгөн же талкаланган нерселер ж. б.) жана кеңири маанисинде – келген жана окуя болгон жерден качуунун жолдору жана жанжакадагы участоктор (кылмыш кылууга, качууга камдануу тууралуу маалыматтар, жоготулган буюмдар, буттардын издери, биологиялык жана минералдык катмарлануулар ж. б.) болуп бөлүнөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ МАКСАТЫ – кылмыш-жаза укугу боюнча, кылмышкер жетүүгө аракет жасаган натыйжа. Эгер кылмыш жүйөсү болсо – анын түрткүнчүгү, ал эми максаты болсо – кылмыш ишинин күткөн жыйынтык натыйжасы. М., каракчылык жасоодо өлтүрүү жүйөсү – пайдакечтик, ал максаты – жабырлануучуну өлтүрүү. К. м. кылмыш курамынын негизги белгиси болушу мүмкүн, ошондой эле катуулатуучу жагдайларда кылмыш курамын жиктөөчү да болушу мүмкүн. Акырында, К. м. жазаны белгилөөдө жоопкерчиликти катуулатуучу же жумшартуучу жагдай болушу мүмкүн – кылмышкер жетүүгө аракет кылган натыйжа.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ ОЛДОКСОНДУК – кылмыш-жаза укугунда айыптын бир түрү. Эгерде адам өз аракетинин (аракетсиздигинин) коркунучтуу кесепеттерин баамдай алса, бирок жеңил ойлуулук менен аларды болтурбайм деп ойлосо (кылмыш текеберчилиги), болбосо андай кесепеттердин болушун баамдоого тийиш болсо да баамдай албаса (кылмыштуу шалаакылык) К. о. катары таанылат. Байкабастыктан жасалган жосун – ал кылмыш-жаза мыйзамында атайын каралган учурда гана кылмыш катары таанылат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ ОРДУНУН ЧИЙМЕГИ – криминалистикадагы кылмыш ордун сүрөттөөчү жана кылмыш-жаза ишине тиркеле турган план; окуя болгон жерди кароо протоколун толуктап, аргандай учурларда тез баам салууга мүмкүндүк берет. План (чиймек) фотосүрөттөрдөн тышкары түзүлө берет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШПЕНОТААНУУ – кылмыштаануунун бир тармагы; ал кылмышты, анын келип чыгуу себептери менен шарттарын, кылмышкердин кертбашын, кылмыштуулукка каршы күрөшүү чараларынын тутумун, жаза мөөнөтүн өтөө жериндеги кылмыш кесепетин изилдейт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ СУБЪЕКТИСИ – кылмыш курамынын төрт катышынын бири. Кылмыш-жаза мыйзамдары тарабынан тыюу салынган жорук-жосундарды жасап, ал үчүн кылмыш жоопкерчилигин тартууга жөндөмдүү жактар кылмыш-жаза укугу боюнча К. с. болуп таанылат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТААНУУ (КРИМИНОЛОГИЯ ) (лат. crimena , (criminis ) – кылмыш жана гр. logos – сөз, окуу) – кылмыштуулук, анын себептери, кылмышкердин кертбашы, кылмыштын алдыналуу жолдору менен каражаттары, аны жоюу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндөгү илим. К. т. илими кылмыш-жаза мыйзамдарынын талаптарына кайчы келүүчү адамдардын коомго кооптуу жүрүм-турумун камтый турган кылмыштарды социалдык кубулуш катары изилдейт. Тийешелүү окуу сабагы да К. т. деп аталат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТААНУУ МОНИТОРИНГИ – кылмыштуулукка, ага байланышкан башка кубулуштарга, ошондой эле кылмышты алдыналуу субъекттеринин иштеринин абалына үзгүлтүксүз байкоо, артараптан талдоо жүргүзүү, баа берүү, болжолдоо тутуму.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТААНУУЧУЛУК БОЖОМОЛУ – кылмыштуулук абалы менен өсүү деңгээли жана анын айрым белгилери менен көрүнүштөрүнүн божомолун түзүү, кылмышка каршы күрөшүү чаралары менен кылмыш кесепети, ошондой эле кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча иш жүргүзө турган кылмыш таануунун бир тармагы.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТААНУУЧУЛУК МҮНӨЗДӨМӨ – кылмыштуулуктун (анын айрым түрлөрүнүн) мүнөздүү белгилерин, мыйзам ченемдерин, көрүнүштөрүн, кесепетин, ошондой эле кылмышкердин (анын айрым түрүнүн) жекече мүнөздүү белгилерин сыпаттоо.