Киргизско-русский словарь Юдахина
куш I
(ср. чымчык, илбээсин)
1. хищная птица, ловчая птица, сокол (общее название);
эт жебеген куш болбойт погов. такой хищной птицы, которая бы не ела мяса, нет (если мяса не ест, то уже к разряду куш не относится);
куш сал- пускать ловчую птицу, охотиться с ловчей птицей (но не с беркутом);
куштун алганынан салганы кызык погов. пуск ловчей птицы (на добычу) интереснее, чем то, что она поймает (т.е. интересен сам процесс охоты);
катын ишин билет, эркек кушун билет погов. женщина своим (домашним) делом заправляет, мужчина соколами ведает;
кууну кушка жегизбе
1) не позволяй соколу есть лебедя;
2) перен. не позволяй сильному обижать слабого;
куш боо путлища ловчей птицы;
куш бооң бек болсун! да будут крепки путлища твоей ловчей птицы! (пожелание молодожёну прочного брака);
2. самка ястреба-тетеревятника;
куш-ургаачы, чүйлү-эркек - бир уянын баласы ястреб-тетеревятник самка, ястреб-тетеревятник самец - дети одного гнезда;
3. птица (общее название);
төө куш страус;
ала куш название птицы;
бөдөнө деген кайран куш перепёлка - бедненькая птичка;
кара куш
1) степной орёл (для охоты не годится);
кара куш кардына карайт, шумкар чабытына карайт погов. орёл на своё брюхо смотрит, кречет - на добычу;
2) затылочная кость, верхняя часть затылка (где помещается мозжечок);
кара куш - талуу жер затылок - убойное (уязвимое) место;
кара кушу калкандай затылок у него, как щит (широк);
буураны кара кушка чапты он стегнул верблюда по затылку;
кара кушка чапкандай, көздөрү караңгылады у него в глазах помутилось, будто ударили по затылку;
алп кара куш название огромной сказочной птицы, которая помогает спасению положительных персонажей;
үй куштары домашняя птица;
куштаймын я совершенно здоров (букв. как ловчая птица);
дөөлөт кушу миф. птица счастья;
дөөлөт кушу башында он вполне счастлив и всем доволен (обеспечен материально и уважаем в обществе);
дөөлөт кушу конду ему привалило счастье;
улуу куш священная птица (видимо, улар);
улуу куш этин жедимби! фольк. то ли мяса священной птицы я поел! (что смерть меня не берёт; так говорит одинокий, одряхлевший от старости человек, терпящий нужду и унижения);
куш атар дробовое ружьё;
куш жастык перьевая подушка;
куш уйку соловьиный сон (чуткий и короткий - гл. обр. у всадника в седле);
куш уйку салып вздремнув;
кичинекей куш үйкү салып алайын вздремну-ка я малость;
куш тилиндей кабар весточка;
куш тилиндей кагаз письмецо, записочка;
куш-курт то же, что кушкурт;
куш мурун см. мурун I;
ит-куш см. ит.
куш II
ир.:
куш келипсиз! добро пожаловать!;
кушу жок у него нет желания; у него душа не лежит;
экөөбүздүн бири-бирибизге анчалык кушубуз жок мы друг к другу особых симпатий не питаем.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Канаттуулардын жалпы наамы. Үй куштары. Суу куштары. Сайроочу куштар. Дайыма малдын этин жеп жүргөн кишиге куштун эти кандай сонун (Каимов).
2. Кекилик, чил сыяктуу илбээсиндерди алуучу жырткыч канаттуу. Мүнүшкөр болгон адамга Алгыр чыккан куш жакшы (Жантөшев).
