Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Өңгүрөп катуу чыккан үн, катуу мөөрөгөн үн. Анча көп өтпөй буканын мөөрөгөн өкүрүгү тиги өйүздөн угулду (Турсунов). 2. Бакырык, кыйкырык, чамынып албууттанып, жинденип, кыйкырып бакыргандык. Шамырбектин айылы тараптан жер дүңгүрөткөн өкүрүк чыкты (Жантөшев). Казанчынын үйүнөн өлүмдүн кабары – өкүрүк угулду (Токомбаев). Акмат тебетейи менен жер сабап өкүрүп калды (Саспаев). 3. Бакырып-өкүрүп ыйлагандык, өңгүрөп боздоп кыйкырып ыйлагандык. Өлгөн кишиге өкүрүп баргандагы чыккан үн, ызы-чуу. Өөдө-төмөн туйлады, Чалкуйруктун айынан Өкүрүк салып ыйлады («Эр Төштүк»). Бейитин көрүп алыптыр, безилдешип кырк жигит, өкүрүктү салыптыр (фольк.).