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТААНУУЧУЛУК ПРОГРАММАЛОО – кылмышка жана анын айрым түрлөрүнө каршы күрөшүү программасын (планын) иштеп чыгуу чөйрөсүндө иликтөө иштерин жүргүзүүчү кылмыштаануунун бир тармагы.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТААНУУ ЭКСПЕРТИЗАСЫ – ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун, алардын кылмыштуулукка таасир этүү мүмкүнчүлүгү жаатында тийиштүү адистердин (эксперттердин) изилдөөсү.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТАРДЫН ЖЫЙЫНДЫСЫ – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган, алардын бири боюнча соттолбогон адамдын 2 же андан көп кылмыштарды жасашы. Мында адам жасаган жана мыйзамда көрсөтүлгөн негиздерде кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган кылмыштар эске алынбайт. КР К-ЖКнын 2 же андан көп статьяларында каралган кылмыштардын курамынын белгилерин камтыган бир эле аракет (аракетсиздик) да кылмыштардын жыйындысы деп аталат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТАРДЫН ИШ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖЫЙЫНДЫСЫ – кылмыштардын жыйындысынын бир түрү, мында ага кирген кылмыштардын ар бири өзалдынча аракет же аракетсиздик аркылуу жасалат. К. и. ж. ж. бирнече ирет кылмыш жасоо дегенди билдирет. Ошондуктан мындай жагдайларда бир эле адам тарабынан жасалган кылмыштар кылмыш-жаза мыйзамынын бирнече ирет кылмыш жасоо үчүн жаза берүүнү караган статьясынын тийиштүү бөлүгү боюнча жиктештирилет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТАРДЫН КАЙТАЛАНУУЧУЛУГУ – кылмыш-жаза укугунун теориясында кылмыштардын көп түрүнүн бир түрү. К. к. бир эле адамдын кылмыш-жаза кодексинин бир эле статьясында көрсөтүлгөн кылмышты, же болбосо (айрым учурларда) анын өзгөчө бөлүгүнүн ар кайсы статьяларында каралган кылмышты 2 же андан көп ирет жасоосун билдирет. КР кылмыш-жаза мыйзамы К. к-нун 3 түрүн карайт: а) кылмыштардын бир нече жолкулугу; б) кылмыштардын айкын жыйындысы; в) кайталанган кылмыш.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТАРДЫН КӨПТҮГҮ – адамдын ар бир жасаган жосуну кылмыш курамын түзгөн жана кылмыш-жаза кодексинин өзалдынча статьясы (же статьясынын бөлүгү) боюнча квалификацияланган кырдаал. Мында өзүнүн артынан укуктук-кылмыш-жаза натыйжаларын (б. а. адам кылмыш-жаза жоопкерчилигинен же жазалоодон бошотулбай тургандары, м.: мөөнөтү эскиргенинен улам) алып келүүчүлөрү гана эсепке алынат. Кылмыш-жаза укугунун теориясында К. к. төмөнкү тариздерге (түрлөргө) айырмаланат: кылмыштардын кайталануусу жана кылмыштардын жыйындысы.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТАРДЫН ШАЙМАШАЙ ЖЫЙЫНДЫСЫ – кылмыштардын жыйындысынын бир түрү, кылмыш-жаза мыйзамынын эки же андан көп статьясында каралган кылмыштардын белгилерин камтыган бир гана аракетти (аракетсиздикти) билдирет. Кылмыштардын көп түрдүүлүгүнүн тариздеринин бири. К. ж. и. бирканча ирет кылмыш жасагандыкты билдирбейт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТУУ ЖЕҢИЛ ОЙЛУУЛУК – КР кылмыш-жаза укугунда күнөө таризи, кылмыштуу байкабастыктын бир түрү. К. ж. о. айыптуу адам өз аракетинин же аракетсиздигинин акыры коомчулукка коркунучтуу кесепетин тийгизиши мүмкүн экендигин билип туруп, терсаяктык менен аны жоюуга ашыкча ишеним артуусу менен мүнөздөлөт. Ал адам мындай учурда кандайдыр бир тышкы таасирлерден улам кылмыш натыйжасы болбойт деп эсептөө менен, өзүнүн жөндөмдүүлүгүнө (тажрыйбасына, шамдагайлыгына, ийкемдүүлүгүнө), башка адамдардын кийлигишүүсүнө ишенип жасашы да мүмкүн. К. ж. о. күнөкөр коомчулукка кооптуу кесепетин тийгизе турган кылмышка атайылап жол берүүчү кыйыр ниеттен дал ушунусу менен айырмаланат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТУУ ЖОРУК – 1) жазык укугунун теориясында адамдын жүрүм-турум эрежелерине сыйбаган, антисоциалдык, кылмыш мыйзамы менен корголгон коомдук мамилелерге зыян келтирүүчү жорук. Кылмыш мыйзамынын тигил же бул статьясына