¨ Алп кара куш — жомоктордо айтылуучу, көбүнчө кишилерге жардам кылуучу эн зор, алгыр канаттуу. Кара куш — 1) аңчылыкка жарабай турган ири куштар. Кара куш кардына карайт, шумкар чабытына карайт (макал); 2) баштын желке жаккы бөлүгү. Тели куш — тентиген, туругу жок куш деген мааниде. Тели куш багып куш кылдым, Тентигенди журт кылдым («Эр Төштүк»). Тоту куш к. тоту. Төө куш — тез жүгүрүүгө ылайыкталган узун буттуу, учууга жөндөмү жок, ысык өлкөлөрдө жашоочу чоң куш. Куш уйку к. уйку. Куш боо бек болсун — жаңы аял алган кишиге куттуктап айтылуучу сөз. Куш боо бек болсун!деп Жанболот солдаттын колун бекем кармады (Шимеев). Куш кат к. кат. Куш эт — эти, денеси жылма эмес, майда бүдүрлүү.
КУШ II: куш келипсиз, куш келипсиздер же кош келиңиздер — меймандостук менен сылык күтүп алууда колдонулат.

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
куш (зат а.)
куш баш (кучмач эмес)
куш безгеги (а. ч.)
куш боо
куш боо бек болсун!
куш жаздык
куш жем
куш жүнү (а. ч.)
куш келтеси (а. ч.)
куш күйүү
куш күйүүчү (саятчы)
куш мурун
куш тилиндей
куш тумоо (а. ч.)
куш тумшук (зоол.)
куш уйку
куш үкүлөр (зоол.)
куш ылаң (а. ч.)
куш эти

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Учпай турган канаттуулар да бар экендиги белгилүү. Маселен, пингвин, үй канаттуулары. Бирок көпчүлүк канаттуулар уча алат. Маселен, жалаң эле куштар эмес, чымын-чиркейлер, көпөлөктөр, коңуздар, чегирткелер ж. б. Азыркы кезде мотордун жардамы менен уча турган самолёттор да жаралды. Ошондой болсо да куштардын уча тургандыгы жөнүндөгү түшүнүк баарынан артыкчылык кылат. Ошондуктан арабдар т-й-р деген уңгу аркылуу уч этишин да, кушту да туюнтат. Иран тилиндегилер болсо пари сөзү аркылуу түркчө «уч» деген маанини түшүнсө, андан жасалган парранда сөзү аркылуу «кушту» түшүндүрөт. Түрк тилинде сүйлөгөн элдердин ичинен якуттарда гана куш деген маани көтөр сөзү аркылуу туюнтулат. Кус сөзү якут тилинде «өрдөктү» туюнтат. Якутча көтөр сөзү мааниси боюнча учар дегенге туура келет. Мындан байыркы арабдар, ирандар жана якуттар уч деген кыймыл менен кушту бирдикте түшүнгөнү даана байкалат. Байыркы түрктөр да ушундай түшүнгөн окшойт. Ал мындайча далилденет. Түрк тилдеринин баарында уч этиши бирдей айтылбайт. Көпчүлүгүндө аягы ч тыбышы менен бүткөн түрү колдонулат; түркмөн, түрк, азербайжан, гагауз, татар, кумык, карачай-балкар, кыргыз, өзбек, уйгур, алтай тилдеринде — уч. Айрымдарында ш тыбышы менен аяктаган сөз айтышат: ногой, кара калпак, тува, казак тилдеринде уш. Хакас, башкыр тилдеринде ус түрүндө болсо, барабин татарларында, кюректерде, то боль татарларында, караимдердин говорлорунда уц, чувашча веч болуп айтылганы кезигет. Архетип куч түрүндө айтылган. Ал уч деген кыймыл-аракетти билдирүү менен бирге, ошол кыймыл-аракетти жасаган заттын атын да туюнткан. Мындай синкретизмдик кубулуштар байыркы түрк тилинде арбын колдонулган. Азыркы көч, ич, ой сыяктуу бирдей эле формада туруп, этиштик да, зат атоочтук да маани берген сөздөр ошолордун калдыгы болуп эсептелет. Дал ушулар сыяктуу эле куч сөзү да байыркы кезде кыймыл-аракетти да, затты да билдирген деп болжол кылууга болот. Кийин бир эле сөз аркылу андай эки маанини туюнтуу жолто боло баштаганда, аларды бири-биринен айырмалоо үчүн атайын ыкмалар колдонулган. Ал үчүн куч сөзүнүн аягындагы ч тыбышы өзүнө өтө окшош болгон башка тыбыштарга (ш, с) алмаштырылган. Натыйжада куш, кус сыяктуу сөздөр жаралган. Бирок алар да жетишсиздик кылганда сөздүн башындагы тыбышын түшүргөн. Ошондо пайда болгон куш, кус деген зат атооч сөз уч, уш, ус, уц деген этиштерден таптакыр айырмалууу болууга жетишкен. Ошондой болсо да азыркы кучкач деген чымчыктын атында байыркы кездин калдыгы болгон ч жана ш тыбыштарынын алмашуусу сакталып кала берген.