КУШ
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаУчпай турган канаттуулар да бар экендиги белгилүү. Маселен, пингвин, үй канаттуулары. Бирок көпчүлүк канаттуулар уча алат. Маселен, жалаң эле куштар эмес, чымын-чиркейлер, көпөлөктөр, коңуздар, чегирткелер ж. б. Азыркы кезде мотордун жардамы менен уча турган самолёттор да жаралды. Ошондой болсо да куштардын уча тургандыгы жөнүндөгү түшүнүк баарынан артыкчылык кылат. Ошондуктан арабдар т-й-р деген уңгу аркылуу уч этишин да, кушту да туюнтат. Иран тилиндегилер болсо пари сөзү аркылуу түркчө «уч» деген маанини түшүнсө, андан жасалган парранда сөзү аркылуу «кушту» түшүндүрөт. Түрк тилинде сүйлөгөн элдердин ичинен якуттарда гана куш деген маани көтөр сөзү аркылуу туюнтулат. Кус сөзү якут тилинде «өрдөктү» туюнтат. Якутча көтөр сөзү мааниси боюнча учар дегенге туура келет. Мындан байыркы арабдар, ирандар жана якуттар уч деген кыймыл менен кушту бирдикте түшүнгөнү даана байкалат. Байыркы түрктөр да ушундай түшүнгөн окшойт. Ал мындайча далилденет.
Түрк тилдеринин баарында уч этиши бирдей айтылбайт. Көпчүлүгүндө аягы ч тыбышы менен бүткөн түрү колдонулат; түркмөн, түрк, азербайжан, гагауз, татар, кумык, карачай-балкар, кыргыз, өзбек, уйгур, алтай тилдеринде — уч. Айрымдарында ш тыбышы менен аяктаган сөз айтышат: ногой, кара калпак, тува, казак тилдеринде уш. Хакас, башкыр тилдеринде ус түрүндө болсо, барабин татарларында, кюректерде, то боль татарларында, караимдердин говорлорунда уц, чувашча веч болуп айтылганы кезигет.
Архетип куч түрүндө айтылган. Ал уч деген кыймыл-аракетти билдирүү менен бирге, ошол кыймыл-аракетти жасаган заттын атын да туюнткан. Мындай синкретизмдик кубулуштар байыркы түрк тилинде арбын колдонулган. Азыркы көч, ич, ой сыяктуу бирдей эле формада туруп, этиштик да, зат атоочтук да маани берген сөздөр ошолордун калдыгы болуп эсептелет. Дал ушулар сыяктуу эле куч сөзү да байыркы кезде кыймыл-аракетти да, затты да билдирген деп болжол кылууга болот.
Кийин бир эле сөз аркылу андай эки маанини туюнтуу жолто боло баштаганда, аларды бири-биринен айырмалоо үчүн атайын ыкмалар колдонулган. Ал үчүн куч сөзүнүн аягындагы ч тыбышы өзүнө өтө окшош болгон башка тыбыштарга (ш, с) алмаштырылган. Натыйжада куш, кус сыяктуу сөздөр жаралган. Бирок алар да жетишсиздик кылганда сөздүн башындагы тыбышын түшүргөн. Ошондо пайда болгон куш, кус деген зат атооч сөз уч, уш, ус, уц деген этиштерден таптакыр айырмалууу болууга жетишкен. Ошондой болсо да азыркы кучкач деген чымчыктын атында байыркы кездин калдыгы болгон ч жана ш тыбыштарынын алмашуусу сакталып кала берген.