жаткан, акыл-эсинде тургандагы негиздүү аракеттердин же аракетсиздиктин, б. а. психологиялык жана билек күч абалынын бирдигинен көрүнгөн, адамдын аңсезимдүү жүрүм-туруму. К. ж. өзүнүн объективдүү маңызы боюнча коом үчүн коркунучтуу аракет же аракетсиздик болуп саналат, ал эми субъективдүү алганда – ардайым белгилүү максат жана белгилүү жүйө менен жасалган айыптуу жорук; 2) кылмыш дегендин бирдиктүү түшүнүгү болбогон укук тармактарындагы жазаланууга жаткан кылмыштуу аракеттердин (аракетсиздиктин) жалпыланган аталышы. Алып айтсак, француз жазык укугунда К. ж. (оордук деңгээлине жана айып таризине жараша) кылмышка, жазыкка жана бузууга бөлүнөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТУУ КИРЕШЕ – кылмыштуу жол менен табылган акчалар, баалуу кагаздар, башка материалдык, интеллектуалдык баалуулуктар же аларга болгон укуктар, ошондой эле материалдык эмес жыргалчылыктар.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТУУЛУК – кылмыштаанууда ар бири үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралган, укукка каршы иш жүзүндө жасалган баардык жосундардын жыйындысын билдирүүчү түшүнүк, ошондой эле белгилүү мыйзам ченемдүүлүктөргө, сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөргө ээ болгон массалык терс социалдык-укуктук көрүнүш.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТУУЛУК МЕНЕН КҮРӨШҮҮ – кылмыштуулукка алып келүүчү түрткүлөрдү жоюуга (азайтууга) багытталган экономикалык, саясий (анын ичинде укуктук), психологиялык, уюштуруучулук, техникалык мүнөздөгү чаралардын жыйындысы; кылмыштарды ачуу жана иликтөө (кылмышкерлерди издөө), каттоо, болтурбоо, алдыналуу; адилет жазалоону ишке ашыруу; кылмыш кылган адамдарды оңдоо; жаза тартып чыккандан кийин алардын жүрүм-турумдарын көзөмөлдөө; кылмыштардын терс натыйжаларын жоюу.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТУУЛУК ТҮЗҮМҮ – кылмыш таанууда белгилүү бир убакыт аралыгында белгилүү бир аймактагы кылмыштардын жалпы санында кылмыштардын аркыл түрлөрүнүн салыштырма салмагы (көрсөткүчү).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТУУ ШАЛААКЫЛЫК – абайсыздыктан болгон айып түрү (кара:Кылмыш олдоксондук). К. ш. жол берилгенде адам улам кийинкисине маани бербестен, коом же инсан үчүн коркунучтуу жорук жасайт, ошентсе да иштин жагдайы боюнча аны алдынала көрүп, аларды болтурбай коюшка болмок. Өзүнүн аракеттеринин (аракетсиздигинин) коомдук коркунучтуулугун алдынала көрө билүү милдети мыйзам талаптарынан, ошондой эле кызмат жана кесиптик милдеттерден, атайын укуктук эскертме эрежелерден ж. б. келип чыгат. К. ш. кокустуктан айырмалоо керек..

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТУУ ШЕРИКТЕШТИК – КР кылмыш-жаза мыйзамдары боюнча оор жана өзгөчө оор кылмыштарды такай жасоо үчүн алдынала уюшуп алган 2 же андан көп адамдардын же топтордун туруктуу бекем бирикмеси. К. ш-ти уюштурган, болбосо аны жетектеген адам аларды уюштургандыгы жана жетекчилик кылгандыгы үчүн, ошондой эле К. ш-тин жасаган баардык кылмыштары үчүн, эгер алар анын алдынала ойлонуштурулуусуна кирген болсо, кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылууга жатат. К. ш-ке кирген башка адамдар ага катышкандыгы үчүн, ошондой эле өздөрү даярдоого жана жасоого катышкан кылмыштары үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин тартышат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТУУ ШЕРИКТЕШТИК (КЫЛМЫШТУУ УЮМ) ТАРАБЫНАН ЖАСАЛГАН КЫЛМЫШ – КР кылмыш-жаза мыйзамдары боюнча оор жана өзгөчө оор кылмыштарды такай жасоо үчүн аладынала уюшуп алган (түзүлгөн) туруктуу уюмдашкан 2 же андан көп адамдардын тобу же топтор тарабынан жасалган кылмыш.