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Океан, деңиз жээктериндеги тик аскаларда, аскалуу жарларда деңиз куштарынын (кайра, чардак, эселектер, пингвин ж. б.) колония түрүндө уялашы. Айрым куш базарлар ондогон км ге созулуп, анда жүз миңдеген куштар болот.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жаңы аял алган кишини куттуктоо, жакшы тилек, жакшы каалоо айтуу маанисинде колдонулат. Э, Нурмат байбача, куш боо бек болсун! - деген табыш чыкты (Жантөшев). - Куш боо бек болсун, куттуктайм! - деп Жанболот солдаттын колун бекем кармады (Шимеев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жаңы үйлөнгөн кишини куттуктоо, жакшы тилек, жакшы каалоо айтуу маанисинде колдонулат. Э, Нурмат байбача, куш боо бек болсун! – деген табыш чыкты (Жантөшев). – Куш боо бек болсун, куттуктайм! – деп Жанболот солдаттын колун бекем кармады (Шимеев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Канаттуулардын жалпы наамы. Үй куштары. Сайроочу куштар. Суу куштары. Жырткыч куштар. Алгыр куштар. Келгин куштар сайрап, гүлдүү чөптөрдүн атыр жыты буркурайт (Сасыкбаев). 2. Кекилик, чил, коён ж. б. илбээсиндерди алдыруу үчүн таптап салына турган жырткыч, алгыр канаттуунун ургаачысы (эркеги чүйлү деп аталат). Куш – ургаачы, чүйлү –эркек Бир уянын баласы (Каралаев). Мүнүшкөр болгон адамга Алгыр чыккан куш жакшы (Жантөшев).

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
<пер. гөшт «эт» + ар. ханэ «имарат»; алкы бузук жан бактыларды «кушкананын дөбөтүндөй» дешип, шылдыӊдашар эле» (Малаев 2011:101). «Мал союу жана союлган малдын эттерин белгилүү тартиби боюнча жөнгө келтирүү жумуштарын аткара турган иш жайы» (КТС 2015:111). Мындагы биринчи компонент кыргыз тилинин түштүк диалектисинде «гөш» түрүндө колдонулат. Ошентип, бир эле иранизм «куш» жана «гөш» болуп эки түрдүү кабыл алынып калган.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Сиңимдүү, оңой сиңе турган. 2. өт. Таттуу, ширин. Арзан тамак пыяздан, Барып алып жээрсиңер, Кубангандан барыңар, Кушкер экен дээрсиңер (Тоголок Молдо). Эненин бул сөзүндө: «үйлөнсөң боло, кушкер тамак жегиң келсе» – деген купуя кеңеш, тымызын пикир билдирүү бар эле (Мавлянов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
(ср. в некоторых тюркских языках курд волк)
животные, животный мир, живые существа (за исключением человека и домашних животных);
