Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Өңгүрөп, катуу үн салуу (бука. топоз жөнүндө); катуу өңгүрөп мөөрөө. 2. Бакырып кыйкыруу, катуу чамынып кыйкыруу. Өкүргөндөн бакырып, Көкдөө чыкты чамынып («Эр Төштүк»). 3. Өлгөн адамга үйдө өлүгү жаткан кезде же өлүгү көмүлгөнүнө көп убакыт өтө элек мезгилдин ичинде, эскерген сөздөрүн айта жоктоп үн чыгаруу, ыйлап келүү (эркектер жөнүндө). Чар тараптан эл өкүрүп келип, Бектендин үйүн кайгынын кара булуту каптады (Байтемиров).