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТЫ ЖААП-ЖАШЫРУУ – кылмышка катыштын бир түрү. Кылмышка байланышкан, бирок кошо катышуу болуп саналбаган иш-аракеттер түрүндө болот. К. ж-нун объективдүү тарабы кылмышкерди, кылмыш жасоонун кылмыштуу жол менен табылган заттарын, куралдарын жана каражаттарын жашыруудан көрүнөт. Бул аракеттер ал адам тарабынан тийиштүү кылмыш иши жасалып бүткөндөн кийин иштелет, ошондуктан жаап-жашыруу жасалган кылмыш жана анын кылмыштуу жыйынтыктары менен себептик байланышта турбайт. КР кылмыш-жаза мыйзамдары өзгөчө оор кылмыштарды алдынала убада кылынбаган жашыруу үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин белгилейт. Жубайын же жакын тууганын жаап-жашыргандыгы үчүн адам кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылууга жатпайт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТЫ КВАЛИФИКАЦИЯЛОО – кылмыштын курам белгилеринин кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган белгилерге шайкеш келе тургандыгына карата кылмыш-жосунуна кылмыш-жаза-укуктук баа берүү. К. к. алдынала тергөө органдары тарабынан, ал эми акыркы аныктоо сот өкүмү менен жүргүзүлөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТЫН ЖЕКЕЧЕ ТАРАБЫ – нээттенүү менен байкабастык таризиндеги өз аракеттерине же аракетсиздигине жана анын кесепеттерине карата кылмыш жасаган жактын психикалык мамилесинде мүнөздөлгөн кылмыш курамынын төрт катышынын бири. Жекече тараптын белгилери: а) күнөө; б) жүйөө; в) максат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТЫН КЫСКАРГАН КУРАМЫ – кылмыштын кыскарган курамдарында кылмыш аяктаган учур мыйзам чыгаруучу тарабынан мурдагы баскычтарга көчүрүлөт. М.: кескилик, кылмыштуу жамаатты уюштуруу.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТЫН МАТЕРИАЛДЫК КУРАМЫ – объективдүү тарабы коомдук коркунучтуу аракеттен тышкары кылмыштуу жыйынтыкты жана жосун менен жыйынтыктын ортосундагы себептик байланышты камтыган кылмыш курамы. Материалдык курамдарда кылмыш аяктаган учур мыйзамда көрсөтүлгөн кылмыштуу жыйынтыктар менен байланышкан. Айталы, м.: киши өлтүрүү жабырлануучу каза болгондо, уурдоо жана тоноо – кылмышкер башка бирөөнүн мүлкүн ээлегенде жана аны тескөөгө айкын мүмкүнчүлүк алганда аягына чыкты деп эсептелет д. у. с.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТЫН ОБЪЕКТИВДҮҮ ЖАГЫ – кылмыш тутумунун төрт элементтеринин бири; айыптуунун коомго коркунуч келтирүүчү жана кылмыш-жаза мыйзамында тыюу салынган (КР кылмыш-жаза мыйзамдарынын белгилүү бир ченемдеринде каралган) белгилүү бир иш-аракеттерди (аракетсиздикти) жасоосу.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТЫН ШАРТТУУ КУРАМЫ – шарттуу курамдарда кылмыш аяктаган учур мыйзамдын диспозициясында көрсөтүлгөн аракеттерди (аракетсиздикти) жасоо менен байланышкан жана жыйынтыкты зарыл белги катары өзүндө камтыбайт. М.: коркунучта калтыруу өмүрүнө жана денсоолугуна коркунуч туулган абалда калган жана кичинекейлигинен, карылыгынан, оорудан же болбосо өзүнүн бейкаруулугунан улам өзүн сактоого чара көрүү мүмкүнчүлүгү жок адамды билип туруп таштап кеткендигинен көрүнгөн аракетсиздик актысын жасагандан кийин аягына чыккан болуп эсептелет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ ШЕРИКТЕШТИГИН УЮШТУРУУ (КЫЛМЫШТУУ УЮМ) – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган, коомдук коопсуздукка каршы кылмыш. Ал төмөндөгүлөрдөн көрүнөт: а) оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн кылмыштуу шериктештикти (кылмыштуу уюмду) түзүүдөн – ошого тете ошондой шериктештикти (уюмду) же анын түзүмдүк курамына кирген бөлүмдөрдү жетектөөдөн, ошондой эле оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн пландарды жана шарттарды иштеп чыгуу максаттарында уюмдашкан топтордун уюштуруучуларынын, жеткечилеринин бирикмелерин түзүүдөн; же болбосо б) кылмыштуу шериктештикке (кылмыштуу уюмга) катышуудан, же болбосо уюшкан топтордун уюштуруучуларынын, жетекчилеринин же уюмдашкан топтордун башка өкүлдөрүнүн бирикмелерине катышуудан.