Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Бакырык, кыйкырык, өкүрүп ыйлагандык; өлгөн кишиге өкүрүп баргандагы чыккан чуу. Өөдө-төмөн туйлады, Чалкуйруктун айынан Өкүрүк салып ыйлады («Эр Төштүк»). Шамырбектин айылы тараптан жер дүңгүрөткөн өкүрүк чыкты (Жантөшев). Казанчынын үйүнөн өлүмдүн кабарыөкүрүк угулду (Аалы).