КУШУБАК
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Көңүлү шат, жайдары, куунак. Кишинин бары кушубак, Кубанычтуу болушуп («Манас» С. О.). Эмгекке болуп кушубак, Шаттанып талаа термелди (Бөкөнбаев). Бүгүн Кулбаш аксакал өзгөчө сыймыктана басып, абдан кушубак (Абдукаримов). – Кушубак бол, үкө Жан! Кай бир чабыр жылкылардын көтөрүм болоюн деп калганы болбосо, башкасы аман (Жантөшев). Кушубак кылып отурган экен.