Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
<пер. гөшт «эт» + ар. ханэ «имарат»; алкы бузук жан бактыларды «кушкананын дөбөтүндөй» дешип, шылдыӊдашар эле» (Малаев 2011:101). «Мал союу жана союлган малдын эттерин белгилүү тартиби боюнча жөнгө келтирүү жумуштарын аткара турган иш жайы» (КТС 2015:111). Мындагы биринчи компонент кыргыз тилинин түштүк диалектисинде «гөш» түрүндө колдонулат. Ошентип, бир эле иранизм «куш» жана «гөш» болуп эки түрдүү кабыл алынып калган.