этиш.1. Өңгүрөп, катуу үн салуу (бука, топоз жөнүндө); катуу өңгүрөп мөөрө.
2. Бакырып кыйкыруу, катуу чамынып кыйкыруу. Өкүргөндөн бакырып, Көкдөө чыкты чамынып («Эр Төштүк»).
3. Өлгөн адамга үйдө өлүгү жаткан кезде же өлүгү көмүлгөнүнө көп убакыт өтө элек мезгилдин ичинде, эскерген сөздөрүн айта, бакырып ыйлап келүү (эркектер жөнүндө). Чар тараптан эл өкүрүп келип, Бектендин үйүн кайгынын кара булуту каптады (Байтемиров).
1. (о быке, бугае) реветь; өкүрүп-бакырып ыйлады он ревмя ревел; өгүздөр өкүрүп, уйлар мөөрөшөт быки ревут, коровы мычат; 2. (о мужчине) громко плакать и причитать (покачиваясь корпусом с боку на бок, приближаясь к дому, к юрте, где есть или недавно был покойник); күйүмдүү адамы жаңы гана өлгөндөй өкүрүп өпкүлөдү он причитал и целовал так, будто у него только что умер близкий человек; өгүздүн өлгөн жерине өкүр погов. быка оплакивай там, где он издох (не ищи причин там, где их нет); көрүндө өкүрчү киши человек, который будет орать в могиле (о том, кто причиняет большое зло людям; см.Мүңкүр II); көрүңдө өкүргүр! ух, злодей ты этакий (букв. чтоб тебе в могиле реветь) !; өкүрүп өксүп ыйлады, өлүүгө жанын кыйбады фольк. он плакал навзрыд, с жизнью жалко было расставаться.
1. Өңгүрөп, катуу үн салуу (бука. топоз жөнүндө); катуу өңгүрөп мөөрөө. 2. Бакырып кыйкыруу, катуу чамынып кыйкыруу. Өкүргөндөн бакырып, Көкдөө чыкты чамынып («Эр Төштүк»). 3. Өлгөн адамга үйдө өлүгү жаткан кезде же өлүгү көмүлгөнүнө көп убакыт өтө элек мезгилдин ичинде, эскерген сөздөрүн айта жоктоп үн чыгаруу, ыйлап келүү (эркектер жөнүндө). Чар тараптан эл өкүрүп келип, Бектендин үйүн кайгынын кара булуту каптады (Байтемиров).
Бул сөз ө+күр бөлүктөрүнөн куралган. Ө деген добушту туураган сөзгө этиш жасоочу -кыр мүчөсү уланып, өкүр сөзү жасалган. Мындай мүчө бакыр (<ба+кыр), үшкүр (<үш+күр), чүчкүр (<чүч+күр), айкыр ( <ай+кыр) сыяктуу сөздөрдө да катышат.
1. бежать неуклюжим карьером (о быке, корове, телёнке); трястись (по плохой дороге - о телеге, автомобиле); өкүрөңдөп келаткан автомобиль автомобиль, двигающийся вихляющим ходом (напр. по буеракам); 2. перен. набрасываться с бранью; мага курулай өкүрөңдөбө ты на меня ни с того ни с сего не набрасывайся.
1. Өкүрөң-өкүрөң этип чуркоо, басуу. Өгүз минип өкүрөңдөгөн балдар кетип баратат («Эр Табылды»). 2. өт. Жөнү жок эле урушуп, тилдеп кирүү. Сен мага эмне эле өкүрөңдөп калдың, дайны жок өкүрөңдөбө.
понуд. отөкүрөңдө-; өгүздү өпкөгө тепкилеп, өкүрөңдөтүп келатат он скачет на быке, то и дело ударяя его ногами в бока; өгүздү камчыланып тегерене өкүрөңдөттү он носился вокруг, нахлёстывая плетью быка (на котором сидел).
понуд. отөкүр-; өгүздөй өкүртүп сабады он бил смертным боем (букв. бил так, что избиваемый ревел как бык); буканы өкүрткөн эки энек погов. быка заставляют реветь два семенника (в переносном смысле говорится и о богаче или власть имущем); жумушту өкүртүп иштедик мы здорово поработали.
1. рёв (гл. обр. быка, бугая); буканын өкүрүгү угулду послышался рёв быка; 2. (о мужчине) громкий плач с причитаниями (гл. обр. при приближении к дому, к юрте, где есть или недавно был покойник); өкүрүк сал- громко плакать с причитаниями; бейитин көрүп алыптыр, безилдешип кырк жигит, өкүрүктү салыптыр фольк. увидели сорок витязей надгробие (своего богатыря) и в сильном волнении громко заплакали и запричитали; өкүрүк-бакырык крики-выкрики; өкүрүк-бакырык менен эшикке карай басты он с криками и выкриками направился к двери.
зат. Бакырык, кыйкырык, өкүрүп ыйлагандык; өлгөн кишиге өкүрүп баргандагы чыккан чуу. Өөдө-төмөн туйлады, Чалкуйруктун айынан Өкүрүк салып ыйлады («Эр Төштүк»). Шамырбектин айылы тараптан жер дүңгүрөткөн өкүрүк чыкты (Жантөшев). Казанчынын үйүнөн өлүмдүн кабары — өкүрүк угулду (Аалы).
1. Өңгүрөп катуу чыккан үн, катуу мөөрөгөн үн. Анча көп өтпөй буканын мөөрөгөн өкүрүгү тиги өйүздөн угулду (Турсунов). 2. Бакырык, кыйкырык, чамынып албууттанып, жинденип, кыйкырып бакыргандык. Шамырбектин айылы тараптан жер дүңгүрөткөн өкүрүк чыкты (Жантөшев). Казанчынын үйүнөн өлүмдүн кабары – өкүрүк угулду (Токомбаев). Акмат тебетейи менен жер сабап өкүрүп калды (Саспаев). 3. Бакырып-өкүрүп ыйлагандык, өңгүрөп боздоп кыйкырып ыйлагандык. Өлгөн кишиге өкүрүп баргандагы чыккан үн, ызы-чуу. Өөдө-төмөн туйлады, Чалкуйруктун айынан Өкүрүк салып ыйлады («Эр Төштүк»). Бейитин көрүп алыптыр, безилдешип кырк жигит, өкүрүктү салыптыр (фольк.).
өкүрүш I и. д. отөкүр- громкий плач (мужчин) с причитаниями (см.өкүр- 2, өкүрүк 2); өкүрүшкө тете оолжуган он покачивался из стороны в сторону, будто оплакивая. өкүрүш- II взаимн. отөкүр-.