соколятник, охотник с ловчей птицей.
КУШЧУ, кутчу — кыргыз элинин сол канатына кирген негизги уруулардын бири, алардын малдарга баса турган тамгасы тегерек формада болгон. К. тамгасы менен Чыгыш Түркстанда жашаган уруулардын бири пу-гулардын (бугулардын) тамгасы өтө окшош. Демек, К. байыркы уруулардын бири. Этнограф С. М. Абрамзон кыргыз элинин 6 — 11-кылымдардагы биринчи катмарындагы урууларга К-ну да кошкон. Бул илимпоз К. Батыш түрк кагандыгындагы (7-к.) Иле суусунун батыш тарабында жашаган нушибилердин арасындагы гэшулар менен окшоштурган. К. Моголистан мамлекетиндеги (14 — 16-кылымдар) ири уруулардын бири. Алар кыргыз элинин түзүлүшүнө чоң роль ойногон. «Манас» үчилтигинин айрым эпизоддорунда К. уруусу да эскерилет.
1. Куштун табын билген жана аны таптап салган адам, мүнүшкөр. Ат багуучу кошчусу, Таптаган шумкар кушчусу («Эл адабияты»). 2. тар. Кыргыздын сол канатындагы ири уруу.