Киргизско-русский словарь Юдахина
1. рёв (гл. обр. быка, бугая);
буканын өкүрүгү угулду послышался рёв быка;
2. (о мужчине) громкий плач с причитаниями (гл. обр. при приближении к дому, к юрте, где есть или недавно был покойник);
өкүрүк сал- громко плакать с причитаниями;
бейитин көрүп алыптыр, безилдешип кырк жигит, өкүрүктү салыптыр фольк. увидели сорок витязей надгробие (своего богатыря) и в сильном волнении громко заплакали и запричитали;
өкүрүк-бакырык крики-выкрики;
өкүрүк-бакырык менен эшикке карай басты он с криками и выкриками направился к двери.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Бакырык, кыйкырык, өкүрүп ыйлагандык; өлгөн кишиге өкүрүп баргандагы чыккан чуу. Өөдө-төмөн туйлады, Чалкуйруктун айынан Өкүрүк салып ыйлады («Эр Төштүк»). Шамырбектин айылы тараптан жер дүңгүрөткөн өкүрүк чыкты (Жантөшев). Казанчынын үйүнөн өлүмдүн кабарыөкүрүк угулду (Аалы).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Өңгүрөп катуу чыккан үн, катуу мөөрөгөн үн. Анча көп өтпөй буканын мөөрөгөн өкүрүгү тиги өйүздөн угулду (Турсунов). 2. Бакырык, кыйкырык, чамынып албууттанып, жинденип, кыйкырып бакыргандык. Шамырбектин айылы тараптан жер дүңгүрөткөн өкүрүк чыкты (Жантөшев). Казанчынын үйүнөн өлүмдүн кабары – өкүрүк угулду (Токомбаев). Акмат тебетейи менен жер сабап өкүрүп калды (Саспаев). 3. Бакырып-өкүрүп ыйлагандык, өңгүрөп боздоп кыйкырып ыйлагандык. Өлгөн кишиге өкүрүп баргандагы чыккан үн, ызы-чуу. Өөдө-төмөн туйлады, Чалкуйруктун айынан Өкүрүк салып ыйлады («Эр Төштүк»). Бейитин көрүп алыптыр, безилдешип кырк жигит, өкүрүктү салыптыр (фольк.).