жер-суу, кушкурт земля, вода и животные (живая и мёртвая природа).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КУШ-МУРУН — топоним. Көкөтөйдүн уулу Бокмурун атасынын ашын берүү үчүн көчүп өткөн жерлердин бири. «Бакты-Куурай басамын, Куш-Мурун тоосун ашамын» (Радлов жазып алган вариант 147),— деп айтылат. Географиялык реалияда Кегендин түндүк алабындагы тоо.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир кызыккан нерсесин көрүүгө, ага жетүүгө, ээ болууга ж. б. дилгир, ынтызар. Улуу-кичүүлөр Алтынай эженин күүсүн угуп, өзүн көрүшкө куштар (Сыдыкбеков). Карысам да мейли деп, Куштар болом оюнга (Тоголок Молдо).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Кичинекей, тырмактай, аз гана. Куш тилиндей бир нерсе тийген го колуна. 2. Кичинекей, аз гана, кыскача жазылган кат, кабар ж.б. Тентектикти коёлу да, кыздын өзүнөн куш тилиндей кабар алалы, - деди Сулайман (Сыдыкбеков). Ал көз айнегин аарчып, арсаңдатып жазылган куш тилиндей кагазды калтыратып кармап турду (Саатов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кичинекей, тырмактай, аз гана. Куш тилиндей бир нерсе тийген го колуна. 2. Кичинекей, аз гана, кыскача жазылган кат, кабар ж. б. Тентектикти коёлу да, кыздын өзүнөн куш тилиндей кабар алалы, – деди Сулайман (Сыдыкбеков). Ал көз айнегин аарчып, арсаңдатып жазылган куш тилиндей кагазды калтыратып кармап турду (Саатов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көңүлү шат, жайдары, куунак. Кишинин бары кушубак, Кубанычтуу болушуп («Манас» С. О.). Эмгекке болуп кушубак, Шаттанып талаа термелди (Бөкөнбаев). Бүгүн Кулбаш аксакал өзгөчө сыймыктана басып, абдан кушубак (Абдукаримов). – Кушубак бол, үкө Жан! Кай бир чабыр жылкылардын көтөрүм болоюн деп калганы болбосо, башкасы аман (Жантөшев). Кушубак кылып отурган экен.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бир аз тук этип алма, көз илинип ала коймо, кыска, сергек уйку. Кален ушул күнү кичине куш уйку салып алды (Укаев). Нинанын сөзүнөн улам, кушуйкудан чочуп ойгонгон эмедей селт этти (Саатов). Чыканактап калды эле, Куш уйкуну салды эле («Манас»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир аз тук этип алма, көз илинип ала коймо, кыска, сергек уйку. Кален ушул күнү кичине куш уйку салып алды (Укаев). Нинанын сөзүнөн улам, куш уйкудан чочуп ойгонгон эмедей селт этти (Саатов). Чыканактап калды эле, куш уйкуну салды эле («Манас»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Каркыттап, бөпөлөп багуу, өтө ардактап мамиле жасоо. Ал бирөөнүн куш учурбай ардактаган жалгызы эле («Чалкан»). Жалгыз кызынын көзүн карап, куш учурбай, «сен эле аман болсоң - биздин байлыгыбыз, тирлигибиз ошо!»-деше турган ата-энеси (Өмүрбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Каркыттап, бөпөлөп багуу, өтө ардактап мамиле жасоо. Ал бирөөнүн куш учурбай ардактаган жалгызы эле («Чалкан»). Жалгыз кызынын көзүн карап, куш учурбай, «сен эле аман болсоң – биздин байлыгыбыз, тирлигибиз ошо!» – деше турган ата-энеси (Өмүрбаев).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КУШЧУ, кутчу — кыргыз элинин сол канатына кирген негизги уруулардын бири, алардын малдарга баса турган тамгасы тегерек формада болгон. К. тамгасы менен Чыгыш Түркстанда жашаган уруулардын бири пу-гулардын (бугулардын) тамгасы өтө окшош. Демек, К. байыркы уруулардын бири. Этнограф С. М. Абрамзон кыргыз элинин 6 — 11-кылымдардагы биринчи катмарындагы урууларга К-ну да кошкон. Бул илимпоз К. Батыш түрк кагандыгындагы (7-к.) Иле суусунун батыш тарабында жашаган нушибилердин арасындагы гэшулар менен окшоштурган. К. Моголистан мамлекетиндеги (14 — 16-кылымдар) ири уруулардын бири. Алар кыргыз элинин түзүлүшүнө чоң роль ойногон. «Манас» үчилтигинин айрым эпизоддорунда К. уруусу да эскерилет.