Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Аталып калуу, атка конуу. Апаңды тартсаң, жез таңдай атыгасың (Аалы). «Кашаң Татыбек» деп эл оозунда атыгып жүргөнү да кокусунан эмес (Байтемиров).
2. Аты чыгуу, белгилүү болуу, аты белгилүү болуу. Атыккан ырчы. Атыккан балбан.

Киргизско-русский словарь Юдахина
называться, прозываться; получать прозвание, прозвище;
канга тоюп катыккан, жана өзү кабылан Бакай атыккан фольк. насытившись кровью, он окреп и получил прозвание леопард Бакай;
карап тургун ошондо, кабылан Манас атыгат фольк. вот посмотри тогда, он назовётся леопардом Манасом.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Аталып кетүү, атка конуу. «Кашаң Татыбек» деп эл оозунда атыгып жүргөнү да кокусунан эмес (Байтемиров). Эл бүлдүрүп, журт кырып, Канды кечип катыккан, Калың элдин баарына Кан ичер болуп атыккан («Сейтек»). 2. Аты чыгуу, даңкка ээ болуу, белгилүү болуу. Атыккан мерген. Атыккан балбан. Тигил совхоз жүзүм менен атыккан (Токомбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр.-страд. от ат- III
1. быть брошенным;
2. быть выстреленным;
мылтык атылды выстрелили из ружья;
3. быть застреленным;
атылып өл- застрелиться;
4. вскочить;
ордунан атылып (он) вскочив с места;
Мырзаалы атылып туруп бийлей баштады Мырзаалы, вскочив, начал плясать;
бала атылган бойдон чыгып кетти мальчик выскочил стремглав.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АТЫЛБАС КУРАЛ – адамдын булчуңунун күчүнүн жардамы аркылуу объект менен тикелей айкашта колдонулуучу же болбосо адамдын булчуң күчү же механикалык түзүлүштөр менен алыстан багыттталып-ыргытылуучу курал.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АТЫЛМА (ОК АТУУЧУ) КУРАЛ – бул дарынын же башка бир жарылуучу заттын оталуусунан улам жаралган газдын күчү аркылуу багыттуу кыймылга келүүчү атылып чыккан нерсе менен аралыктагы бутаны жок кылууга эсептелген курал-жарак.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. щепотка;
бир атым насыбай щепотка насвая (его обычно с левой ладони бросают под язык или за губу);
2. выстрел;
жалгыз атым дары количество пороху на один заряд;
бута атым см. бута II.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кимдир бирөөнүн атагын, наамын, даражасын пайдаланып, ал аркылуу кандайдыр бир максатка жетүүнүн аракетин жасоо, бирөөнүн кадыр-баркына жамынып, өз кызыкчылыгынын камын көрүү. Ай тийбес тоодо көлөкө, Атыңды сатпа бөлөккө (Токтогул). Ал менин атымды сатып жүрсө, өзү жооп берет деди (Байтемиров). Элиңдеги жакшыны «атам» деп атын сатпай айт (фольк.).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өтө тездик менен ордунан ыргып туруу, отурган жеринен секирип козголуу. Ал оозгу үйгө башбагар замат Жамшит экөөбүз ордубуздан атып турдук (Жигитов). Калича атып туруп сыртка ашыкты (Абакиров). Аны көрө койгон Тоймат ордунан атып туруп, адатынча бир дар этип ага кучак жайды (Өмүрбаев). В.: Атып чыгуу. Дарбаза тарапта, уясында жаткан ит мени көрүп атып чыкты (Исмаилов). Коңгуроо кагылар саам класстан атып чыга жабыла чуркачубуз (Жусупов). Сыртка кантип атып чыкканымды билбейм (Мырзаев). Ал сыртты көздөй атып чыгып, ошол тейден топко кошулбаганын сезди (Ашымбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өтө тездик менен ордунан ыргып туруу, отурган жеринен секирип козголуу. Ал оозгу үйгө башбагар замат Жамшит экөөбүз ордубуздан атып турдук (Жигитов). Калича атып туруп сыртка ашыкты (Абакиров). Аны көрө койгон Тоймат ордунан атып туруп, адатынча бир дар этип ага кучак жайды (Өмүрбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. АТЫП ТУРУУ ­Дарбаза тарапта, уясында жаткан ит мени көрүп атып чыкты (Исмаилов). Конгуроо кагылар саам класстан атып чыга жабыла чуркачубуз (Жусупов). Сыртка кантип атып чыкканымды билбейм (Мырзаев). Ал сыртты көздөй атып чыгып, ошол тейден топко кошулбаганын сезди (Ашымбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
атыр I
ар.
благовония, духи;
атыр жыттуу благовонный, ароматичный.
атыр- II
то же, что аттыр- (только в сочет. с таң);
таң атырып бодрствуя до рассвета; проведя ночь без сна;
мен, таңды атырбай, изимди жашырайын я скроюсь, не дожидаясь рассвета;
күлкүлөр күндү батырып, тамаша таңды атырып фольк. в смехе проходило время до заката, в веселье - до рассвета.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. I. Алга катуу умтулуу, катуу умтула жөнөө, жулкуна умтулуу, окторулуу. Шиберди жойкуп атырылган жылан Динарга өтө коркунучтуу элес калтырды (Сыдыкбеков). Арышын керип тайгандар Атырылып жүгүргөн (Үмөталиев).
  1. 2.                  Окторулуп оргуштоо, катуу оргуп чыгуу, катуу агуу. Булактын суусу атырылып чыгып жатат. Тоо суусу атырылып агып жатат.
  2. 3.                  Жулкунуу, адыраңдоо, адыраңдап өкүм сүйлөө. — Сиз жөнү жок эле атырыла бересизби? (Убукеев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. (о лошади) скакать крупным карьером;
2. вскочить; ринуться;
атырыла туруп, маңдайына турду вскочив, он встал против него;
атырылып чыкты он выскочил (напр. из двери); он вылетел бомбой;
3. перен. наскакивать; набрасываться с бранью.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Катуу оргуштап чыгуу, оргуп агуу. Атырылган фонтан. Булактан атырылып чыккан көк кашка суулар топтолуп, чоң өзөндү жарат («Ала-Тоо»). 2. Алга карай катуу умтулуу, жулкунуу, окторулуп жөнөө, жүгүрүү. Шиберди жойкуп атырылган жыландар Динарга өтө коркунучтуу элес калтырды (Сыдыкбеков). Арышын керип тайгандар Атырылып жүгүргөн (Үмөталиев). 3. Өкүм сүйлөө, опурулуу, адыраңдап тумшугу менен бир тийүү. Сиз жөнү жок атырылбаңыз, айып кимде экенин угуңуз («Ала-Тоо»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от атырыл-;
жарманы атырылтып кайнатып жатты он так кипятил жарма (см. жарма I 3), что она брызгала;
атырылтып ат минген бул кандай чал? что это за старик, который горячит своего коня?

Киргизско-русский словарь Юдахина
атыш I
и. д. от ат- III
стрельба;
атыш жарышы соревнования по стрельбе;
атыш кыл- или атыш сал- вести стрельбу;
атыш-чабыш стрельба и сеча;
атыш-чабыш ичинен араң чыккан жулушуп фольк. из стрельбы и сечи с трудом они выбрались, продираясь.
атыш- II
взаимн. от ат- III
совместно стрелять; состязаться в стрельбе; перестреливаться;
үйрөнгөн жоо атышарга ийги (или жакшы) погов. с врагом изученным перестреливаться хорошо (напр. о споре представителей одной специальности, которые понимают друг друга).